Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:22

Кыргызстандын БУУнун Коопсуздук кеңешине мүчөлүгү Бишкекте талкууланды


Кыргызстандын БУУнун Коопсуздук кеңешине туруктуу эмес мүчө болуп шайлануу маселеси Пакистандын тышкы иштер министри Хина Раббани Кхар айымдын Бишкекте шейшемби күнкү визити учурунда көтөрүлгөнүн президент Роза Отунбаеванын басма сөз кызматы жана тышкы иштер министрлиги (ТИМ) да ырастады. ТИМдеги булактардын айтымында, Кыргызстан он төрт жыл мурда көргөзүлгөн талапкерлигин бул шайлоодо Пакистандын пайдасына албай турганын ачык ишара кылды. Жума күнү БУУнун Башкы ассамблеясында Коопсуздук кеңешинин туруктуу эмес мүчөлүгүнө жаңы талапкерлер шайланат. Азия-Тынч океан чөлкөмүнө бөлүнгөн жалгыз орун үчүн Кыргызстан менен Пакистан атаандашууда. Пакистан басма сөзү Хина Раббани Кхардын Бишкекке жасаган визитин расмий Исламабадддын Коопсуздук кеңешинин туруктуу эмес мүчөлүгү үчүн күрөштө Кыргызстанды жарыштан чыгууга ынандыруу аракети катары мүнөздөгөн. БУУнун эң жогорку жана аткарууга милдеттүү чечимдерди кабыл алуучу органы – Коопсуздук кеңеши он беш мүчөдөн турат. Башкы ассамблеяда 21-октябрга мерчемделген шайлоодо ошол туруктуу эмес он мүчөнүн бешөөсү тандалмакчы. Анда шайланган беш өлкө Коопсуздук кеңешине алдыдагы эки жылга 2012, 2013-жылдарга мүчө болот. БУУга 1992-жылы кирген Кыргызстан Коопсуздук кеңешинин туруктуу эмес мүчөлүгүнө туңгуч ирет талаптанып жатса, атаандашы Пакистан бул органда азыркыга чейин алты мөөнөт, акыркы ирет 2003-2004-жылы кызмат өтөгөн. (UE/RK)

XS
SM
MD
LG