Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:48

Улуу Жеңиштин 68-жазы


Улуу Жеңиштин 68 жылдыгына арналган салтанат Бишкектеги "Жеңиш" аянтында өттү.

Салтанатка чакырылган ардагерлер саат тогуздан баштап эле келе баштады. Аларды Георгий тасмасын төшүнө тагынган мектеп окуучулары кол чаап тосуп алып жатышты.

Мындан 68 жыл мурда Улуу жеңиш оңойго турбаганын, кан күйгөн майданда 5 бир тууганынан айрылганын белгилеген согуш ардагери Саркү Исаев дүйнө жүзүндө тынчтык болсун деген тилегин айтты.

- Мен 17 жашымда согушка кеттим. 5 бир тууганымдан айрылдым. Согуштун жүзү курусун. Бул жеңиш оңойго турган жок. Бул жеңиш бүткүл дүйнөдөгү адамдарды азаттыкка алып чыккан майрам.

Тарых барактарында СССРдин 8,5 миллиондон ашуун аскери окко учуп же жарааттан набыт болгону, фашисттик Германиянын 7 миллиондон ашуун жоокери жок кылынганы, согуш мезгилинде СССРдин жалпы аймагынан 26,6 млн. адам каза болгону жазылган. Дүйнө жүзү боюнча Экинчи дүйнөлүк согушта 54 миллиондон ашуун адам набыт болгондугу айтылып жүрөт.

Ал эми Кыргызстандан Ата Мекендик согушка 360 миңден ашуун жоокер катышып, 130 миңден ашууну кайтпай калган. Оорукта канча кыргызстандык каза болгондугу тууралуу так маалымат жок.

Ошол кан күйгөн майданда кыргызстандык 150 миңден ашуун адам орден, медалдар менен сыйланып, 72 адам эрдик көрсөтүп Советтер союзунун баатыры наамына татыктуу болгон. Бүгүнкү күндө өлкөдө Улуу Ата Мекендик согуштун 2 миңге жетпеген ардагери калды.

Салтанатка чакырылган ооруктун ардагерлеринин бири, 79 жаштагы Акчабек Кушубаков аксакал согуш мезгилинде 4-класстан баштап мал бакканын, бирок ал ооруктун ардагерлерине берилүүчү жөлөк пул албастыгын айтты.

- Тылда иштегендерге 5 миң сомдон берип жатыптыр. Мен тиешелүү жерлерге барып “кудалаганым" жок. Менин эмгегимди 1948-жылдан баштап эсептеп коюшуптур. Болбосо мен 44-жылдан баштап мал багып иштегем.

Акчабек Кушубаков аксакал белгилегендей, согуш мезгилинде 12-13 жашында оорукта иштегендердин көбү мамлекет тарабынан жөлөк пул алышпайт.

Бийлик согуштун ардагерлерине өзгөчө көңүл бурулуп жатканын белгилеп келет. Ал эми парламент депутаты Наталья Никитенко болсо согуш ардагерлерине медициналык жактан жеткиликтүү жардам көрсөтүлбөй жатканын парламент трибунасынан айтып чыккан.

Президент Алмазбек Атамбаев Улуу жеңиштин салтанатында сүйлөгөн сөзүндө согуштун жана ооруктун ардагерлерине мамлекет тарабынан ар тараптуу жардам көрсөтүлөрүн, эки жылдан кийин жеңиштин 70 жылдыгы жогорку деңгээлде уюштуруларын баса белгиледи.

- Кыргызстан даңгыр жолдун башында турат. Турмуш оңолот. Ошол жакшылыкты көрүп калгыла. Жамандыкты амандык жеңет дейт. Ошондуктан урматтуу ардагерлер, менин силерге бир гана каалоом бар: көп жашагыла!

Жеңиштин урматына уюштурулган иш-чара талаа чатырында согуш ардагерлерине фронттук ботко, 100 грамм арак берилип, концерттик программа менен жыйынтыкталды.

Салтанатка келгендердин дээрлик бардыгы Георгий тасмасын төшүнүн сол тарабына тагып алышкан. Айрым жарандар жеңиш күнүнө бул тасманын тиешеси жоктугун айтышууда. Алардын бири Руслан Айталиевдин пикири төмөндөгүдөй.

- Улуу жеңиштин символуна Георгий тасмасы болбойт. Бул орус падышачылыгынын символу болгон. Ошондуктан мен бийликтегилерди, билим министрин чакырып кетет элем. Эгерде мүмкүнчүлүк болсо, балдар совет мезгилинде кызыл галстук тагынчу эле, ошол сыяктуу көк асаба менен кызыл тууну бириктирип жасаса, жакшынакай бир белги болуп калмак.

Тарых барактарында 1769-жылы Орус падышачылыгы согушта эрдик көрсөткөндөрдү Георгий тасмасына тагылган орден менен сыйлагандыгы, андагы кара менен кызгылтым түс, дүрмөт менен оттун түсүнөн алынгандыгы айтылат.

Ал эми Кыргызстандын байрагынын авторлорунун бир Сабыр Иптаров болсо Улуу Ата Мекендик согуш мезгилинде баатырдык көрсөткөндөр сыйлануучу “Даңк” орденинин бир бөлүгү катары Георгий тасмасы пайдаланылганын белгиледи.

- Бул 1941-жылдагы согушка дагы байланыштуу кабыл алынган. Эми бул жалпы совет элинин орток дөөлөттөрү.

1939-жылдын 1-сентябрында Германия Польшага кол салганда, немистерге каршы Британия менен Франция согуш жарыялагандыгы менен Экинчи дүйнөлүк согуш тутанганы белгиленип келет. 1941-жылдын 22-июнунда Германия СССРге кол салганда, совет эли үчүн Улуу Ата Мекендик согуш башталган.

1945-жылдын 9-майында фашисттик Германиянын капитуляция болгону тууралуу келишимге кол коюлган. Советтик жоокерлер Германия, Жапония, Корея, Манчжурия, Европанын бир катар өлкөлөрүндө 1949-жылга чейин кызмат өтөшкөн.

Бишкектеги Жеңиш майрамынан сүрөт баян

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG