Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:11

Эл аралык кризистик топ Оштогу этностук абал боюнча жаңы баяндамасын жарыялады.

"Кыргызстан: түштүктө этностук ажырымдын кеңейиши" деп аталган баяндамада өзбек тектүү жарандардын дагы да болсо куугунтукка кабылып, коомдук-саясий турмушка толук кандуу аралаша албай жатканы айтылган.

Баяндама боюнча кыргыз бийликтеринин пикири эки ача чыгууда: борбордук бийлик мындай көрүнүштү мойнуна алса, Ош шаарынын бийлиги баяндамадагы маалыматты четке кагып, анын чындыкка дал келбей турганын айтышууда.

Эки башка реакция

"Кыргызстан: түштүктө этностук ажырымдын кеңейиши" аттуу баяндамада дале да болсо өзбек тектүү жарандарга ар кандай куугунтуктоолор токтобой, алар коомдук-саясий турмуштан кодуланганы, өзбек ишкерлердин бизнесин күч менен тартып алуу көрүнүштөрү тыйылбаганы айтылган.

Ошондой эле кризистик топ эл аралык коомчулук көрсөткөн жардамдары жергиликтүү бийлик өз даңкын чыгарууга колдонуп, өз дарегине жетпей жатканын да баяндаган.

Өлкөдөгү этностук абал жөнүндө жакшы таасир калтырбаган бул баяндаманы Кыргызстандын бийлик өкүлдөрү деле танган жок.

Президенттин аппаратынын этностук, диний саясат жана жарандык коом менен мамилелер бөлүмүнүн башчысы Мира Карыбаеванын айтымында, кыргыз бийлиги үчүн баяндамада айтылган дооматтар мурдатан эле белгилүү болгон:

- Буга чейин бул сыяктуу ондон ашык иликтөө жарыяланган. Алардын баарында өзбек тектүү жарандардын көйгөйлөрү, алардын тартип коргоо органдары менен мамилеси, тил маселеси айтылган эле. Президенттин аппараты өзбек тектүү жарандарга байланыштуу бардык маселелер менен таанышпыз. Мындай маселелер чындыгында эле бар. Буларды чечүү үчүн сөздөн ишке өтүп, иштей турган мезгил жетти. Ошондуктан президент чыгарган бир катар указдардын алкагында иштеп жатабыз.

Мындан улам президенттин демилгеси менен этникалык абалды жөндөө максатында ири концепциялар иштелип жатканын Карыбаева билдирүүдө.

Борбордук бийлик түштүктөгү абалдын олку-солкулугун мойнуна алганы менен Ош шаардык бийлиги муну төгүнгө чыгарууда. Ош шаарынын вице-мэри Дастан Хожаевдин айтымында, "өзбек тектүү жарандар куугунтукталып жатат" деген сөз чындыкка дал келбейт:

- Бул чындыкка дал келбейт. Биз былтыртан бери эле "Ынтымак жылы" деп жарыялап, бир катар иштерди аткардык. Баяндамада "мамлекеттик органдар өзбектерди кодулап жатат" деп айтылганын толугу менен четке кагам. Айрым турмуштук пикир келишпестиктер болушу мүмкүн. Жалпысынан биз 2010-жылдагы окуялардын баарын изин өчүрүү үчүн иштеп жатабыз.

Оштогу шайлоо, 4-март, 2012-жыл

Оштогу шайлоо, 4-март, 2012-жыл

Эл аралык кризистик топ өз баяндамасында Ош шаарынын мэри Мелис Мырзакматовдун аракеттерин "улутчул" деп баса көрсөтүп, бийлик өкүлдөрүнүн улуттар арасындагы ынтымакты чыңдоо убадасынан майнап чыкпай жатканын жазган.

Ошол эле учурда эл аралык уюмдун Борбор Азиядагы долбоорунун жетекчиси Пол Куин Жаж өзбек тилиндеги көптөгөн маалымат каражаттары жабылып, өзбек тектүү жарандардын өз кызматтарынан куулуп жатканына өзгөчө маани берген.

Кыргыз бийликтерине берген сунуштарынын алдыңкы сабында да 2010-жылдагы окуядан соң жумуштан куулгандарды кайрадан мамлекеттик кызматтарга тартып, өзбек тилиндеги маалымат каражаттарын жандантууну көрсөткөн.

Саясий кызыкчылык

Оштук укук коргоочу Изатулла Рахматуллаевдун пикиринде, өзбек тектүүлөр бийлик өкүлдөрү тарабынан кодуланып жатат дегендин жөнү жок:

- Азыркы күндө андай мамиле деле жок. 2010-жылдагы окуялардан соң мындай учурлар болгон. Бирок азыр ким кайсы органга кабылса, өз кайрылуусуна жооп алып жатат.

Анткен менен Рахматуллаев өзбек тилдүү маалымат каражаттарынын жабылышынан улам жергиликтүү калк маалымат алуу укугунан ажырап калганын жашырбайт.

Ошол эле учурда мурдагы кыргыз-өзбек университетинде (азыркы Мамлекеттик социалдык университет) буга чейин иштеген атын атагысы келбеген илимдин кандидаты улуту өзбек болгону үчүн жумуштан куулгандар арбын экенин айтты. Өзү да мындай кодулоого тушуккан окутуучу ушундай көрүнүштөр ар түркүн амалдын негизинде ишке ашканын билдирди:

- Ректордун же башканын атынан кысым көрсөтүлгөн жок. Бирок "ОБОН" деген аялдар болгон, алардан бир-эки аялды алып келип койдуруп, "сендейлерди өнүктүрбөйбүз, сендейлерди кетиребиз" дешкен.

Өз кезегинде кыргыз бийлик өкүлдөрү да өзбек тектүүлөрдүн коомдук-саясий иштерге катышуусу басаңдады дегенди четке кагышууда. Буга мисал катары жакында өткөн Ош шаардык кеңешиндеги шайлоодо үч партиядан 10го жакын өзбек тектүү жарандын депутаттыкка шайланганын көрсөтүп жатышат.
Айрым турмуштук пикир келишпестиктер болушу мүмкүн. Жалпысынан биз 2010-жылдагы окуялардын баарын изин өчүрүү үчүн иштеп жатабыз.

Өлкөдөгү этникалык саясат эмне үчүн ушул күнгө чейин эл аралык уюмдардын сынына кабылууда? Мунун себебин улуттар арасындагы мамиле боюнча изилдөөлөрдү жүргүзгөн талдоочу Руслан Ташанов бийлик өкүлдөрүнүн кыргыз-өзбек мамилесин саясий кызыкчылыкка пайдаланышынан көрөт:

- Учурда борбордук бийлик менен аймактагы бийликтин бир багыттагы саясаты, стратегиясы жок. Булар эки ача позицияны карманып жатышат. Саясий күчтөрдүн бийликке умтулуусунда улуттук азчылыктардын картасын ойнотуп жатышат. Мунун баары азыркыдай натыйжага алып келүүдө.

2010-жылдын 10-июнь күнү кечинде Ош шаарында жаңжал чыгып, ал улут аралык араздашууга айланып кеткен. Бул кагылыштын кесепети 400дөн ашык адамдын өлүмүнө алып келген. Окуяны иликтеген комиссиялар коогага күнөөлүү катары Кадыржан Батыров, Иномжан Абдрасулов баштаган өзбек диаспорасынын мурдагы жетекчилерин жана өз убагында чара көрбөгөн айрым бийлик өкүлдөрүн белгилеген.

Эл аралык кризистик топ БУУ баш болгон эл аралык уюмдарга Кыргызстандагы абалга кылдат көз салууну чакырган.
  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кеңсесинин кызматкери, журналист. 2011-жылы Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Коммуникация факультетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG