Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:55

УКМК: Террорчул уюмдардын мүчөлөрү көбөйүүдө


Беш-Күңгөйдөгү операциядан кийин, 6-январь, 2011-жыл
Беш-Күңгөйдөгү операциядан кийин, 6-январь, 2011-жыл

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет жыл башынан бери террористтик уюмдарга тиешеси бар делген элүүгө жакын адам аныкталганын билдирди.

УКМКнын төрагасы Кеңешбек Дүйшөбаев 12-сентябрда маалымат жыйында экстремисттик-террористтик уюмдардын мүчөлөрү көбөйүп жатканын билдирди.

Айрым серепчилер атайын кызмат эл аралык донорлордон, чет өлкөлөрдөн акча аларда гана экстремизм-терроризмге байланыштуу кырдаалды көбүртүп-жабыртат деп сындап жатышат.

УКМКнын төрагасы Кеңешбек Дүйшөбаев кытай өкмөтү экстремизм-терорризмге каршы күрөшкө 49 миллион сомдук жардам бергени жатканын маалымдап, дүйнөдө терроризм коркунучу күчөп жатканын, анын ичинде Кыргызстан да мындай апааттан тыш калбасын билдирди:

Кеңешбек Дүйшебаев
- Тилекке каршы бул маселе татаалдашып, чиеленишип баратат. Агым күчөп, мындай агымдарга катышкандардын саны да көбөйүп жатат. Өткөн жылдарга салыштырмалуу экстремисттик-террористтик уюмдарга тиешеси бар деп аныкталып кармалып, камакка алынгандардын саны өсүүдө. Мындан ары дагы көбөйүшү ыктымал. Анткени Ооганстан-Пакистан тилкесиндеги маселе чечилген жок.

2014-жылы АКШнын аскерлери Ооганстандан чыгып кеткени жатат. Мен ошол убакка чейин маселе чечилип калат деп ишенимдүү айта албайм. Эгер алар чыгып кетсе, биз бул жакта мындай коога-кайгы менен жалгыз калып калбайбызбы? Албетте биз кошуналар менен чогуу-чаран күрөшө беребиз. Бирок маселенин баары - бул коркунуч дагы канчага өсөт дегенде болуп жатпайбы.


Ушул жылдын башында атайын кызматтын алдында Террорчулукка каршы күрөш борбору ачылган болчу. Кеңешбек Дүйшөбаев жаз-жай айлары терроризмге каршы өлкөнүн бардык аймагында жана коңшу мамлекеттер менен чогуу бир топ машыгуулар өткөнүн билдирди.

Күч эмес, акыл менен

Серепчи Кадыр Маликовдун пикиринде, мындай коркунуч менен күрөштө каражат менен даярдык аздык кылат:

- Тартип коргоо түзүмдөрүндө иштер ыкчам иликтөө, кылмышка шектүүлөрдү кармап-камоо менен эле чектелбеши керек. Биринчи кезекте кадрларды даярдоо маанилүү. Тилекке каршы тартип коргоо органдарында атайын адистешкен кадрлар аз. Мисалы, теологияны билген, экстремизм-терроризм менен гана күрөшүп тим болбостон аны алдын алган кадрлар аз. Бул мамлекеттин коопсуздугу үчүн өтө маанилүү. Жаштардын, элдин арасында алдын алган иш-чараларды өткөрүү маанилүү. Анткени экстремизм-терроризм менен күч менен күрөшүү мүмкүн эмес.

Айрым талдоочулар атайын кызмат эл аралык донорлордон, чет мамлекеттерден каражат аларда гана терроризм коркунучун ашыра айтып чыгат дешет.


“Эл аралык толеранттуулук үчүн” коомдук фонддун Жалал-Абаддагы кеңсесинин жетекчиси Асылбек Кочкорбаевдин баамында, терроризм менен күрөштө натыйжа көп деле байкалбайт:

- Жылдан жылга эле ондогон, жүздөгөн каражаттар кеткени менен анын натыйжалуулугу көп байкалбагандай. Бүгүнкү күндө канчалык деңгээлде терроризм жана радикал экстремизмге каршы күрөштүн натыйжасы кандай болуп жатат, аны кандай критерийлер менен аныктап жатабыз - ушул жагы бизди тынчсыздандырат.

Албетте атайын кызмат аткарып жаткан иши тууралуу дайыма эле ачык айта бербесин түшүнөбүз. Бирок кандайдыр бир деңгээлде жарандык коом алардын жасаган иштеринин натыйжалуугун байкаса жакшы болмок. Акыркы жылдары тажрыйба айланып калганбы, айтор, эл аралык уюмдардан, донорлордон "экстремизмге-терроризмге каршы күрөшөбүз" деп акча каражатын алыш үчүн гана аракеттенбей, системалуу түрдө иш алып барса жакшы болот эле.

Тартип коргоо түзүмдөрүндө иштер ыкчам иликтөө, кылмышка шектүүлөрдү кармап-камоо менен эле чектелбеши керек. Биринчи кезекте кадрларды даярдоо маанилүү.

Быйыл террорчулукка байланыштуу бир топ чуулгандуу окуялар катталган. Январь айында Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет Бишкектин этегиндеги Беш-Күңгөй айылында атайын операция өткөрүп, террорчу уюмдун эки мүчөсү жок кылынганын, дагы ондой адам камакка алынганын кабарлаган. Үч кишиге издөө жарыялаган.

Андан кийин Бишкектеги Спорт сарайдын тушундагы жардыруу, шаардык милициянын имаратынын жанында унаада катылган жардыргыч заттар атайын даярдыктан өткөн топтун колунан келиши ыктымал деп айтылган.

XS
SM
MD
LG