Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 01:49

Суу чарба жана мелиорация комитетинин төрагасынын милдетин аткаруучу Чыңгыз Узакбаев Борбор Азиядагы суу маселеси тууралуу ой бөлүштү.

“Азаттык”: Борбор Азия жумуриятында суу башында турган Кыргызстан менен Тажикстан суу сатуу маселесин коюп келет, бирок буга коңшулары Казакстан менен Өзбекстан караманча каршы. Кыргызстан сууну сарамжал пайдалануунун кандай жолдорун сунуштоодо? Дегеле дүйнөдө суу пайдалануу шарттары кантип өзгөрүп жатат?
XXI кылым - бул суу ресурстары тартыш болгон, мындан улам талаш чыккан, суу маселесин чечкен кылым деп аталып, бул илимий дагы, тажрыйбалык жактан да тастыкталып жатат.


Чыңгыз Узакбаев: Кебимдин башында дүйнөдөгү акыбалга бир аз токтолуп кетейин. XXI кылым - бул суу ресурстары тартыш болгон, мындан улам талаш чыккан, суу маселесин чечкен кылым деп аталып, бул илимий дагы, тажрыйбалык жактан да тастыкталып жатат. Орто Азия чөлкөмүн алсак, суунун башаты Кыргызстан менен Тажикстанда болуп, эгемендикти алгандан бери көп көйгөйдү чечүүгө туура келип жатат.

1990-жылдарга чейин Союздун тушунда суу ресурстарын Москва аркылуу калыстык менен бөлүшүп алчу элек. Ар бир мамлекет эгемендикти алгандан бери өз кызыкчылыгына качырып жатат. Мисалы, биз суу ресурстарын сугаттан сырткары энергетикага көбүрөк пайдалансак деген ойдобуз. Ал эми бизден төмөндө жайгашкан мамлекеттер - Өзбекстан, Казакстан жана Түркмөнстан болсо суу ресурстарын сугатка пайдаланып, энергетика деген маселени көп кабыл албай жатат.

Биз ушундан улам суу ресурстарын туура, сарамжал пайдалануу үчүн көп-көп кадамдарды таштап жатабыз.

Азыр элибиздин саны 5 миллиондон ашты. Адистер менен 2100-жылга чейин Кыргызстанда суу ресурстарын пайдалануу маселелерин карап көрсөк, 2050-жылы элибиздин саны 7,5 миллионго чейин барчудай экен. 2100-жылы Кудай буюрса 12 миллиондун тегерегине чейин өсөт экен. Мына ошол мезгилде өлкөдө азык-түлүк коопсуздугун чечүү, суу ресурстарын жеткиликтүү берүү маселеси өтө чоң маселеге айланары алдын ала билинип турат.

Бүгүнкү күндө Кыргызстан 10 миллиард куб метр сууну гана пайдаланып жатабыз. Биздин дарыяларыбыз аркылуу 50 миллиард куб метр суу коңшуларга агып өтөт.

“Азаттык”: Сууну сактап берип турганы үчүн Кыргызстан Казакстан менен Өзбекстандан канча акча алат? Мисалы Таласта Киров суу сактагычындагы сууну пайдаланганы үчүн Казакстан былтыр 20 миллион сом берип, сиздер бул аз экенин айтып, көбөйтүүнү сурап жаттыңыздар эле.

Чыңгыз Узакбаев: Дүйнөлүк тажрыйбада сууну товар катары сатуу деген маселе жок. Бир гана бөтөлкөгө куюлган, дүкөндөрдө сатылган суу өнөр жайда өндүрүлгөнү үчүн баага ээ болуп жатат. Ал эми дүйнөлүк тажрыйбада сууну топтоп, жакшынакай жеткизип берген мамлекеттердин баарында чыгымдарын кайра толтуруу тажрыйбасы жакшы пайдаланып келатат.

Мисалы Казакстан Чүй менен Таластын суусунун 50 пайызын алат.

“Азаттык”: Бул үчүн Казакстан канча акча берет?

Чыңгыз Узакбаев: Казакстан 1996-жылдан бери биздин чыгымдарды кайтаруу боюнча бир аз тыйын бөлүп келатат. Жалпысынан ошондон бери 5 миллион доллар беришти. Жылына 60 миллион теңге берип келген. Эки жылдан бери баанын өсүшүнө, биздин чыгымдардын жогорулашына байланыштуу быйыл 65 миллион теңге бергени жатат. Бирок биз 80ден кемитпегиле деген маселе койдук. Азыр бул өкмөттө чечилип жатат. Чын-чынына келгенде 120-150 миллион теңге бербесе биздин суу өткөзүп жаткан каналдарды, курумдарды кармоого бюджетибиз тартыштык кылат.

“Азаттык”: Өзбекстан канча төлөйт?

Чыңгыз Узакбаев: Өзбекстан менен акыркы мезгилде алакабыз өтө оор маселеге айланып баратат. 2000-жылдарга чейин бири-бирибизге болгон катнашыбыз жакшы, түз жолдо болчу. 1998-жылкы төрт мамлекет ортосундагы суу ресурстарын пайдалануу боюнча келишим бар эле. Анын негизинде жайында алган суунун көлөмүнө жараша электр энергия сатып алып турчу. Өзбекстан 2004-жылдан бери бул маселенин баарын токтотуп, эч бир тыйын төлөбөй турат. 2001-жылы гана Казакстанды туурап Папан суу сактагычы үчүн 250 миң сомдук товардык материал беришкен. Ошондон бери эч кандай сууга жардам бербей келбей жатат.

Быйылкы жылды алсак, электр энергиянын керектигин сезип, мына кыштын күнү 550 миллион киловатт саатты сатып алып жатат. Ал эми келечекте болсо алака-катышыбыз түздөлөрүн убакыт тастыктап жатат.

Элдин санын өсүп жатканына байланыштуу жаңы жерлерди өздөштүрүү жана ирригациялык курумдарды куруу деген 2015-жылга чейин мамлекеттик программа кабыл алынган. Бул наркы 5 миллиард сомго чейинки объектилер. Биз ал акчага 14 миң гектар жаңы жерди өздөштүрүп жана 24 миң гектар сугат жерлерге суунун көлөмүн көбөйтүү маселесин чечебиз.

2050-жылы 18 миллиард куб метр сууну Кыргызстан гана пайдаланышы керек. Ал эми 2100-жылы 24 миллиард суу пайдаланылат. Ошондуктан азыркы суунун көлөмүн карасак, ошондо Өзбекстанга 15 миллиард куб метр суу жетишсиз болот. Биз аларга бул көйгөйдү эмитен айтып жатабыз.

Сууну сарамжалдап, аз пайдалануучу технологияларга өтүшүбүз керек. Дүйнө жүзүндө мисалы Кытай, Израил, Египет өңдүү ысык мамлекеттер өсүмдүктөрдү тамчылатып сугарганга, же болбосо жаан сыяктуу сугарганга өтүп жатат. Сууну пайдаланууну кескин азайтуу жолдоруна өтпөсөк маселелер көбөйө берет.

Биздин алдыбыздагы азыркы маселе 2015-жылга чейин 1 миллион 18 миң гектар жерге 600-700 гектар жаңы жерлерди кошуп, өздөштүрүп элге бербесек, азык-түлүк коопсуздугу коркунучта калат. Ошондуктан сууну үнөмдүү пайдалануунун жаңы технологияларын табышыбыз керек. Бул көп каражатты талап кылат.

Сууну үнөмдөгөнгө биз эле эмес Өзбекстандын да өтүүсүн айтып жатабыз. Мисалы Аму-Дарыя жана Сыр-Дарыядагы суунун 60-70 пайызын Өзбекстан пайдаланат. Ошондуктан булар эмитеден ойлонбосо өзбек элине да кыйын болот.

1998-жылдагы келишимди түзгөндө мындай келишимдерди түзүү тажрыйбабыздын аздыгынан каталар кеткени тастыкталды. Келишимде түздөн-түз жоопкерчиликтерди туура жаза албаганыбыздын кесепетинен Өзбекстан аны аткарбай койду.

“Азаттык”: Эми бул келишимди оңдосо болобу?

Чыңгыз Узакбаев: Келишимди жасаш үчүн компетенттүү адамдар керек экен. Биз ошондой адистердин баарын чакырып, дүйнөлүк аты бар консультанттарды жалдап, келишимдин 14 вариантын бүтүрдүк. Ошол келишимдердин 12чиси баарыбызга ылайыктуу болуп турат. Ошол келишимге Сыр-Дарыя чөлкөмүндөгү мамлекеттер жакын арада кол коюшса жакшы болот эле.

Борбор Азиядагы калган төрт мамлекет болсо оюбуз бир, алдыга койгон пландарды ишке ашырабыз деген бири-бирибизди түшүнүү бар. Бул жерде Өзбекстан гана кичине артка тартып турат...

Андан сырткары Аму-Дарыяныкын карап жатабыз. Бул дарыяга Баткенден Кызыл-Суу деген суу кошулат. Кичинекей суу болсо да келишимден калбайлы деген оюбуз бар. Аму-Дарыяга Ооганстан да кошулушу керек. Келишимдерди бүткөрүү суу чарбаларынын алдында жаткан чоң саясат, маселе болуп турат.

Сууну чогуу пайдаланган мамлекеттердин адистери жылына төрт ирээт жолугуп, кышында пайдаланган, жайында пайдаланган суунун көлөмдөрүн бөлүшөбүз. Мамлекеттер аралык комиссиянын келерки жыйыны март айынын этегинде болгону жатат. Ошондо ушул келишимдин негизинде иштебесек, жумушубуз оорлоп кетет.

Өзбекстан сууну пайдаланганда “сууну гана карайбыз, энергетикаңар менен ишибиз жок”, - деп келди эле, эми мына быйылкы жылдын татаалдыгынан электр энергиянын керектиги тастыкталып, өздөрү кайра ымалага келип атат. Менимче, алар эми башка ой менен келип, бизге кошулса керек. Ал эми Борбор Азиядагы калган төрт мамлекет болсо оюбуз бир, алдыга койгон пландарды ишке ашырабыз деген бири-бирибизди түшүнүү бар. Бул жерде Өзбекстан гана кичине артка тартып турат.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG