Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:09

Маликовго кол салууга шектелгендердин баары кармалды


Кадыр Маликов
Кадыр Маликов

Ички иштер министрлиги, Улуттук коопсуздук кызматы жана Түркия полициясы биргелешип дин таануучу Кадыр Маликовго кол салгандарды жана ага жардам бергендерди кармады.

Кыргыз милициясы кармалгандардан диний-экстремисттик маанайдагы адабияттар, маалыматтар табылганын айтат. Бирок алардын "Ислам мамлекети" террордук тобуна таандык экенин экспертиза жыйынтыгынан мурда айтпай турушат.

Маликовго 26-ноябрь күнү кечки 7лерде кол салынып, белгисиз эки адам аны машинеге зордоп отургузмак болушкан. Эсин жоготсун үчүн электрошокер колдонушкан. Ага карабай, каршылык көрсөтүлгөндө кол салгандардын бири бычагын алып чыгып, ал Маликовдун бетине, колуна жаракат келтирген.

Бошонуп качкан дин таануучу жардам сурап, ооруканага жеткирилген. Кол салгандар ошол замат изин жашырган. Кийин белгилүү болгондой, алар кылмыштан кийин дароо чет өлкөгө качмак болуп алдын ала даярданып, учак билеттерин алып коюшкан экен. Окуядан үч саат өтпөй алар Казакстанда болушкан.

Милициянын 10-башкармалыгынын башчысы Сталбек Рахманов андан кийинки аракеттерин тизмектеди:

- Ыкчам маалыматтар боюнча, кылмышты эки адам ишке ашырып, экөө ага жардам беришкен. Жардам бергендердин үйлөрүнөн диний адабият-журналдар, кыргызстандык жана чет өлкөлүк уюлдук операторлордун сим-карталары, бычак жана октор табылган. Алар кылмышка олуттуу даярданышкан. Электрондук учак билеттерин алдын ала алышкан. Окуядан кийин тез аранын ичинде кечки ондо Казакстанга өтүшкөн. Андан ары Алматы шаарына барып, анан Стамбулга учуп кетишкен. Ошондон кийин Интерпол ишке кирген.

Анын сөзүн Интерполдун жергиликтүү өкүлү Таалайбек Сарымсаков улады:

- Бир сутканын ичинде Түркиянын Газиантеп шаарында кармалышты. Газиантеп менен Сириянын ортосу 60 чакырым. Бизде 2009-жылы ратификацияланган эл аралык кылмыш-укуктук жардам боюнча келишим бар. Ошонун негизинде издөөдөгүлөр кармалды. Учурда аларды алып келүү иштери жүрүүдө. 29-ноябрга оогон түнү атайын ыкчам топ экстрадицияны ишке ашыруу үчүн кетишти.

Газиантепте кармалган Бейшеналиев жана Тилек уулу кол салууга шектелгендер. Коомдук ишмерди өлтүрүү үчүн кол салган деген айып тагылууда. Ал эми алар качып жүргөндө Бишкектен кармалган экөөнө кылмышка "көмөк көрсөткөн" деген айып коюлууда.

Маликов жана анын жакындары окуя болору менен аны "Ислам мамлекети" террордук тобуна байланыштырышкан. Бирок милиция аны турмуштук чыр-чатак деген эле. Азыр болсо кайрадан Маликов тергөөгө маалымат берип, иштешкиче алгач ошондой версияны карманышканын айтышууда.

ИИМдин маалымат катчысы Бакыт Сейитов буларга токтолду:

- Эмне себептен алгач адам өмүрүнө кол салуу боюнча иш козголгон жок деген суроо буга чейин да болгон. Биз окуя болгон күнү түнү бою иш-чара жүргүзүп, кол салгандардын тек жайын аныктаганбыз. Топтолгон маалыматтын негизинде "бейбаштык" беренеси менен иш козголгон. Биз 27-ноябрда 12ге чейин Маликовдон көрсөтмө ала алган жокпуз. Ал реанимацияда болчу. 12ден кийин гана ага жолугуп, арызын алып, окуянын кандайча болгонун угуп, ошондон кийин "өмүргө кол салууга аракет жасоо" деген беренеге алмаштырдык.

Маликовдун абалы орто деп бааланууда
Маликовдун абалы орто деп бааланууда

Кыргызстандагы белгилүү дин таануучу Маликовдун өмүрүнө кол салууга ким буюртма бериши ыктымал деген суроо да азырынча ачык калууда. Бул арада окуяны терроризмди, диний-экстремизмди сынга алган диниятчылардын оозун басып, аларды коркутуп-үркүтүүгө болгон аракет деп да баалашууда. Диний эксперт Канат Мурзахалилов:

- Буга чейин Түндүк Кавказда дин ишмерлерине кол салуулар болуп келген. Дагестандын муфтийинин набыт болушу террорчулардын дин ишмерлерин коркутуу аракеттеринин бир мисалы. Бизде да ошондой жагдай башталгансыйт. Бирок коркуп отуруп калбай, эл арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү зарыл. Терроризм коркунучу босогодо турат. Бийлик ага каршы колдо бар ресурсун колдонуш керек.

Кылмыш боюнча теологиялык, баллистикалык жана башка беш экспертиза дайындалган. Милиция анын жыйынтыгы чыкмайын кармалгандар тууралуу так маалымат берип, кайсы экстремисттик топко тиешеси бардыгын айтпай жатат.

Айтмакчы, ушул эле иш боюнча дагы бир жарандын үйү текшерилип, уруксатсыз сакталган газ тапанчасы табылган. Бул үчүн кошумча иликтөө дайындалды.

Ушул эле кармалган топтун 19-ноябрда өлтүрүлгөн участкалык милиционердин өлүмүнө тиешеси бар-жогу текшерилүүдө.

Бул Кыргызстанда экстремисттик топ тарабынан диний ишмерге кол салынган алгачкы окуя. Буга чейин террордук максатта экстремизмге тиешеси бар уюмдар Бишкекте жана Ошто жардыруу уюштурган, уюштурганга аракет кылган окуялар катталган. Учурда жаракат алган Кадыр Маликовдун абалы орто, ал ооруканада дагы он күндөй дарыланары айтылууда.

XS
SM
MD
LG