Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:55

Маяна тамак-аштан артпай калды


БУУнун изилдөөсүнө ылайык, Кыргызстанда 1 миллион 300 миңге жакын адам зарыл азык-түлүк менен камсыздалган эмес.

Азык-түлүктүн кымбатташы менен алардын саны жыл санап өсүүдө. Бириккен улуттар уюмунун Азык-түлүк программасынын калктын аярлуу катмарына жардам көрсөтүү бөлүмүнүн башчысы Кейго Обара "Азаттыкка" маек курду.

- БУУ Кыргызстан элинин басымдуу бөлүгү тапкан акчасынын негизги бөлүгүн тамак-ашка сарптоого аргасыз деген жыйынтык чыгарды. Кыргызстандагы азык-түлүктүн кымбатташынын негизги себептери эмнеде?

- Азык-түлүктүн баасынын өсүшү бир катар факторлордон көз каранды. Биринчиден, буга Кыргызстандагы азык-түлүктүн башка өлкөлөрдөн импорттолушу себеп болууда. Эксперттердин маалыматы боюнча, өлкөдө керектелген азык-түлүктүн 35 пайызга жакыны четтен ташылып келет. Ал эми азыр дүйнөдө азык-түлүк кымбаттап жатат. Буга байланыштуу Кыргызстанда да баа өсүүдө.

Ошондой эле биздин изилдөөлөрүбүздүн жыйынтыгы боюнча азык-түлүк баасынын көтөрүлүшүнө айыл чарбасындагы абалдын начарлашы, эгиндин түшүмдүүлүгүнүн аз болгону таасирин тийгизип жатат. Кыргыз өкмөтүнүн маалыматында, быйыл эгин пландалгандан 20-30 пайызга аз жыйналып, ун азыктарынын кымбатташын шарттады.

- Сиздердин программанын алкагында азык-түлүк коопсуздугу боюнча жыл сайын сурамжылоо-изилдөөлөр болуп турат эмеспи. Бүгүнкү күндө Кыргызстанда канча адам зарыл деңгээлде тамактанбайт?

- Адегенде азык-түлүк коопсуздугу эмне экенин түшүндүрө кетейин. Бул - ар бир адамдын каалаган өлчөмдө сапаттуу тамактануу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушу.

Сиз белгилегендей, биздин программанын алкагында 2010-жылдан бери азык-түлүк коопсуздугу боюнча сурамжылоо-изилдөөлөрдү жүргүзүлүп келет. Акыркы сурамжылоо ушул жылдын сентябрда жүргүзүлдү. Анын жыйынтыгына ылайык, өлкө жарандарынын 25 пайызга жакыны же 1 миллион 300 миң жаран зарыл деңгээлде тамактанбай турганы белгилүү болду. Тилекке каршы мындай жыйынтык өлкөдө бул жаатта абал начарлап бара жатканын көрсөтүүдө.

- Бүт дүйнө кабылган азык-түлүк каатчылыгы Кыргызстанды кыйгап өткөн жок деп айтылууда. Кымбатчылыктын кесепетин азайтып, азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылууда кыргыз бийликтеринин аракеттерине кандай баа бересиз?

- Биринчиден, кыргыз өкмөтү сентябрда дан азыктарын экспорттоого тыюу салды. Бул чечим ички базардагы ундун жана буудай баасынын төмөн болушуна кыска мөөнөттүү болсо да таасирин тийгизет. Бирок бул узак мөөнөткө азык-түлүк коопсуздугун сактоого өбөлгө болот деп айта албайбыз. Себеби Кыргызстан өзүнүн муктаждыгын өзүнүн буудайы менен камсыздай албайт.

Экинчиден, өкмөт октябрдан тарта Мамлекеттик материалдык резервдер фондундагы буудайды ун катары тарттырып, базар баасынан арзан баада өлкөнүн бардык аймактарында сатыкка чыгаруу чечимин кабыл алды. Бул өлкөдөгү азык-түлүк коопсуздугун сактоо үчүн пайдалуу жана маанилүү чечим болду. Бирок бул аракеттер жетишсиз экенин белгилегим келет. Учурда мындай аракеттерге карабастан азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылууда кыргыз бийликтеринин аракетин жетишсиз деп баалайт элем.

- Сиздер жону жука, өзүн араң баккан үй-бүлөлөргө жылына бир-эки жолу азык-түлүк жагынан жардам көрсөтүп келесиздер. Бирок өп-чап жардам берилгендиктен, абал жарытаарлык жагына өзгөрбөй жатканын айыл тургундары айтып жүрүшөт. Баарына өп-чап эмес, балким аз сандуу үй-бүлөлөргө көзгө көрүнөрлүк колдоо болсо, майнаптуу болмок беле? Же башка жолдорун тапса болобу?

- Бул суроого жооп берүүдө эки жагдайга маани берүү керек. Биринчиден, биз абдан эле жакыр жашаган, жетиштүү тамактанууга мүмкүнчүлүгү жок үй-бүлөлөр ачкалыктан жабыркабашы үчүн керектүү жардамды көрсөтүшүбүз керек. Ошол эле учурда сиз белгилегендей, аларга күнүмдүк эле жардам көрсөтүп койбой мындай кыйын абалдан чыгып, бир аз ирденип алышына көмөкчү болушубуз зарыл.

Биз учурда бул эки багыт менен иш алпаруудабыз. Турмуш шарты абдан эле начар, “итке минген” үй-бүлөлөрдүн ачкалыктан улам ден соолугуна залал келбеши үчүн биз уюм тараптан байытылган ун менен өсүмдүк майын таратып келет. Анткени мындай адамдарга тезинен жардам көрсөтүлбөсө, ачкалыктан жабыркап калышы мүмкүн. Ошондуктан аларды убактылуу болсо мындай абалдан куткарышыбыз керек. Буга байланыштуу жакынкы жумаларда да турмуш-шартты начар 230 миңден ашык адам эки айга жете турган ун жана өсүмдүк майын ала алышат.

Ошол эле маалда биз айылдардагы инфраструктураны оңдоп, эгин жана башка жашылча-жемишин өздөрү өстүргөндөй шартты түзүүгө жардам берип жатабыз. Бул үчүн айылдардагы ирригациялык системаларды калыбына келтирип, суу баспай калган айдоо аянттарына суу чыгарууга көмөктөшүүдөбүз. Бүгүн Кыргызстандагы көпчүлүк айылдарда сугатка байланыштуу көйгөйлөрдөн улам дыйкандар эгин экпей калышты. Мына ушуну жолго коюп, айыл тургундарынын өз нанын өзү даярдашы үчүн жардам берип жатабыз.

- Жыл сайын азык-түлүк тартыш болот деген билдирүүлөрдү таратасыздар. Бирок, мисалы, Кыргызстанда азык-түлүк каатчылыгы анча деле байкалбайт. Ал тургай тойлордон бошобой жүрүшөт.

- Албетте абдан кызыктуу нерсени айтып жатасыз. Бирок мен маегимдин башында да айтып өткөндөй, азык-түлүк коопсуздугу - бул туруктуу түрдө ар бир адамдын сапаттуу тамак-ашты тоё жей турган мүмкүнчүлүгүнүн бар болушу. Ал эми сиз айткандай тойлордо жегендей тамак-аш ошол тургундардын дасторконунда ар дайым турбайт да. Бир күндү майрам болуп мал союп, дасторконду кенен жайып бар тапканын жегени менен эртеси күнү эле баягы нан, чай анан картошкага отуруп калып жатпайбы. Ал эми базардагы баалар болсо өсүп жатат.
  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кеңсесинин кызматкери, журналист. 2011-жылы Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Коммуникация факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG