Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:50

Фатема Сумар: Борбор Азиянын “Жаңы Жибек жолу” бар


АКШ мамлекеттик катчысынын Түштүк жана Борбордук Азия аймагы боюнча жардамчысынын орун басары Фатема Сумар журналисттер менен сүйлөшүүдө. Бишкек, март, 2014.
АКШ мамлекеттик катчысынын Түштүк жана Борбордук Азия аймагы боюнча жардамчысынын орун басары Фатема Сумар журналисттер менен сүйлөшүүдө. Бишкек, март, 2014.

АКШ Борбор Азия, анын ичинде Кыргызстан менен болгон кызматташтыгын күчөтөөрүн бул өлкөнүн мамлекеттик катчысынын Түштүк жана Борбордук Азия аймагы боюнча жардамчысынын орун басары Фатема Сумар Бишкекте "Азаттыктын" суроолоруна жооп берип жатып билдирди.

Аймактагы энергетика тутумун колдоо, эркин сооданы өнүктүрүү жана Борбор Азия мамлекеттеринин ортосундагы бажы жана чек ара тоскоолдорун жеңилдетүү боюнча долбоорлорду колдойт. Буга байланыштуу АКШ мурда иштелип чыккан “Жаңы Жибек Жолу” концепциясын ишке ашыруунун шарттарын тездетмекчи. Бул тууралуу АКШнын мамлекеттик катчысынын Түштүк жана Борбордук Азия аймагы боюнча жардамчысынын орун басары Фатема Сумар Кыргызстанда болгон иш-сапарынын жүрүшүндө белгиледи.

- Фатема айым, айтсаңыз, АКШ өкмөтү “Жаңы Жибек жолу” концепциясынын алкагында кандай долбоорлорду ишке ашырууну мерчемдеп жатат?
АКШ жакынкы келечекте Борбор Азиядан Түштүк Азияга чейин электр энергиясын тартуу, аймактардагы соода байланыштарын өнүктүрүү, бажы, чек ара коопсуздугун бекемдөө менен тоскоолдуктарды азайтуу жана элдердин ортосундагы кызматташтыкты чыңдоо сыяктуу ири долбоорлорду колдоого алууда.

- Башында “Жаңы Жибек жолу” концепциясы 2011-жылы АКШнын мурдагы мамлекеттик катчысы Хиллари Клинтон тарабынан иштелип чыккан. Анда негизинен Ооганстандын коңшулаш өлкөлөр менен болгон байланышын карап чыгуу жана алардын тарыхый соода мамилелерин калыбына келтирүү идеясы болгон. Учурдагы мамлекеттик катчы Жон Керри да Ооганстандын гана эмес Борбордук жана Түштүк Азиянын аймактык коопсуздугун жана туруктуулугун бекемдөөгө көңүл бурууда. Сиздерге белгилүү болгондой, биз азыр Ооганстандан аскер күчтөрүн чыгарып жатабыз. Ал өлкөдө жаңы саясий трансформация жүрүп жатат. Ошондуктан мындагы коопсуздукту чыңдоонун бирден бир жолу бул - аймакта жайгашкан Ооганстандын жана анын кошуналарынын экономикалык байланыштарын өнүктүрүү.

Бул Ооганстанга гана эмес, Кыргызстан сыяктуу башка Борбор Азия өлкөлөрү үчүн дагы экономикалык жактан өтө чоң пайда алып келет. АКШ жакынкы келечекте Борбор Азиядан Түштүк Азияга чейин электр энергиясын тартуу, аймактардагы соода байланыштарын өнүктүрүү, бажы, чек ара коопсуздугун бекемдөө менен тоскоолдуктарды азайтуу жана элдердин ортосундагы кызматташтыкты чыңдоо сыяктуу ири долбоорлорду колдоого алууда.

CASA-1000 долбоорунун алкагында Кыргызстан менен Тажикстан Ооганстанга, Пакистанга жана Индияга электр энергиясын экспорттоо мүмкүнчүлүгүн алганы турат. Бул өтө уникалдуу долбоор. Себеби алгачкы жолу Борбор Азиядан Түштүк Азияны көздөй электр энергиясын берүү линиясынын курулушу быйыл жыл аягында башталганы турат. Дүйнөлүк Банк жакында аталган долбоорду каржылоону директорлор кеңешинин добуш берүүсүнө койсо, андан кийин экспорттоло турган электр энергиясынын баасын аныктоо сыяктуу техникалык маселелер тез эле чечилет деген ниеттемин.

- CASA-1000 долбоорун ишке ашырууга Өзбекстан каршы чыгып келет. Сиз Ташкенде болгон учурда бул маселе боюнча сүйлөшүүлөр болдубу? Деги эле Ташкендин бул долбоорго вето койууга укугу барбы?

- Ооба, мен бул боюнча Өзбекстандын тиешелүү өкмөт мүчөлөрү менен сүйлөшүп, АКШ аталган долбоорду колдой турганын билдирдим. Өзбекстан өкмөтү бул долбоор боюнча бир топ чочулоолору бар экенин Дүйнөлүк банктын өкүлчүлүгүнө да билдирип, биз менен да бул туурасында бөлүштү. Биз бул долбоордун техникалык жагын караштыруу боюнча дагы бир жолу жолугушуу өткөрүү чечимин колдойбуз.
АКШ Борбор Азиядагы кызматташтык үчүн Орусия менен же Кытай менен атаандашпайт. Биз аймактагы өлкөлөрдүн туруктуу өнүгүшүн жана мамлекеттик бүтүндүгүн колдоп келгенбиз жана келечекте да колдой турганыбызды айтым келет.

Ошондуктан Өзбекстан менен аймактагы суу-энергетикалык ресурстарды адилеттүү бөлүштүрүү маселесин талкуулоону улантып жатабыз. Бул долбоорго катышкан өлкөлөргө жана донорлорго Өзбекстандын CASA-1000 программасы боюнча дооматтары белгилүү. Акыркы сүйлөшүүлөр ийгиликтүү аяктаса, Дүйнөлүк Банк бул долбоорду андан ары жылдырууга даяр. Биз бул долбоор ишке ашат деген үмүттөбүз.

- Эл аралык абалдын өзгөрүшү “Жаңы Жибек жолу” концепциясын ишке ашырууда кандай тобокелчиликтерди жаратышы мүмкүн?

- Анын азыр эл аралык абал менен эч кандай байланышы жок. Ошол эле кезде, тактоо киргизип койо турган маселе бул концепцияны АКШ өзү эле ишке ашырбайт. “Жаңы Жибек жолу” бул аймактагы өлкөлөрдүн өзүнүн демилгеси жана иш-аракети менен гана ишке ашат. АКШ болгону аны ишке ашырууну дипломатиялык, каржылык жана саясий жактан гана колдоого алып турат. Мунун бир мисалы катары мына бул CASA-1000 долбоорун алсак болот.

- Учурда Кыргызстандын бийлиги эл аралык абалдын татаал экенине карабастан көп векторду тышкы саясатты сактап калууга аракеттенип жаткандай. Эгерде анын бул аракети майнап берсе АКШ Кыргызстанга саясий же экономикалык жактан конкреттүү көмөк көрсөтүүгө кепилдик бере алабы?

- АКШ Кыргызстандын элинин узак мөөнөттөгү өнөктөшү катары өзүн буга чейин эле көрсөткөн. Кыргызстанда экономикалык реформаларды жүргүзүүдө, жарандык коомдун институттарын түзүүдө жана мамлекеттик бийлик органдарынын натыйжалуулугун артырууда чоң жардам көрсөтүп келе жатат. Кыргыз өкмөтү менен позитивдүү шартта кызматташуунун мамилелери калыптанган. Мунун бардыгы мындагы адамдардын жана кыргыз өкмөтүнүн АКШ менен мындан ары да жемиштүү кызматташууну каалоосун чагылдырып турат.

АКШ Кыргызстандагы реформаларды буга чейин да колдоп келген, мындан ары дагы колдой бермекчи. Кыргызстан суверендүү мамлекет катары ар кайсы багытта өнүгүүгө мүмкүнчүлүгү бар. Экономикалык өнүгүүгө басым жасоодо бул абдан маанилүү. Кыргызстан бир эле учурда Орусиянын, Казакстандын компаниялары менен кызматташып, ошол эле кезде Түштүк-чыгыш Азия өлкөлөрүнөн инвестиция тартып келүүгө чоң потенциялы бар өлкө.

Кыргыз экономикасын өнүктүрүү үчүн буга чейин калыптанган салттуу базарлардан сыртка чыгууга эмнеге болбосун. Ал үчүн тиешелүү шарттар жана өбөлгөлөр жана эң башкысы каалоо гана керек. АКШ Борбор Азиядагы кызматташтык үчүн Орусия менен же Кытай менен атаандашпайт. Биз аймактагы өлкөлөрдүн туруктуу өнүгүшүн жана мамлекеттик бүтүндүгүн колдоп келгенбиз жана келечекте да колдой турганыбызды айтым келет.

XS
SM
MD
LG