Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:22

АКШнын Нью-Йорк жана Вашингтон шаарларында дүйнөдөгү эң ири масштабдагы террордук чабуул жасалганына туура он жыл болду.

Анын натыйжасында террорчулукка каршы коалиция түзүлүп, Ооганстандагы “ал-Каида” жана “Талибандын” очогуна сокку урулган. Ага чейин буга окшогон коркунучтарды башынан кечирген Кыргызстан террорчулукка каршы күрөшүү күчтөрүнүн аскер-аба базасын ачууга уруксат берген.


Дүйнөдөгү эң ири террордук акт


2001-жылдын 11-сентябрь күнү эртең менен барымтага алынган эки учак Нью-Йорктогу дүйнөлүк соода борборунун көк тиреген эки имаратын сүзүп, талкалап кирип кеткен. Анын натыйжасында эки зор имарат кулап түшүп, жанындагылардын бардыгын басып калган. Жыйынтыгында үч миңге жакын адам каза таап, миңдеген адамдар жарадар болушкан. Бул террордук актыны “ал-Каида” уюму мойнуна алып, он тогуз адамдан турган жанкечтилердин тобу аны ишке ашыргандыгы кийин белгилүү болду.

9/11 Ааламды титиреткен алаамат

x
Барымтага алынган дагы бир учак бир нече убакыттан соң Вашингтондогу Пентагондун имаратын барып сүзгөн. Мына ушул окуядан кийин АКШ НАТОго кирген мамлекеттер менен бирдикте Ооганстанда антитеррористтик операцияларды баштаган. Ал жактагы аракеттерди колдоо үчүн Өзбекстандын Ханабадында жана Кыргызстандын “Манас” аба майданында НАТОнун аскер-аба базалары ачылган.

Ошол учурдагы Жогорку Кеңештин депутаты Ишенбай Кадырбеков террорчулукка каршы күрөшүүгө көмөктөшүү үчүн учурунда ошол демилгени парламент колдоп бергендигине токтолду:

- Мына ошол учурда эл аралык террорчулук деген коркунуч дүйнө жүзүндө өтө маанилүү боло баштаган болчу. Мына ошондуктан антитеррористтик коалициялык күчтөрдүн Ооганстандагы операцияларын колдоо зарылдыгы турду. Муну бир гана биз эмес, көпчүлүк КМШ өлкөлөрү колдоп чыгышкан. Бизде парламенттик көпчүлүк бул келишимди карап, анын ошол учурдагы зарылдыгынан улам колдоп бергенбиз. Бирок бул база ошол учурда убактылуу гана иштеп турат деген негиз менен коюлган болчу.


“Өзүнө күч келбегендин өзгө менен иши жок”


“Талибан” кыймылы жетектеп турган Ооганстандын аймагында “ал-Каида” баштаган эл аралык террорчул уюмдардын базалары жайгашкандыгы боюнча маалымат ага чейин эле белгилүү болгон. КМШга кирген мамлекеттер “Талибан” тараптан болгон коркунучтан улам, жарандык согуш эми гана токтогон Тажикстандын түштүк чек-арасын бекемдөө маселесин көтөрүп келишкен болчу.

Талдоочу Орозбек Молдалиев бирок ошол учурда дүйнөлүк державалар аймактагы коопсуздук маселесине анчейин көңүл бурушпагандыгын белгиледи:

- Дүйнөлүк соода борборунун “эгиздер” мунараларын учак менен сүзүп, талкалап, ойронун чыгарганга чейин АКШ деле Ооганстандагы абалга кош көңүл болчу. Бул жерде террористтик базалар ачылып жатат, чогуулап чара көрөлү деген Борбор Азия мамлекеттеринин лидерлеринин өтүнүчтөрүнө чоң державалар маани бербегендей мамиле кылып коюшчу. Бул эми түшүнүктүү. Ар ким өзүнө тикелей коркунуч келмейинче ага анчейин маани бербейт эмеспи.

Ал гана эмес Ооганстандагы жашыруун базаларда Борбор Азия мамлекеттеринен тартылып барышкан адамдарды жоочу катары даярдоо иштери жүрүп жаткандыгы боюнча маалыматтар болгондугуна карабастан жамааттык негизде жергиликтүү өкмөттөр буга чара көрө алышпагандыгы айтылып жүрөт. Буга ошол учурдагы республика жетекчилеринин өз ара келишпестиги жана алардын кырдаалды баалоодогу аксаган абалы себеп болгон.

Кыргызстандын ошол учурдагы коопсуздук министринин орун басары Мирослав Ниязов кетирилген кемчиликтер туурасында мына буларга токтолду:

- Биз Ооганстандагы Мазари-Шарифте резидентура ачышыбыз керек деп Аскар Акаевге жана өкмөт башчысы Апас Жумагуловго кат жазган болчумун. Бирок 1995-жылы, 1996-жылы дагы бул маселеге алар көңүл бурбай койушту. Биз ошондо болгону ал жактан алдын ала маалымат алып туруш үчүн резидентураны кармаганга жылына 300 миң сом сураган болчубуз. Бирок аны угушкан жок. Натыйжада согушчандар кирип келип, биз ага даяр эмес болуп чыктык.


Күч түзүмдөрүндөгү жаңылыштыктар

АКШга болгон чабуулдан 1-2 жыл мурун катары менен Кыргызстан террордук коркунучту баштан кечирген. Учурунда “бизге куралдуу күчтөрдүн кереги” жок деп чыккан өлкөнүн саясий жетекчилиги капыстан кирип келген жоочулардын соккусуна даяр эмес болуп чыкты. Кыргызстан жетимиштен ашуун аскеринен ажырап, жоочуларды жок кылууга багытталган миллиондогон сом каражат бейдарек чыгымдалгандыгы азыркыга чейин айтылып жүрөт.

Ошол мезгилдеги ички иштер министри Өмүрбек Кутуев эл аралык террорчулук менен күрөшүү тажрыйбасынын жоктугу Кыргызстанды кыйла алдастатып койгондугун эске салды:

- Аны жөн эле атайын операция катары ИИМ менен УКМКнын күчү менен эле согушчандарды жок кылсак болот эле. Анын ордуна биздикилер олчойгон аскер техникасын алып барышып, миңдеген адамдарды ал жакка жөнөтүшкөн. Ойлоңузчу, Зардалынын тоолоруна тягачтын же танктын кереги бар беле? Башында ал жакта он сегиз эле согушчан жаткан. Кийин аскерлердин киргенинен чочулап тигил жактан кошумча күчтөр келбедиби. Анан калса бул жактан буйруктар чыгып, коргоо министри Мырзакан Субанов менен анын орун басары Исмаил Исаковду кызматтан алышты, мени болсо Чоң-Алайга койушту. Анан ал жакты Эсен Топоев менен Болот Жанузаков башкарып калбадыбы.

1999 жана 2000-жылдары Баткен аймагына бастырып киришкен жоочулар менен болгон салгылаштардын жыйынтыгын Кыргызстандын ошол кездеги президенти Аскар Акаев жаш мамлекеттин жеңиши катары баалаган. Бирок эки жыл катары менен бүтүндөй өлкөнү тик тургузган жүздөн ашып-ашпаган жоочулар менен болгон кармашка эки миңден ашуун аскердин каршы туруп, чоң жоготууларга учурагандыгы өлкөнүн ошондогу коргонуу жөндөмдүүлүгү кандай абалда болгондугунан кабар берет.

Талдоочу Орозбек Молдалиев коалициялык күчтөрдүн Кыргызстанда аскер-аба базасын ачышы өлкөнүн коопсуздугуна өбөлгө түздү деп эсептейт:

- Алар “Талибан” менен “ал-Каиданын” негизги күчтөрүн талкалагандан кийин бизге ошондон эки жыл мурун кайталангандай кол салуулар болбой калды. Муну биз азыр унутуп калдык. Коалициялык күчтөрдүн базасын жайгаштыргандыгыбыз үчүн биз коопсуздугубузду камсыздоого оңой эмес жардамдарды алып жатабыз. Анан эң башкысы бул жерде АКШнын базасы бар деген саясий калканч болуп тургандыгын биз анчейин сезбей жатабыз.

Сокур ичеги” же согушта жалгыз калуунун өксүгү

Орусия 99-жылдын башында Кыргызстандагы чек арачыларын чыгарып кетишкен. Буга ошол мезгилдеги Жириновский сыяктуу саясатчылардын “ашыкча чыгым кыла бербей, Кыргызстан сыяктуу “сокур ичегилерден” эртерээк арылышыбыз керек” деген сыяктуу талаптары негиз болгон. Жамааттык коопсуздук уюму Ооганстандагы жана өз аймагын толук көзөмөлдөөгө алсыз Тажикстандагы кырдаалга баа берүүгө жарамсыз болуп чыкты. Ал эми экономикалык жактан каржалып турган Кыргызстан ошол мезгилде өзүнүн чек ара тилкелерин толук көзөмөлдөөгө чамасы чак экендиги белгилүү болчу.

Мындай абалды жакшы түшүнгөн жоочулардун капыстан бастырып кириши өлкөнүн куралдуу күчтөрүнүн чыныгы абалын ашкерелеген. Орозбек Молдалиев ошондогу аскердик даярдыктын абалын мындайча сүрөттөдү:

- Баткенге Өзбекстан ислам кыймылынын лашкерлери кол салганда бизге эч ким жардам бербей койгон. Мындай кеңешмелер болгон, бирок реалдуу аскердик жардам эч бир тараптан болгон жок. Машакаттуу күндөрдү баштан өткөргөнбүз. Биздин армияга можахеддер түнкүсүн кол салышып, а биздикилерде болсо түнкүсүн көрө турган жабдуулар жок болгон. Көзгө атар мылтыктар жетишпей, анын заманбап түрлөрү өтө зарыл болуп турган. Мындай маселелер кийин база ачылгандан кийин гана чечилген.

Кыргызстанга болгон террордук коркунучтар ошол учурдагы бир эле Баткен окуясы менен чектелбейт. 2000-2004-жылдардын аралыгында Ош шаарында бир нече ирээт террордук актылар катталган. Тергөө органдары мунун артында Өзбекстан ислам кыймылы тургандыгын жарыялаган болчу. Алгач жардыргыч зат маршруттук каттамдын ичине коюлуп, адам курмандыктары орун алса, экинчиси мечиттин алдында жардырылган.

Ошол учурдагы Ош облустук ички иштер башкармалыгынын башчысы Рашид Тагаев атайын даярдалган жоочулар үчүнчү жолу жасаган жардыруу учурунда колго түшүшкөндүгүн эскерип өттү:

- Бир нече топторду Ооганстандан жана Пакистандан Кыргызстанга алып келип ташташкандыгы бизге маалым болуп калды. Аларды Жумабай Намангани жөнөтүп, өзгөчө бир тапшырмаларды бергендиги аныкталган. Ар бир топто бештен адам болгон мына ошол жоочулардын катары жалпысынан төрткө бөлүнүп иштешкен. Аларга каржылоо Түркия, Сауд Арабия аркылуу болгондугу белгилүү болду. “Бакай” банкын жардыруу мына ошол жагдайлар байкалып калгандыктан улам болгон. Кийин алардын бардыгын кармап, үйлөрүн тинткенибизде он килограммдан ашуун жардыргыч зат табылган.

АКШнын президенти Барак Обама мындан бир жыл илгери 2014-жылга карата этап-этабы менен Ооганстандан коалициялык күчтөр чыгарыла тургандыгын билдирген болчу. Ага чейин андагы абалды турукташтыруу жана толук көзөмөлдү Ооганстандын өкмөтүнө өткөрүп берүү чаралары жүргүзүлө тургандыгы айтылган. Буга байланыштуу Жамааттык коопсуздук келишими уюмуна кирген мамлекеттер НАТО Ооганстандан чыгып кетсе, таасирин сактап калган “Талибан” кыймылы кайрадан баш көтөрбөйбү деген маселени талкууга ала башташты.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG