Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 21:41

Баткен чек ара аймактарында жашагандар өз жарандарын коргой албай жатат деп, өкмөткө нааразылык билдиришүүдө. Буга кыргыз-өзбек чек арасында өзбекстандык чек арачынын колунан кыргызстандык жарандын окко учушу себеп болду.

Ошентип 19-июндан оогон түнү чек аралаш Айдаркен чек ара бекетинде, Гүлпиян деген жерде өзбекстандык чек арачы аткан октон Тагаев Бакыт аттуу 37 жаштагы жаран мерт болуп калды. Ал Кадамжай районундагы Марказ айыл округунун тургуну экен.

Бул окуяга байланыштуу жергиликтүү 200дөн ашык киши Кызыл-Кыя-Кадамжай жолун 2 сааттай бууп, өзбекстандык чек арачыны жазалоону талап кылышты. Окуя парламент сессиясында талкууланды.

Кыргызстан Тышкы иштер министрлиги Өзбекстанга нота жолдоп, анда өзбекстандык чек арачы кыргызстандык жаранды Кыргызстан аймагына кирип келип өлтүргөндүгү белгиленип, чара көрүүнү талап кылды.

Бакыт Тагаев атылып, каны чачыраган жер.

Бакыт Тагаев атылып, каны чачыраган жер.

Ушул өңдүү кайгылуу жана жагымсыз жагдайларга кирептер кылган чатактарды кантип азайтса болот? "Арай көз чарай” талкуусунда Кыргызстандын Өзбекстан, Тажикстан менен чектешкен аймактарындагы тынымсыз жаңжалдар канткенде басылат, Жогорку Кеңеш депутаттарынын Баткен облусун жоюп, республиканын карамагына өткөрүү, чек ара кызматын кайра аймакка көчүрүү демилгелери канчалык жүйөлүү, чек ара кызматын күчтөндүрүүгө эмне тоскоол болуп жатат деген маселелерге көңүл бурулду.

Талкууга вице-премьер-министр Токон Мамытов жана “Альфа” антитеррордук коомдук уюмдун жетекчиси, мурдагы коопсуздук кызматкери Артур Медетбеков катышты.

Талкууну толугу менен бул жерден угуңуз:


“Азаттык”: Оор кесепеттерге алып келип жаткан ушул өңдүү чыр-чатактарды тыюу үчүн Баткен облусун жоюу, чек ара кызматын кайра Ошко көчүрүү, анын бюджетин көбөйтүп, күчтөндүрүү керек деген демилгелер чыгып атат. Бүгүн аларды ишке ашыруу канчалык мүмкүн?

Артур Медетбеков: Менин оюмча азыр Баткен облусун жоюунун да, чек ара кызматын которуунун да кереги жок. Эң негизгиси чек арачылар өз милдетин аткарганга даяр болушу керек. Тилекке каршы, акыркы окуялар башка картинаны көргөзүп жатат. Кечээ түнү өлгөн жаранды биздин аймактан атып атпайбы.

Машина менен сүзүп жатса, Чарбакка кирип барып барымтага алса, биздин чек арачылар эмнеге оозун ачып турат? Ошого жараша адекваттуу жооп бериш керек эле да. Мындайча айтканда, шалаакылык кылып жатышпайбы.

Экинчиден, Токон Болотбекович айтып кетти: милдеттүү түрдө булардын финансылык каражатын чоң деңгээлге көтөрүш керек. Азыр Чарбак менен Он-Адырда 2 чек ара бекетибиз болсо, Өзбекстандыкы жетөө. Демек ал жактагы жоокерлердин санын көбөйтүүбүз керек.

Эң негизгиси биздин ошол чек аралардагы айылдарда жашаган адамдарга өзүн алып жүрүү боюнча түшүндүрүү иштерин да жүргүзүү керек. Тилекке каршы кээде алар өздөрү да тартипти бузуп койгон окуялар болуп атат. Ошонун баары комплекстүү иштелсе анда бир жылыш болот. Жөн салды пикирлерди айта бергенден эч нерсе өзгөрбөйт.

Андан да чоң жаңжалдар чыгып кетиши мүмкүн. Мисалы, ошол жактагы адамдар чек ара боюнча көп эле жазып атышат президентке. Ала-Букадагы Көк-Таш айылынын тургундары "чечип бергиле, акыбал кыйын" деп бир айдан бери жазып атышат. Качан гана ок атылып, бир киши жарадар болгондо көңүл бурулабы?

Токтон Мамытов: Чек ара кызматын Ошко которсун деп жатат. Бирок анын каражаты канча? 100 кишини которгон күндө да турак-жай маселесин чечип бериш керек. Үй-бүлөсү, өздөрү каякка жашайт? Биринчи кезекте акчаны бөлгүлө, чек арачыларга базаларды, отряддарды, үйлөрдү куруп бергиле, анан барат.

​Генерал Артур Медетбеков туптуура айтты: эки чек ара бекетиндеги 50 жоокер кайда чуркап жетишет? Машине менен барайын десе майы жок, жөө барайын десе кийими бүтүн эмес. Акчаны бөлүп берип туруп анан үй-жай бердик, машине, мотоцикл, танктарды алып бердик, анан эмнеге кайтарбайсыңар десе жарашат. Ошол чек арачыларды күнөөлөгөндөр алгач ошол чек ара бекеттери коңшу мамлекеттердин жарымына келеби деп суроо бербейби. Кыргызстандын чек арачылары Өзбекстандыкынан 10 эсе аз. Тажикстандан 3 эсе аз. Эмне үчүн муну эске алып, жардам беришпейт?

Бул иш сиздин же менин, же генерал Артур Медетбеков үчөөбүздүн колубуздан келбейт. Баарыбыз жапа тырмак, мамлекеттик деңгээлде чечүүбүз керек. Тиешелүү мыйзамдарды кабыл алыш керек, социалдык жардамдарды бериши керек. Бюджеттен каражат бөлдүрүп, кичине болсо да чек арачылардын санын көбөйтсүн. Бүгүн алардын он аскери турган жерде биздин бир аскер турат. Ал эмнеге жетишет?
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG