Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 08:45

Өзбекстандын өкмөттүк делегациясы Ошко келди


Өзбек өкмөтүнүн атынан Ош шаарына конокко келген делегацияны жергиликтүү бийлик "Достук" чек ара бекетинен тосуп алды.

140 адамдан турган топту эртең менен вице-премьер-министрлер Мухамедкалый Абылгазиев жана Жеңиш Разаков баштаган расмийлер күтүп алышты.

Коңшулардын сапарына байланыштуу Ошто бир катар маданий иш-чаралар, айыл чарба жармаңкеси уюштурулат. Соңунда эки өлкө ортосундагы кызматташтыкты жакшыртуу, байланышты бекемдөө боюнча документтерге кол коюлат.

Ал арада өлкө башчы Алмазбек Атамбаев Өзбекстандын президентинин милдетин аткаруучу Шавкат Мирзиёев менен бүгүн телефондо сүйлөшүп, эки тараптуу кызматташуу маселелерин талкуулашканы белгилүү болду. Мамлекет башчынын басма сөз кызматы билдиргендей, Атамбаев Бишкек менен Ташкенттин ымаласын бекемдөө жаатында өзбек бийлигинин кызыкдарлыгын баалап, ыраазычылык билдирди.

Өзбекстандык делегация Ошко келди
please wait

No media source currently available

0:00 0:00:58 0:00

2-октябрда 130 адамдан турган кыргызстандык делегация Анжиян шаарына барып, өз ара алаканы чыңдоо, чек ара маселесин чечүү боюнча сүйлөшүп, маданий саамалыктарга катышып келген.

Өзбекстандык делегацияны тосуп алгандардын арасында белгилүү ырчылар болду
Өзбекстандык делегацияны тосуп алгандардын арасында белгилүү ырчылар болду

Ташкенттин өзүнүн атайын чакыруусу менен барган кыргыз делегациясын “Достук” чек ара бекетинде Өзбекстандын премьер-министринин орун басары Адхам Икрамов башында турган расмий өкүлдөр тосуп алган. Кыргызстандык делегациянын курамында биринчи вице-премьер-министр Мухаммедкалый Абулгазиев, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын жетекчилери, маданий ишмерлер жана улуттук борборлордун башчылары болгон.

Өзбек тарап меймандарды Анжиянды түрө кыдыртып, ыр-бий, дасторкон толо дүйүм тамактар менен коноктогон эле. Сапардын соңунда тараптар эки өлкөнүн мамилесин жөнгө салчу меморандумга кол коюшкан.

Акыркы он жылга жакын убакыттан бери эки өлкөнүн карым-катышы сууп, чек ара аймактарда чыңалган абал жаралган эле.

Иш-чарада тартылган сүрөттөрдү да сунуштайбыз:

PS: "Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG