Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:34

Дипломаттар жол эрежесин көзгө илбейби?


Бишкектин жолдорунда жол кырсыгы бат-бат катталып турат. 24-апрель, 2013-жыл. (Сүрөттүн макалага тиешеси жок).
Бишкектин жолдорунда жол кырсыгы бат-бат катталып турат. 24-апрель, 2013-жыл. (Сүрөттүн макалага тиешеси жок).

Бишкекте Түркия элчилигинин кызматкери катышкан жол кырсыгы катталды. Кечээ кечинде Бишкекте элчиликтин кызматтык унаасы 24 жаштагы жаранды сүзүп кеткен.

Машине сүзгөн жаран бутунан жабыркап, ооруканага жаткырылды. Жол кайгуул кызматы дипломаттык кол тийбестиги бар автоунаалардын кырсыкка туш болгон учурлары арбын экенин билдирүүдө.

Бишкек шаардык милициясынын маалыматы боюнча, жол кырсыгы 24-апрелде кечкурун орун алган. Түркиянын Бишкектеги элчилигинин аскер атташесинин жардамчысы башкарып келе жаткан кызматтык унаа 24 жаштагы Максатбек Абдылдаев аттуу жаранды сүзүп кеткен. Кырсыктын чоо-жайын шаардык милициянын маалымат катчысы Бакыт Сеитов айтып берди:

- Түркия элчилигинин кызматкери Манас көчөсү менен жогору көздөй бара жатып, биздин жаранды сүзүп алган. Кырсык болору менен аталган айдоочуну алып барып экспертизадан өткөргөнбүз. Ал алкоголдук ичимдиктерди ичпегени дайын болду. Машинеси айып аянтчасына токтотулду. Учурда бул боюнча тергөө иштери жүрүп жатат. Азырынча, анын жол эрежесин бузуп же бузбаганы аныктала элек.

Кырсыкка кабылган Максатбек Абдылдаев бутунан жабыркап, ооруканага жаткырылды. Ал Түркия элчилигинин кызматкери жол эрежесин одоно бузуп, унаасын каршы багыттагы тилке менен айдап келатып уруп кеткенин айтууда:

- Мен жолчырактын кызылы күйүп турганда жөө адамдардын тилкесинен өтүп бараткам. Ошол учурда ал жол эрежесин бузуп, каршы багыттагы тилкеден келип сүзүп кетти. Сүзгөндөн кийин да машинеден чыгып, жардам берүү ордуна “шашып баратабыз” деп кетүүгө аракет кылды. Ошол учурда жол кайгуул кызматкерлери келип, кармап калды. Мен болсо тез жардам менен ооруканага келип түштүм. Бутумдун тарамышы созулган экен, азыр ооруп жатат.

Ал эми Түркиянын элчилиги бул фактыны тастыктаганы менен комментарий берүүдөн баш тартты. Жол кайгуул кызматынын маалыматында, элчиликтин кызматкери кырсык боюнча күнөөнү четке кагууда. Ошол эле учурда кырсык боюнча тартылып калган видео тасма бүгүн интернетке жарыяланды. Анда элчиликтин автоунаасы жол эрежесин бузуп, каршы багыттагы тилкеден уруп кеткенин көрүүгө болот. Мындан улам социалдык тармактарда дипломатиялык кол тийбестиги бар автоунаалардын жол эрежесин бузганы боюнча талкууларга жол ачты.
Көрөгөч рубрикасына келген видеодо кырсык кандайча болгону тартылган.


Жол кайгуул кызматынын жетекчи орун басары Темиркан Керимбаев дипломатиялык номер тагылган унаалардын жол эрежесин бузган учурлары кездешип турарын четке какпайт:

- Андай факттар болуп турат. Ал учурда биз Тышкы иштер министрлиги аркылуу ошол элчиликтерге маалымат берип турабыз. Өз статусуна таянып, баш ийбей койгондору да кездешет. Бирок биз принципиалдуу мамиле жасап, жол эрежесин бузса, аны эскерткенге аракет кылабыз.

Жол эрежеси боюнча өткөн айда Өзбекстандын Кыргызстандагы элчилигинин кызматкерине кылмыш иши козголгон. Анда Өзбек элчилигинде консул болуп иштеген Мехридин Хайриддинов былтыр 23-август түнү Бишкекте мас абалында элчиликтин автоунаасын айдап баратып “Жигули” үлгүсүндөгү унаа менен сүзүшкөн. Андан соң өзбек дипломаты “Жигулинин” айдоочусуна кол көтөргөн. Буга байланыштуу Хайриддиновго карата “бейбаштык” беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, учурда тергөө жүрүп жатат. Андан мурун АКШ, Орусия элчиликтеринин дипломаттары жол эрежесин бузганы катталган эле. Мурдагы тышкы иштер министри Руслан Казакбаев дипломаттардын жергиликтүү мыйзамдарды бузган мындай окуялары ошол өлкөнүн кадыр-баркына доо кетирерин белгилейт:
Руслан Казакбаев.
Руслан Казакбаев.
- Бишкекте чет өлкөлүк дипломаттардын, биздин башка өлкөлөрдөгү дипломатиялык кызматкерлердин жол эрежесин бузганы тууралуу көп эле угуп жүрөбүз. Жол кырсыгы кандай жагдайдан улам болду, ал териштирилүүгө тийиш. Эгер кокустуктан кырсык болсо бир жөн. Бирок спирттик ичимдик ичип алып, эрежелерди одоно бузуп, кырсыкка кабылса, анда өз өлкөсүнүн имиджине доо кетирет. Мындайдан дипломаттар сак болушу зарыл.

Ал эми Бишкектеги “Жол эрежеси” бейөкмөт уюмунун төрайымы Чынара Касмамбетова мындай фактылардын орун алышын өлкөдөгү жол эрежелеринин сактабоодон көрөт:

- Дипломаттардын жол эрежелерин бузуп жатканына ириде өзүбүз күнөөлүүбүз. Анткени жол эрежесин баарыбыз бузабыз. Аны көргөн башкалар өздөрү сактабаса, биз деле буза берсек болот да деген түшүнүктө калышат.

Расмий маалыматтар боюнча Кыргызстанда жыл өткөн сайын жол кырсыктары көбөйүп жатат. Былтыр жол кырсыктары 30 пайызга көбөйгөн жана андан 1200дөн ашык адам көз жумган. Алардын көпчүлүгүнө айдоочулардын жол эрежесин сактабаганы себеп болгонун адистер белгилешет.
  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кеңсесинин кызматкери, журналист. 2011-жылы Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Коммуникация факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG