Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 5-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:46

Түркиядагы акыркы күндөрдө болгон саясий окуялар Кыргызстанда талкууга алынган негизги тема болууда.

Түркиядагы саясий кырдаалдын курчушунун түпкү себеби эмнеде? Бийлик маселесин чечүүдө аскерий күчтөрдүн тарыхый орду жана кесепети кандай болгон? Боордош өлкөнү солкулдатууга тышкы факторлордун таасири барбы? Учурдагы кырдаал кыргыз-түрк кызматташтыгына кедергисин тийгизбейби?

"Арай көз чарай" талкуусуна саясий серепчи, профессор Жамгырбек Бөкөшев, тарыхчы Кыяс Молдокасымов жана Кыргызстандагы “Себат” билим берүү мекемелеринин башкы директору Нурлан Кудайбердиев катышты.

“Азаттык”: Жамгырбек мырза, 15-16-июль күндөрү Түркияда болгон кандуу окуялар, анда түзүлгөн кырдаал дүйнө коомчулугунун көңүл борборунда турган маселе болууда. Сиз саясий серепчи катары болгон окуяны кандай кабыл алдыңыз, кандай баа бердиңиз?

Жамгырбек Бөкөшев: Биз бүгүн оомалуу-төкмөлүү дүйнөдө жашап жатабыз. Түркиянын тарыхын карап көрсөк, бул бешинчи аскерий төңкөрүш аракети болду. Эгер дүйнөлүк глобалдык саясаттын өңүтүнөн алып көрсөк бул өзгөчө окуя.

Төңкөрүш тилегине жеткен жок, басылды. Азыр төңкөрүштүн натыйжасын, себептерин изилдеп жатышат, күч органдарындагы кадрлар, кызматкерлер арасында тазалоо, териштирүүлөр жүрүүдө.

Бул окуя өлкөнүн экономикасына, социалдык-рухий процесстерине да таасирин тийгизет. Азыр эң негизги нерсе - төңкөрүштүн бети ачылып, өлкөдө турукташуу жүрүп, мамлекет эл аралык деңгээлде өзүнүн жүзүн сактап калууга аракеттерин көрүүдө.

“Азаттык”: Кыяз мырза, Түркиянын акыркы 50-60 жылдык тарыхында бийлик маселесин чечүүдө аскерий күчтөр көп аралашканы айтылып келет. Анын негизги себеби эмнеде, армиянын саясий бийликтеги орду кандай, анын кандай сабактары болгон?

Кыяс Молдокасымов: Түркияда бул убакка чейин төрт жолу аскерий төңкөрүш болгон, бул бешинчиси. Биринчиси 1960-жылы Алпарслан Туркеш деген адамдын жетекчилиги менен ишке ашкан. Кийин ал киши улутчулар партиясынын лидери болгон. Анда Түркия үчүн эң оор мезгил болгон.

Экинчи төңкөрүш 1971-жылы болгон. Үчүнчүсү 1980-жылы Кенан Евран деген генералдын башчылыгында ишке ашкан. Дал ошол жылы эң көп адамдар репрессияга кабылышкан, айрым маалыматтарда 200 миңден 600 миңге чейинки адамдар камакка алынган, 64 миңи түрмөгө кесилген деп айтылат. Ошол Кенан Евранды репрессия жасаган деп 94 жашында 2012-жылы камакка алып, өмүр бою түрмөгө кесип жиберген. Төртүнчүсү - 1997-жылы Эрбакандын өкмөтүн парламенттин жардамы менен кулатышкан.

“Азаттык”: Нурлан мырза, Кыргызстандагы сиз жетектеген “Себат” билим берүү мектептеринин демилгечиси саналып келген, учурда Америкада жашап жаткан Фетхуллах Гүлен Түркияда ишке ашпай калган төңкөрүштүн идеологу катары айыпталып жатканын сиз кандай кабылдадыңыз?

Нурлан Кудайбердиев: Фетхуллах Гүлен дүйнөдөгү таасирдүү делген 100 интеллектуалдын ичине кирет. Ал адам өз ишмердүүлүгүн үч багытта жүргүзөт: билим берүү, диалог жана кайрымдуулук.

Гүлен мырзанын ишмердүүлүгүндө күч органдары менен байланышкан аракеттерин байкабайбыз. Ал жазган ондогон китептеринде күч менен бийликти алуу же болбосо демократияга туура келбеген нерселер жөнүндө айтпайт. Ал киши бир партиянын же уюмдун жетекчиси эмес, ал дүйнөлүк деңгээлде акыл калчаган адам. Гүлен мырза бул убакка чейин болгон аскерий төңкөрүштөрдү колдобой тургандыгын айтып келет. Кечээ журналисттерге берген жообунда муну дагы бир жолу айтты.

“Азаттык”: Жамгырбек мырза, Түркиядагы конституциялык бийликти кулатуу аракетине сырткы факторлор, геосаясий оюнчу мамлекеттер жардам бергени да айтылып жатат. Чын эле ошондой болсо алардын негизги максаты кандай?

Жамгырбек Бөкөшев: Биздин коомдук турмушубуздун бардык тармактары глобалдашып жаткандан кийин, саясат жана мамлекетти башкаруу бул чоң процесттен сыртта калалбайт. Ушул негизден алганда бул окуяга кайсы бир мамлекеттердин же чоң саясий күчтөрдүн тиешеси болушу мүмкүн.

Өзгөчө саясий технологиялар көп пайдаланылып, чоң оюнчулар күрөшүп жаткан учурда АКШ, Евробиримдик же башка бир ири финансылык уюмдардын бул окуяга өзүнүн кызыкчылыгы болушу ыктымал. Бирок барып келип эле окуянын негизги өзөгүн Түркиянын ичиндеги саясий күчтөрдүн кармашы, тирешүүсү түзөт десек болот. Ошондуктан кайсы гана мамлекет болбосун анын расмий бийлигине, конституциялык түзүлүшүнө сырттан каршы турууга эч кимдин акысы жок.

Демократия болгон жерде бардык аракеттер эл аралык укуктук нормалардын негизинде ишке ашышы керек. Кандай гана күчтөр таасир тийгизбесин окуянын негизги себептерин Түркиянын ичинен издешибиз керек.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG