Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:52

ВЕНАДА КЫРГЫЗ СҮРӨТЧҮСҮНҮН ЖЕКЕ ФОТОКӨРГӨЗМӨСҮ ӨТҮП ЖАТАТ


Жаныл Жусупжан, Прага Австриянын баш калаасында ушул тапта Шайлообек Жекшенбаевдин жеке көргөзмөсү өтүп жатат. Венанын тургундары таланттуу фото-сүрөткерлердин чыгармалары менен кеңири таанышууга мүмкүндүк алышты.

"Штеппен дер Штадт". Венадагы Славистика таануу институтунда ачылган көргөзмө ушундайча аталат. Аны ар кандай таржымалдаса болот, сөзмө-сөз которгондо "Шаардын талаалары", балким "Калаадагы боштук" деген туурадыр, ал эми автордун түшүндүрмөсүнө ылайык, аны "Жаңы конуштар" деп атаса туура болот окшойт.

Көргөзмөдөгү 70 сүрөттүн башкы, борбордук темасы Бишкектин айланасында жаңы түшүп жаткан конуштардын жашоочулары жана алардын жашоосу. Ал сүрөттөрдүн биринде орто жаштагы, өңү күнгө тотуккан, арыкчырай киши дарбыздай чоң таштардан салынган фундаменттин үстүндө отурат. Фундаментке жыгач түркүктөр жыш орнотулганына караганда, үйдүн дубалы кийин саман ылайдан согулат окшойт. Түркүктөрдүн артында дагы бир чала бүткөн курулуш, трактордун тумшугу көрүнөт, тээ арыда жапыз төбөлөр, үстүдө ачык асман.

Сүрөттөгү киши шаардан жаңы келип, бир саамга ойлонуп отуруп калгандай. Үстү-башы таза, буга караганда, курулуш токтоп турат. Ушул жана башка сүрөттөр коюлган көрмөзмө 5-декабрда ачылды. Австрияга телефон чалганымда, Шайлоо Жекшенбаев буларга токтолду:

- Шаардын тегерегинде курулуш болуп жатпайбы, өзүнчө компания өтүп кетпедиби "самозахват' деген. Ошондо өзүм барып, өз көзүм менен көрөйүн дедим. Кылмышкерлер келип, шаарда жерлерди басып алышты" деп ойлоп жатышат. Башында ишенген эмесмин, кийин барсам, соп-сонун эле кишилер экен. Мен алар менен таанышып, сүрөттөрүн тарттым. Тагдырлары ар кандай, айрымдарын угуп отурсаң, төбө чачың тик турат.



Cүрөттө: Шайлообек Жекшенбаев, Лици Майрл жана элчиликтин кызматкери Жеңиш Кадыракунов.

Сабин Брандердин сүрөтү

Бул сүрөткердин Австриядагы алгачкы сапары болгону менен, Венадагы экинчи көргөзмөсү. 3-ноябрда сүрөтчүнүн айрым эмгектери шаардын дагы бир көргөзмөсүндө, армян, молдован, тажик фотографтардын сүрөттөрү менен чогуу коюлган эле.

Лици Майрл Борбор Азия менен маданий кызматташтыкты өнүктүрүүнү максат кылган Диалог-Сентрал уюмунун жетекчиси жана Шайлоо Жекшембаевдин көргөзмөсүн уюштурган башкы демилгечи. Анын айтымында, Шайлоо Кыргызстандагы эң мыкты фотографтардын бири. "Анын өлкөдө болуп жаткан окуялар боюнча башкаларга окшобогон сүрөткердик көз карашы бар. Ал жашоодогу көрүнүштөрдү көркөмдүк менен саресепке салат, ойго баткан байкоочунун турумунан чагылдырат" дейт Майрл.

Фотография өнөрү жаңы жаралгандан бери татаал жолду басып өттү, көп мезгилдер ага турмуш реалдуулугун, сулуулукту жана жаратылыштын кооздугун кагаз бетине түшүрүүнүн бир жолу гана катары карашкан, бара-бара ал адам баласынын, коомдун көйгөйлөрүн чагылдырган кубаттуу медиумга айланса, кийинки кезде ал көркөм өнөр дүйнөсүндө өзүнө татыктуу орунду ээледи. Ал эми Кыргызстандагы фотографиянын өнүгүшү бүгүн кандай ахвалда? Буга сүрөткер пессимисттик көз карашта экендигин мындайча билдирди:

- Ахвал кыйын. Бул тармакта, исскустводо иштегендер аз. Баары эле акча табабыз деп чуркап жүрүшөт. Белгилүү фотографтар, өзүмдүн эле жолдошторум бар, тойлорду, моданы тартам деп жүрүшөт. Бир четинен аларды түшүнөм, экинчи жагынан бул мени түйшөлтөт.

Шайлоо Жекшенбаев – көп кырдуу таланттын ээси. Ал кесиби боюнча архитектор, Маскөөдө Госкинонун филм академиясында режисcура адистигин бүтүргөн. "Эр жүрөк үч дос", "Карынын сөзүн капка сал", "Маскарапоз Рустамдын театры" деген мультфилмдерди тарткан. "Боз үйдөн Ак үйгө", "Кыргызстан жапондордун көзү менен", Транс-форма" деген сыяктуу жергиликтүү жана эл аралык көргөзмөлөрдүн катышуучусу.

Венадагы көргөзмө анын алгачкы жеке кароосу. Жакында режисcер Марат Сарулу менен бирдикте алгачкы сүрөт китебин чыгарды. Голландиялык гуманитардык ХИВОС кору каржылаган бул долбоордун чегинде сүрөткер Бишкекте да өздүк көргөзмөсүн өткөрүүгө үмүттөнүүдө.
XS
SM
MD
LG