Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:50

Парламент Өзбекстанга сууну токтотууну сунуштады


Токтогул суу сактагычы, Жалал-Абад облусу, 18-январь, 2013
Токтогул суу сактагычы, Жалал-Абад облусу, 18-январь, 2013

Жогорку Кеңештин Отун-энергетика комплекси жана жер казынасын пайдалануу комитети өкмөткө Газ блокадасына жооп иретинде Өзбекстанга сугат учурунда суу берүүнү токтотуу сунушун жолдоду.

Кыргызстандын түштүгү газсыз калганына бир айдан ашык убакыт өттү. Ал эми кыргыз жана өзбек мамлекеттеринин ортосундагы мамиленин салкындаганына көп жыл болуп калды. Газ берүүнү токтотуу акыркы экономикалык байланыштарды үзүп, эки тарап бири-бирине залал келтирүү жагына өтө баштаганынан кабар берет.

Сууну токтотуу сунушу "суу кечеби"?

Буга чейин деле дурус болбогон Кыргызстан менен Өзбекстандын мамилеси Бишкектин Камбар-Ата-1 ГЭСин куруу аракетинен кийин татаалдашты. Чек аралардын аныкталып бүтө электиги, андагы талаш-тартыш жерлер потенциалдуу чыр-чатактардын уюгуна айланып турат.

Мына ушундай шартта түштүк регионго “Узтрансгаздын” газ берүүнү токтотуусу жана өзбек өкмөтүнүн сүйлөшүүгө келбей жатышы Бишкек менен Ташкендин мамилесин ого бетер муздатууда. Президент Алмазбек Атамбаев Кытайдагы сапары учурунда газ маселесине токтолуп, “ишенимсиз газ сатуучудан кеткенибиз туура болгонуна канчанчы жолу ынанып жатабыз” деп билдирген. Мамлекет башчысы ошондой эле “биз менен чек ара маселеси бар өлкөлөрдөн газ боюнча көз каранды болбошубуз керек” деп кошумчалган.

Газ блокадасына жооп иретинде Өзбекстанга сугат мезгилинде суу берүүнү токтотууну Жогорку Кеңештин Отун-энергетика комплекси жана жер казынасын пайдалануу комитети 21-майда өкмөткө сунуштады.

Комитеттин төрагасы Кожобек Рыспаев чечим кабыл алыш үчүн даярдыктар көрүлүп жатканын билдирди:

- Өкмөткө сунуш болду. Эми анын үстүндө бөлүм иштеп жатат. Туура чечим кабыл алууну иликтеп жатабыз. Өкмөттөр аралык макулдашуулар бар. Аны аткарыш керек. Андан чыгыш керекпи, чыкпаш керекпи, кандай кылууну билишибиз керек. Ошондуктан өкмөттөн корутунду сурап туруп, анан кийин чечим кабыл алабыз. Бирок ошондой сунуш кылдык.

Акыркы айла

Коомдук ишмер Базарбай Мамбетовдун маалыматына караганда, 14-апрелде Өзбекстан түштүк регионго газ берүүнү токтоткондон кийин, 16-апрелде Ташкенде региондогу мамлекеттердин суу-чарба иштери боюнча координациялык кеңештин жыйыны болуп, анда кыргыз делегациясы быйылкы жылы Өзбекстан, Казакстанга сууну үзгүлтүккө учуратпай беребиз деген милдеттенме алган. Кыргыз тарап Токтогул суу сактагычынан да тийиштүү өлчөмдө Өзбекстанга суу берүү милдети жазылган протоколго кол коюп берген. Мамбетов бирок буга карабай Кыргызстан Токтогулдан суу берүүнү азайтууга барыш керек деп эсептейт:

- Биздин депутаттар туура эле айтып атат. Таза айла калбай калгандан кийин биз акыркы рычагыбызды колдонушубуз керек. Азыр Нарын бассейнинде суу аз болуп жатат, өзүбүзгө суу жетишпей калды деп Өзбекстанга Токтогул суу сактагычынан кетип аткан суунун көлөмүн азайтсак болот.

Мурун өкмөттө вице-премьер-министр болгон Базарбай Мамбетовдун айтымында, 2000-жылы Өзбекстан Кыргызстанга бир жарым ай бою газ берүүнү токтоткон. Ошондо Кыргызстан Үч-Коргон суу сактагычынан Наманган каналына бараткан сууну бир жумага жабууга барган. Суу жабылгандан эки күндөн кийин өзбек делегациясы сүйлөшүүгө келген. Ошондуктан түштүккө газ берүүнү калыбына келтирбесе, Кыргызстанда башка айла калбайт, - дейт Мамбетов.

Кыргыз өкмөтү азырынча андай кескин кадамдарга бара элек. Бирок парламенттеги сунуштар андай варианттар каралып жатканын кабарлайт. Суу рычагын пайдалануу канчалык натыйжа беришин айтуу кыйын. Анткени электр энергиясын иштеп чыгуу үчүн Бишкек баары бир кайсы бир өлчөмдө сууну агызууга аргасыз. Эгерде Камбар-Ата-1 ГЭСи курулган болсо, анда абал кескин өзгөрөт. Ошол себептен Ташкен бул долбоорго каршы чыгып келатат.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG