Линктер

Үңкүр-Тоого байланышкан кыргыз-өзбек сүйлөшүүлөрүнөн майнап чыга элек. Өзбекстан кармап кеткен телемунаранын төрт жумушчусун бошотпой жатат.

Жакынкы күндөрдө Аксы районуна барып, жергиликтүү элдин жашоосун көрүп келген “Ата Журт” партиясынын лидерлеринин бири Нурлан Шакиев Үңкүр-Тоо маселеси боюнча "Азаттык" радиосуна маек курду.

"Азаттык": Аксыдан жакында эле кайткан экенсиз, элдин чек ара боюнча пикирлери кандай экен?

Нурлан Шакиев: Аксыда эл жогорку жана жергиликтүү бийликке кыжырданууда. Себеп дегенде, дээрлик жарым айдан бери эч кандай кыймыл жок, натыйжа көрүнбөйт. Төрт жаран бошотула элек, өзбек күчтөрү чыгарылган жери жок. Сүйлөшүүлөр жүрүп атат деген менен өзбек тарап Үңкүр-Тоого эки жолу тик учак менен конуп, милиция кызматкерлеринби же аскерлеринби, айтор, түшүрүп жатканын көрүп жатышат. Өзбек тараптын өз позицияларын бекемдеп жатканына күбө болуп, эл абдан нааразы болуп жатыптыр.

"Азаттык": Сүйлөшүүлөрдөн натыйжа чыкпай жатканынын себебин эмнеден көрөсүз?

Нурлан Шакиев: Биринчиси, жогорку бийлик жетиштүү иш-аракеттерди көргөн жок. Ошол эле кезде жергиликтүү бийликтин шалаакалыгы себеп десек болот. Анткени жогору жакты эле карап отура бербей райондук жана облустук бийлик, Чек ара кызматы катуу иштеш керек болчу. Маселен, мурда мындай маселелерди кадыр-барктуу аким, губернаторлор эле чечип койчу. Бүгүнкү күндө начар аким, губернаторлор бийликте отурат. Алар эч кандай сүйлөшүү жүргүзбөй жогору жакты карап, алардын оозун тиктеп отура беришет. Жергиликтүү бийлик иштеп, үч-төрт күн ичинде эле чечсе болот эле. Мындай учурлар буга чейин деле көп болгон. Мисалы, Бекмамат Осмонов, Шермамат Осмоновдордун убагында деле кездешкен. Райондук, облустук бийлик башында күчтүү, кадыр-барктуу адамдар турганда мындайга жол берилмек эмес.

"Азаттык": Телемунаранын Өзбекстанда кармалып турган төрт кызматкеринин жакын арада бошотулушуна эл ишенип жатабы?

Нурлан Шакиев: Эгерде сүйлөшүүлөр жүрүп атат деп элди эптеп убактылуу тынчытып тура берсе, аларды бошотуу создугуп кетиши ыктымал. Анан бул маселе сууйт дагы салкын көз караш болуп калат. Андыктан тез арада сүйлөшүш керек. Өкмөт башчылардын жолугушуусунда канчалык деңгээлде сөз жүргөнүн билбейм, бирок менимче, Ислам Каримовдун тажыясына барганда бул маселе тууралуу олуттуу сүйлөшүү болгону күмөн туудурат. Ал жерде учкай эле сөз болсо керек. Ошондуктан аны жандантыш керек. Антпесе жергиликтүү элде нааразылык күч. Алардын кыжырдануусу күндөн-күнгө күчөй берет дагы бийлик элди башкара албай калышы мүмкүн. Аксылык жигиттер элге айтып атабыз, бул маселе дипломатиялык жол менен чечилет, сабыр кылып туралы деп. Бирок күндөн-күнгө кырдаал чыңалып атат. Андыктан муну алдын алуу керек.

"Азаттык": Кыргыз-өзбек чек ара көйгөйүнө президенттин кийлигишүүсү, мамлекет башчылардын деңгээлиндеги сүйлөшүүлөр гана чекит коет деген пикирлер көп. Сиздин көз карашыңыз?

Нурлан Шакиев: Негизинен Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы чек аралардагы талаштуу аймактардын баарын президенттердин деңгээлинде чечүү зарыл. Бирок ага чейин убакыт бар. Чек ара кызматы, өкмөттүн алдындагы делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча иш алып баргандар дыкат иштөөсү зарыл. Алар баарын даярдап бүткөндөн кийин мамлекет башчылардын сүйлөшүүсү болот. Ага чейин өкмөт башчы, Чек ара кызматы, жергиликтүү бийлик бир топ маселени чечип, алдыга жылдыра берсе болмок.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG