Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:38

Президент Атамбаев Өзбекстанга барды


Кыргыз-өзбек президенттери жолукту
please wait

No media source currently available

0:00 0:00:27 0:00

Кыргыз-өзбек президенттери жолукту

Президент Алмазбек Атамбаев 24-декабрда иш сапар менен Өзбекстандын Самарканд шаарына барды.

Сапар учурунда Атамбаев Өзбекстандын туңгуч президенти Ислам Каримовдун мүрзөсүнө барып куран окуп, гүлчамбар койду.

Андан кийин Кыргызстан жана Өзбекстан президенттери Самаркандагы өзбек-немис Man Auto-Uzbekistan биргелешкен ишканасын кыдырып чыгышты. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка караганда, кыргыз тарап аталган завод чыгарган техникалардын үлгүсү менен таанышты. Ошондой эле Өзбекстандын текстиль жана автоунаа өнөр жайы, элдик керектөө шаймандарынын көргөзмөсүнө күбө болушту.

Президент Алмазбек Атамбаев өзбек лидери Шавкат Мирзиёев менен жолугушуу учурунда ага сапар менен келүүгө чакырганы үчүн ыраазычылык билдирди. Көз карандысыздык үчүн күрөштүн убагы бүткөнүн, эми экономикага, мамилелерди өнүктүрүүгө басым жасап, чектөөлөр менен маанисиз тоскоолдуктарды алуу керектигин айтты. Ошондой эле эки элдин илгери жалпы мамлекети - Кокон хандыгы болгонун, ортодо чек ара жок болгонун эске салды:

- Өзбекстан менен чектөөлөрдү алууга мезгил келди. Адамдар чек араларды сезбеши үчүн биз баарын жасашыбыз керек, - деди Атамбаев.

Президент бүгүнкү жолугушууну жакшы белги деп атады. 20 жыл илгери дал ушул күнү Ташкентте Өзбекстан менен Кыргызстан ортосунда түбөлүк достук жөнүндө келишимге кол коюлганын эске салып, бул күнү кызматташтыктын жаңы барагы ачылып жатканын белгиледи.

Атамбаевди тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев, президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн жетекчиси Сапар Исаков, Өзбекстандагы элчи Данияр Сыдыков, вице-премьер-министр Жеңиш Разаков, мамлекет башчынын кеңешчиси Калыкбек Султанов коштоп жүрөт.

PS: "Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG