Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:48
Анкарада өтүп жаткан кыргыз-түрк ишкерлеринин форуму. 22-январь
Анкарада өтүп жаткан кыргыз-түрк ишкерлеринин форуму. 22-январь

Анкарада кыргыз-түрк бизнес форуму өттү

21-январда Түркиянын борбору Анкара шаарында башталган кыргыз-түрк ишкерлеринин эки күндүк бизнес форуму соңуна чыкты.

Форумдун негизги максаты - Кыргызстан ЕАЭБге киргенден кийинки эки өлкөнүн экономикалык кызматташтыгын өнүктүрүү. Иш-чарага Кыргызстандан жүздөн ашык, Түркиядан 150гө жакын ишкер катышат. Алар эки күн ичинде тажрыйба алмашуу, инвестиция тартуу жаатында эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүшөт. Форумга экономика министри Арзыбек Кожошев да катышат. Бул иш-чара 4-ирет өтүүдө. Иш-чаранын уюштуруучулары Кыргызстан достук жана кызматташтык уюму, ЖИА, эки өлкөнүн өнөр жай жана соода палаталары, экономика министрлиги менен элчиликтери саналат.

01:04 23.1.2016

21-22-январда Түркиянын борбору Анкара шаарында кыргыз-түрк ишкерлеринин бизнес форуму өттү. Форумдун негизги максаты ЕАЭБге киргенден кийинки Кыргызстан менен Түркиянын экономикалык кызматташтыгын өнүктүрүүнү көздөдү. Иш-чарага Кыргызстандан 100дөн ашык, Түркиядан 150гө жакын ишкер катышты. Эки күн ичинде өз ара тажрыйба алмашуу, инвестиция тартуу жаатында эки тараптуу сүйлөшүүлөр жүрдү. “Азаттыктын” кабарчысы Улан Эгизбаев форумдун катышуучуларын кепке тартып, кандай жаңы демилгелер айтылып, ишкердик сунуштар берилгенин сурады.

Түрк-кыргыз ишкерлеринин форумунан кийинки ойлор
please wait

No media source currently available

0:00 0:23:42 0:00
Түз линк


Катышуучулар: Айбек Сарыгул, Түркиядагы достук, кызматташтык уюмунун башчысы, Нурлан Мүсүралиев, Кыргызстандын соода, өнөр жай палатасынын вице-президенти, Айнура Үсөнбекова, Экономика министрлигинин ишкерлерди жөңгө салуу башкармалыгынын башчысы жана Умбриэль Темиралиев, Жаш ишкерлер ассоциациясынын бизнес бирлигинин башчысы.

23:03 22.1.2016

Министр Кожошев: ишкерлерге өндүрүш аймактарын түзүп беребиз

Министр Кожошев: ишкерлерге өндүрүш аймактарын түзүп беребиз
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:41 0:00

14:11 22.1.2016

Анкарада өтүп жаткан кыргыз-түрк бизнес форуму уланууда. Бүгүн эки өлкөнүн ишкерлери бетме-бет сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт. Уюштуруучулардын айтымында, эки тараптуу жолугушууларга 230 ишкана өкүлү катышып жатат. Бүгүн түштөн кийин кыргыз ишкерлери Түркиянын ОСТИМ өндүрүш борбору менен жакындан таанышат. Ал жерде 5200 ишкана товарлардын 190 түрүн өндүрүп, 17 өлкөгө экспорттойт. Иш-чарага Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Ибрагим Жунусов, эки өлкөнүн соода, өнөр жай палаталарынын башчылары да катышууда.

20:30 21.1.2016

Кыргыз-түрк ишкерлер форумуна жеринен байкоо салып жаткан кабарчыбыздын айтымында, кыргыз ишкерлери эртең, 22-январда Түркиянын Орто чыгыш өнөр жай жана соода борбору - ОСТИМ менен жакындан таанышат. ОСТИМ - Анкарада жайгашкан 5200 ишканадан турган өндүрүш аймагы. Ал жерде товардын 190 түрү чыгып, дүйнөнүн 17 өлкөсүнө экспорттолот. 5 млн. чарчы метр аймактагы бул өндүрүш аймагында 60 миң киши иштейт.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG