Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:39

Балдар теңсиздиктен жапа чекпеши керек


Бишкек
Бишкек

Дүйнө жүзүндө миллиондогон балдар башка өлкөдө, башка жыныста жана башка кырдаалда төрөлгөнү үчүн бейкүнөө кодуланып, жапа чегет.

Кирешеси жогору өлкөлөрдөгү курдаштарына салыштырмалуу айрым өнүгүп келаткан мамлекетте төрөлгөн балдардын беш күнгө жетпей чарчап калуусу 12 эсе көп катталат.

2014-жылы дүйнөнүн 41 бай мамлекетиндеги 77 миллиондой бала жокчулукта жашары аныкталган.

Биздин өлкөдө балдарды жакырчылыктан сууруп чыгуу боюнча көп убадаларга карабастан, миң баланын бири беш жашка жетпей эле чарчап калат. Биз ушул жаштагы балдар өлүмүнүн көрсөткүчү боюнча 193 өлкөнүн ичинен 89 орунда турабыз. Балдардын 13% кедейликтин түздөн түз көрсөткүчү болгон чала тоют абалынан жапа чегет.

2010-2014-жылы балдардын монетардык кедейлигинин деңгээли 46%, балдар эмгегиники - 26 пайызды түзгөн. 14 жашка чейинки балдардын 57 пайызы физикалык же психологиялык зомбулукка дуушар болот. Төрт баланын бирөө гана мектепке чейинки билим алат. Кыздардын 12 пайызы 18 жашка жетпей турмуш курган. 100 бала жана өспүрүмдүн 28и гана интернет колдонот.

Бул статистика коркунучтуу. Ар бир кооптуу цифра баланын камсыз болгону же камсыз болбогонунун тигил же бул өңүтүн күбөлөп турат. Жыйынтыгында эмне чыгат: биздеги дээрлик ар бир баланын саламаттыгы начар, чала тамактанат же өтө эле аз жейт, ага курчап турган дүйнө тууралуу китеп окуп же айтып беришпейт, аны менен ойношпойт жана балдар ырларын үйрөтпөйт, ага кыйкырат, эмнеге экенин айтпай туруп эле денесинин жумшак жана талылуу жерине урушат.

Балдар мектептин ордуна мээ кайнаткан ысыкта уй кайтарат, кыздар короону тазалап, өзүнүн жаш денесине залака келтирип суу көтөрөт. Цифралык технология жана ааламдаштыруу доорунда алар адамзат тапкан, аларга жакын да, алыс да турган маданий баалуулуктардан кабарсыз калууда.

Жокчулук - бул темирдин датындай. Ал баланын дараметин сугунуп, өзүн өзү баалоо сезимин жана бир нерсеге умтулуу деңгээлин төмөндөтөт. Бойго жеткен кезде анын сапаттуу билим алууга жана жакшы жумуш табууга мүмкүнчүлүгү дээрлик жок болот.

Жардамга муктаж балдарды аз да болсо камкордукка алып, кызмат көрсөтүүнүн жоктугу бүгүн муундан муунга өткөн жакырчылыкты жана түбөлүк ажырымды жаратып, алардын жана биздин коомдун, дүйнөнүн да келечегине коркунуч жаратууда.

Бизде акыл-эстүү тандоо кылганга мүмкүнчүлүк бар: жакырчылык кучагындагы балдарга мамилени оңдоону тездетүү же 2013-жылы мындан да жакыр жана адилетсиз дүйнөгө бет келүү.

Азыркы тенденциянын болочок жыйынтыктары үрөй учурат. Мисалы, 2030-жылы 167 миллион бала мурдагыдай эле жакырчылык кучагында жашайт, беш жашка чейинки 69 миллион бала дабасы оңой табылган эле нерседен өлөт жана мектеп жашына чейинки 60 миллион бала билим албайт. Бирок мындай болбошу керек.

Социалдык теңсиздикке алып келген факторлор – балдардын жакырчылыгы, ымыркайлар өлүмү, мектептеги начар билим берүү көп учурда биздин тандообуздун жыйынтыгы. Биздин коомдун ресурстарды кайда жана кантип инвестиция кылуу тууралуу чечим кабыл алууга чейин жеткирген тандоосу болушу керек. Бул кедейлер менен байлар, дени сактар менен бейтаптар, билимдүүлөр менен чала сабаттар ортосундагы ажырымды азайтууга туура тандоо менен жетебиз дегенди билдирет.

Жакында эле жарык көргөн ЮНИСЕФтин “2016-жылдагы дүйнөдөгү балдардын абалы” доклады ресурстарга жете алган жана жетүүгө мүмкүнчүлүгү жоктордун ортосундагы айырманы азайтуу жолдорун сунуштайт. Ал ар бир бала жашап кете алган, жетишкен жана өз дараметин толук ача алган коомчулукту кантип түзүүнү сунуштайт.

Докладда социалдык теңсиздикти жеңүү мамлекеттин жана коомчулуктун жокчулук менен бет келген балдарга өзгөчө жана атайын мамиле кылуу керектиги айтылат. “Акыркы бала - биринчи” принциби менен жардам берүү туура чечим болуудан тышкары зор мааниге да ээ.

ЮНИСЕФтин 2010-жылдагы иликтөөсү көргөзгөндөй, жардамга муктаждарга ресурстарды багыттоо саламаттык сактоо жаатында глобалдык максаттарга жетүүнү тездетип, кирешеси аз жана балдар өлүмүнүн көрсөткүчү жогору өлкөлөрдө экономикалык жактан эффективдүү боло алат.

Докладда биз балдарга бирдей шарттарды түзүүгө жардам бере аларыбыз, аялуу балдар тууралуу так маалыматты билүү жана алар бет келген проблемаларга комплекстүү мамиле кылууга болору, ошол эле кезде көйгөйдү чечүүдө жергиликтүү жамаат жана адилет инвестиция кылуу менен инновациялык чечим табарыбыз айтылган.

ЮНИСЕФ командалык ишти тажрыйбалап келет жана биздин мүчөлөр кырдаалды сезилерлик өзгөртүүгө багыт алган. Мен жана менин кесиптештерим эки кээде үч эсе жоопкерчиликти моюнга алганбыз, анткени биз өлкөдөгү кырдаалдан тышкары анын чыгуу себептери менен кесепетин билебиз.

Күн сайын дүйнөнүн 190 өлкөсүндөгү кесиптештер менен тажрыйба алмашууга мүмкүнчүлүгүбүз бар. Биз өз жетишкендиктерибиз менен бөлүшө алабыз. Айталы, 2009-2010-жылдары мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын жөлөк пулун төрт эсе, 2008-2015-жылы жакыр үй-бүлөлөрдүн балдары үчүн жөлөк пулду алты эсе көтөрүү биздин программабыздын негизинде ишке ашкан.

Дал ушул жылдары ЮНИСЕФ программасы социалдык саясат жаатында балдардын жөлөк пулу жаатында приоритеттүү иш алып барган. Азыркы мезгилдин чакырыктары – бул өлкөлөр жана өлкө ичиндеги теңсиздиктин өсүп жатышы. Андан тиешеси жок болсо да балдар жапа чегүүдө. Биз бүгүн жана эртең ар бир бала жашоодогу мүмкүнчүлүгүн толук алып, аны өлкөнүн жана коомдун толук кандуу мүчөсү болуу үчүн колдонушуна салым кошууга даярбыз.

Гульсана Турусбекова, Кыргызстандагы ЮНИСЕФтин социалдык саясат боюнча адиси

XS
SM
MD
LG