Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:05

Өлкөнү дүйнөгө тааныткандар


Өлкөнү дүйнөгө таанытууда, имиджин көтөрүүдө спортчулар жана өнөр адамдары чоң салым кошот эмеспи. Соңку жылдары Кыргызстандын ырчы, бийчи дегеле өнөр адамдарына эл аралык сынактарда ийгилик жылмаюуда.

Бирок алардын жеңишке чейинки көргөн азабы арбын. Өлкө намысын коргогондорго кимдер демөөрчүлүк кылып, мамлекет кандай көмөктөшүүдө? "Азаттык+" бул сапар эл аралык сынактарда жеңген чыгармачыл адамдарды топтоду.

Учурда интернетте Атай Өмүрзаков жана "Тумар КР" тобунун "Британия таланттарды издейт - 2016" теле шоусундагы аткарган номуру топ жарууда. Таланттуу бийчилер калыстардын оозун ачырып, кийинки турга жолдомо алышты. "Сөөгү жок" бул бийчилерибиз буга чейин Германия, Франция, Түркия ж.б. бир топ өлкөлөрдө ийгилик жараткан.

Ал эми "Turkvizyon-2015" эл аралык сынагынын жеңүүчүсү Жийдеш Идирисова быйыл Кыргызстандын атынан "Евровидение" сынагында калыстык кылды. Ошондой эле ырчылар: Кайрат Примбердиев, Айыма Айылчиева, Аяна Касымова чет өлкөдөгү сынактардын жылдызына айланды.

Эл аралык КВН союзунун жогорку лигасында Кыргызстандын “Азия микс” командасынын жылдызы жанууда. Алар мыкты топ катары таанылып, жеңишке жетүүгө толук мүмкүнчүлүгү бар.

Ал эми кино жаатында жаш режиссер Мирлан Абдыкалыковдун “Сүтак” тасмасынын немис тилине которулган варианты Германиянын 33 шаарында прокатка чыкты. Актер Анвар Осмоналиев “Асман алдында” тасмасы менен Индияда өткөн кинофестивалда "Мырзанын мыкты ролу" наамын алды. “Азаттык” радиосунун кабарчысы Уланбек Эгизбаевдин Нарындын Кочкор районуна караштуу Ак-Учук айылында жашаган тубаса майып Нургазы тууралуу тасмасы эл аралык Webby Awards же Интернет-Оскар сыйлыгынын "Дүйнөлүк мыкты видео" сынагында "Элдин добушу" деген категорияда жеңишке жетти. Кыскасы, кыргыздарды кыйырга тааныткан таланттар арбын.

Өлкөнү дүйнөгө тааныткандар
please wait

No media source currently available

0:00 0:27:30 0:00

  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

  • 16x9 Image

    Айгерим Акылбекова

    "Азаттык" радиосунун кабарчысы. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасын алып барган. "Данисте", "Эже-сиңдилер" телепрограммаларынын алып баруучусу.  Кусейин Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин журналистика факультетин аяктаган. 

XS
SM
MD
LG