Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:08

Ош: өзбек ырчыларынын өтпөй калган концерти


"Беном" тобунун ырчылары - Сарвар жана Камил. Сүрөт топтун архивинен продюсердин уруксаты менен алынды.
"Беном" тобунун ырчылары - Сарвар жана Камил. Сүрөт топтун архивинен продюсердин уруксаты менен алынды.

Өзбек жаштарынын арасында белгилүү "Беном" тобунун Ош шаарындагы эки күндүк концерти түшүнбөөчүлүктөн улам болбой калды.

Уюштуруучулар буга өзбек тараптын түшүнүксүз жообу себеп экенин айтууда. Ал эми ырчынын продюсери кыргызстандык уюштуруучулар макулдашуу эрежелерин сактабаганын негиз кылып жатат. Азыр билеттин акчалары кайтарылууда.

"Беном" тобунун ​болбой калган концерти

Жаштар арасындагы популярдуу "Беном" тобунун концерти 19-20-мартта Оштогу Бабур атындагы театрда жана "Азизим" ресторанында болмок. Топтун эки солисти Камил жана Сарвар кыргызстандыктарга жылуу саламын жолдоп, концертке келгиле деп, видеокайрылуу да жасашкан эле. Күтүүсүздөн концерт боло турган күнү токтотулду.

Концертти уюштуруп жаткан оштук ишкер Авазбек Хабибуллаев шериги экөө кыштын этегинде ырчылар менен сүйлөшүү жүргүзүп, алдын ала төлөмдөрдү бергенин белгилейт:

- Кыргызстан менен Өзбекстандын мамилесинин оңдолушуна салым кошолу дегенбиз, бирок болбой калды. Биз бул жактан алар сураган документтерди даярдап, айткан нерселерин жөнөткөнбүз. Нооруз майрамы себеп болуп, аларды чыгарбай койду окшойт, күттүк эле. Калктын алдында кыжалат болуп турабыз. Бирок кайра уюштурабыз деген оюбуз бар. Биз мында бирөөнү күнөөлөгөндөн алыспыз. Биз аларга алдын ала үч миң доллар бергенбиз. Банктын эсептик дүмүрчөктөрү колубузда бар. Алар акчаны кайтарууну каалабай жатат.

"Беном" тобунун концерти үчүн 400дөн ашуун билет чыгарылып, сатылган. Азыр түшкөн акча ээлерине кайтарылууда.

Залдын ижара акысына жана жарнамаларга 1000 доллардай каражат сарпталган.

Топтун концерт тууралуу жарнамасы
Топтун концерт тууралуу жарнамасы

Концертти "Ынтымак" радиосунун журналисти Фархат Маткасымов алып бармак. Концерттин болбой калганын ал "Беном" тобунун жана продюсеринин шалаакылыгы катары мүнөздөп жатат:

- Мен башында концерт болоруна ишенбедим. Радиодон реклама кылып берүүнү сурашты эле, алгач өзүм тактайын дедим. Өзбекстандагы "Водий садоси" ("Өрөөн жаңырыгы") деген радионун директоруна байланыштым. "Беном" тобунун продюсерине чалып тактадым. Алар бышыкташты. Мен жарнама үчүн видеокайрылуу сурадым. Алар жөнөтүштү. Анан мен эфирге жарнама бере баштадым. Эми мындай жагдай болуп калды. Мен муну ошол ырчылардын жана алардын жетекчилигин күйөрмандарды тоготпогону катары баалайм.

Продюсердин жообу

Өтпөй калган концерттин чоо-жайын билүү үчүн "Беном" тобунун продюсери Жамшид Хожиниёзовго телефондон байланышканыбызда ал күнөөнү кыргызстандык уюштуруучуларга оодарды:

- Коңшу мамлекетте болобу, каерде концерт койсок да, уюштуруучулар биз менен түз байланышып, макулдашуусу керек. Булар андай кылышпады. Ортого тааныш салышты. Сүйлөшүү жүрдү. Биз макул болдук. Өзбекстандык ырчылар чет жакта гана эмес, өлкө ичинде концерт бериши үчүн да мамлекеттик органдардан уруксат алышы керек. Оштогу уюштуруучуларга тийиштүү документтерди жөнөткүлө деп айттык. Бирок алар кечиктиришти. Концерт жакындап калды, бирок эч кандай маалымат келбеди. Анан өзүбүз телефон чала баштадык. Анткени аларга ишенип, видеокайрылуу жасап, элди концертке чакырып койгонбуз.

Жамшид Хожиниёзовдун айтымында, чет элде концерт коюу үчүн документтер Маданият министрлигине жөнөтүлүп, адистер аны 14 күндөн 30 күн аралыгында карап чыгат. Анын жыйынтыгы менен уруксат берет же бербейт:

- Алар тийиштүү документтерди жана катты эртең концерт дегенде, 18-март күнү кечинде жөнөтүп жатышпайбы. Элестетиңиз, эртең концерт болушу керек. Дагы белгилей кетчү нерсе, уюштуруучулар катты мага эмес, Маданият министрлигине жөнөтүшү зарыл эле. Ушунча болуп калды деп, катты "Узбекнаво" мамлекеттик мекемесинин адистерине көрсөттүм. Ал уюм концерттерди көзөмөлдөйт. Бирок мындай кыска убакытта маселени чечүү мүмкүн эместигин айтышты.

Уюштуруу иштеринин чабалдыгын сындаган продюсер Жамшид Хожиниёзов алдын ала төлөм болбогонун айтып, бул жаатта комментарий бербей турганын билдирди. Эгер бардык эрежелер аткарылса, кийинчерээк келип ырдап берүүгө даяр экенин белгиледи.

Бул маселе өзбек шоу-бизнесин тескеген sayyod.com сайтына 21-мартта баш макала болуп жарыяланды. Анда Ошто өзбек ырчыларынын атын сатып, жалган концерт уюштуруп жаткан топ бар экени белгиленет. Жакын арада Ошто "Алишер Файз аттуу ырчы концерт тартуулайт" деген сөздөр да чындыкка коошпостугу айтылат.

2015-жылы ташкенттик ырчы Улугбек Рахматуллаевди концерти болот деп элге 500дөн ашуун билет 1000-1200 сомдон сатылган. Бирок ал концерттен ырчынын өзү кабарсыз болуп чыккан. Акча топтоп кеткен шылуундар ким экени азыркыга чейин белгисиз.

Ош жана Жалал-Абад шаарларында мурда өзбекстандык ырчылардын такай концерттери уюштурулуп келген. 2010-жылдан кийин бул жөрөлгө токтоп, беш жылдан соң акырындап жандана баштаган. Былтыр күзүндө өкмөттөр аралык "Достук жолугушуулары" өтүп, эки өлкө ырчылары ыр-майрам сунушташкан. ​

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG