Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:39

Учак кырсыгы парламентте талкууланды


16-январь, 2017-жыл
16-январь, 2017-жыл

“Манас” аба майданынын жанындагы учак кырсыгынан каза тапкандардын саны 38ге жетти. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги учактагы төртүнчү учкучтун сөөгү табылганын маалымдады.

Апаатты иликтөө үчүн Эл аралык авиация комитетинин жана “Боинг” компаниясынын өкүлдөрү бүгүн Бишкекке келет.

17-январда Жогорку Кеңеште Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш комитети учак кырсыгы боюнча жыйын курду. Анда социалдык тармактарда кырсыкта жабыркагандарды табалагандарга чара көрүү сунушталды жана аэропорт жетекчилигине шалаакылык кылды деген доомат айтылды.

Жарандык авиация департаментинин башчысы Курманбек Акышов ушул күндөрү ажылык сапарга байланыштуу маселелер менен Сауд Арабияда иш сапар менен жүргөнү, ондогон адам өмүрү кыйылган кырсыкка байланыштуу иш сапарын токтотуп кайтып келбегени да маалым болду.

16-январь, 2017-жыл
16-январь, 2017-жыл

Комитет жыйынында соңку жагдай тууралуу траспорт жана жолдор министринин орун басары Гүлмира Абдралиева маалымат берди. Кырсыктын себеби иликтөөлөрдөн кийин гана белгилүү болорун, азырынча ар кандай божомолдорду, версияларды айтууга болбой турганын белгиледи.

Саламаттык сактоо министринин орун басары Амангелди Мурзалиев кырсык болгон Дача айылында канча адам жашарын тактоо кыйын болуп жатканын билдирди:

- Бул айыл конуш катары катталган эмес жана башкы планга кирген эмес. Ошондуктан бул айылда жашагандардын так саны белгисиз. Электр энергиясы, насос менен суу берилген. Үч-төрт чакырым алыс турган Манас айылынан тартылып келинген.

“Кыргызаэронавигация” мамлекеттик ишканасынын жетекчи орун басары Карим Бутабаев учак коно албай айланып турган деген сөздөрү жокко чыгарды. Негизи конуу тууралуу чечимди экипаждын командири өзү аларын түшүндүрдү:

- Учак конор маалда аэропорттун, аэронавигациянын дагы бардык каражаттары штаттык режимде иштеп жаткан. Ошол учак конгонго чейин сегиз учуу жана 11 конуу каттамы болгон. Учак күтүү зонасында айланып турган эмес. Дароо эле конуу тууралуу чечим кабыл алган. Учак Гонконгдон учуп келе жаткан, абада алты сааттан ашык убакыт болгон. Экипажды конуу шарты канааттандырган, ошол үчүн конууну чечкен.

"Элди бөлгөндөр жазалансын"

Комитет жыйынында “Бир Бол” фракциясынын депутаты Улугбек Ормонов социалдык тармактарда учак кырсыгынан жабыркагандарды табалап жаткан фактылар бар экенин билдирди. Укук коргоо органдарына андайларга чара көрүүнү тапшырды:

- Мисалы Таттыгүл Дооталиева деген колдонуучу элди бөлүп-жарган комментарий жазып жатат. Ушул кыз тууралуу эртеңки сессияга чейин маалымат берсеңиздер. Ушундай чоң кырсык болуп жатса элди бөлүп-жарып, жөн эле комментарий жазбастан дагы башка сөздөрдү кошуп жазгандарды таап, кылмыш иш козгоп, андан ары эмне болорун эртеңки сессияда айтылсын. Мен билгенден ошол жерде жашагандардын баары кыргызстандыктар. Эгер ушундай кайгыны пайдаланып, элди бөлүп-жаргандарга көңүл бурбай койсок анын арты жакшы бүтпөйт.

16-январь, 2017-жыл
16-январь, 2017-жыл

“Өнүгүү-Прогресс” фракциясынын депутаты Алтынбек Жунус уулу аэропорт жетекчилигинин кырсыкта тез чараларды көргөн эмес, шалаакылык кылды деп айыптады:

- Бүгүн бир адам денесинин 50 пайызы күйүп ооруканада жатат. Күйүктөн кечинде дагы бир кыз каза болду. Мени аэропорттун жетекчилигинин шалаакылыгы өкүндүрдү. Кырсык тууралуу биринчи 7.25 бир жөнөкөй жаран кабарлап жатат. Чукул кырдаалдар министрлигине учак кулады деп жөнөкөй жаран кабарлап жатат. Аэропорттун жетекчилиги биринчилерден болуп коңгуроо кагып, болгон кызматын ишке салган эмес. Өрт тынбай эки саат күйгөн. Ошол жердеги адамдар өрттүн жанына бара албай эки саат карап турдук деп айтып жатышат. Аэропорттун жетекчилиги, бир сөз менен айтканда, шалаакылык кылышты. Өрт өчүрүү, куткаруу кызматтары деген болушу керек эле. Ошолордун бирөө дагы кырсык болгон жерге тез, чукул жетип барган эмес.

Бирок аэропорттун өкүлдөрү өрт өчүрө турган беш унаа, 40ка жакын адамдан турган топ кырсык тууралуу кабар келери менен 10 мүнөткө жетпей эле жетип барганын айтып, мындай дооматты четке кагышты.

Учак кырсыгы жана анын кесепети, берилип жаткан жардам маселеси бүгүн өкмөттөгү жыйында да талкууланды.

Сөөктөрдү аныктоо жүрүүдө
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:26 0:00

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG