Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:22

Кыргыз-өзбек жана кыргыз-тажик чек аралары мурдагыдай эле көйгөйлүү бойдон калууда.

Мыйзамсыз аракеттердин жана чатактардын басымдуу бөлүгү так ушул тилкелерде катталат. Бул тууралуу Чек ара кызматынын журналисттер менен Ошто өткөн жолугушуусунда маалым болду. Ал ортодо чек арага жакын жашаган тургундар чек аранын жабыктыгынан азап тартып жатканын айтып келишет.

Эгемендик алгандан бери чек ара маселесинде Кыргызстан коңшу өлкөлөр менен чечишип алган жагдайлардан да чечилбегени көп бойдон калууда. Өзгөчө Тажикстан жана Өзбекстан менен кесилишкен тилкелерде көйгөйлөр азыркыга чейин толтура.

Улуттук коопсуздук кызматынын чек ара аскерлеринин жетекчи орун басары Таалайбек Адашпасов чек арачылардын кесиптик майрамын утурлай өткөрүлгөн брифингде буларга токтолду:

- Азыркы учурда кыргыз-өзбек жана кыргыз-тажик чек ара тилкелери эң көйгөйлүү болуп турат. Чек араларды басып өтүүдөгү мыйзамсыздыктар, жаңжалдар так ушул өлкөлөр менен кесилишкен жерлерде көп болот. Буларга салыштырмалуу Кытай жана Казакстан менен болгон чек ара бир топ стабилдүү жана маселе жаратпайт.

Канткен менен 13 жылдык тажрыйбага ээ Чек ара кызматы чек араны коргоодо жана сактоодо жаңы багыттарга баш урууда. Мунун алкагында 2022-жылга чейин атайын стратегиялык пландар иштелип чыкты. "Ошого карабай чек арачылардын саны дагы деле аз" экенин моюндайт Адашпасов:

- Жашырып кереги не, сан жагынан алганыбызда чек арада чек арачылар жетишсиз. Бирок биздин жеке курамдын абалы, физикалык жактан даярдыгы жана моралдык-психологиялык духу күнү-түнү кайсы мезгилде болбосун Кыргызстандын чек ара тилкесин жетиштүү деңгээлде коргоп алууга толугу менен жетет.

Көптүн иши көп...

Деген менен чек ара тилкелериндеги мыйзамсыз аракеттер азайып кеткен жок. Жыл башынан бери эле мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип өткөн 59 киши кармалып, режимди бузган 32 факты катталган. Бирок чек араны бузуулар чынында мындан да көп экенин чек аралаш аймактагылар белгилешет. Араван районунун Чек-Абад айыл округ жетекчиси Рафыкжан Эргешов:

- Чек араны мыйзамсыз кесип өтүүлөрдү алдын алуу өтө кыйын экен. Чек ара тилкесинде жайгашкан үй болсо, андан кайсы мезгилде өтүп кетип жатканын чек арачылар деле, жергиликтүү бийликтер деле аныктай албай калат экенбиз. 50 метр ары жакта бата болуп калса, тажия болуп калса аттап өтүп кете беришет экен. Апасы, атасы, же башка бир тууган коңшу мамлекетте болуп ооруп калса, кабар алыш керек болуп калат экен. Мунун баарын токтотууга мусулманчылыкта ылаанжы жок экен. Колдон келишинче түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатабыз, бирок чынында андай фактылар көп.

Эргешов бул көйгөйдү негизинен чек арачылардын жетишсиздиги менен байланыштырууда:

- Чек аралаш айыл округунун жетекчиси катары билгенимди айта алам: Өзбекстандын чек ара кызматкерлери биздикине караганда өтө көп. Кыргызстандын чек арачылары жетишсизирээк деп айтсам жаңылышпайм. Эми бул өтө эле көп таасир этет дегенге жатпайт, бирок көптүн иши көп да.

Ал эми Кара-Суу районунун тургуну Адылбек Айбашев чек ара тилкелеринин жакшы каралбаганынан коңшу өлкөнүн чек арачылары Кыргызстан ичинде ээн-эркин басып жүргөнүн ачыктоодо:

- Чек араларыбыз ачык эле жатат. Өзбекстандын чек арачылары биз жакка каалагандай өтүп эле, кирип-чыгып жүрүшөт. Ошол жерде биздин чек ара кызматкерлери көрүнбөйт.

Чек ара тилкелериндеги бүтпөгөн көйгөйлөр кыргыз-өзбек жана кыргыз-тажик тараптардын линияны толук тактай электиги менен да байланыштуу дешет адистер. Бул жаатта бир чечимге келүү үчүн жергиликтүү деңгээлде кайра-кайра талкуулар өткөн менен өкмөттүк келишимдер создуктурулуп келет.
  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Ош облусундагы кабарчысы. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG