Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:17

Апта: Март ыңкылабын эскерген курултай


Ак үйдүн короосуна кирип барган оппозиция тарапокерлери унааларды өрттөшүудө, 24-март, 2005.
Ак үйдүн короосуна кирип барган оппозиция тарапокерлери унааларды өрттөшүудө, 24-март, 2005.

Март ыңкылабынын сегиз жылдыгын утурлай оппозиция жекшембиде Жалал-Абад шаарында курултай өткөрдү.

Узап бараткан аптада Кыргызстандын Коргоо кеңеши энергетика тармагындагы абалды талкуулады. Кыргызстанда инвестициялык климат начарлаганын өкмөт башчы моюндады.

Сандыкка салынган стратегия

18-мартта Бишкекте Коргоо кеңешинин жыйыны болду. Анда энергетика тармагындагы абал жана улуттар арасындагы мамилени чыңдоо каралды. Президент Алмазбек Атамбаев ал жыйында энергетика тармагында Ширшовдун коррупциялык схемасы сакталып турганын айтып чыкты. Аны мамлекет башчысы тармактагы баа саясаты аркылуу негиздөөгө аракет жасады:

- Эгер дүңүнөн ала турган болсок, 2012-жылы “Түндүкэлектр” ишканасы бир киловатт электр энергиясын элге 70 тыйындан сатып, 112 пайыз, ишканаларга 150 тыйындан сатып, 354 пайыз киреше көргөн. Эгерде бизди алдайм же калп айтам десеңер, анте албайсыңар, баары так көрүнүп турат. Андан көрө “мурдагыдай иштеп, көнүп алыппыз. Ширшовдун, Максимдин схемалары уланып жатат” , - деп, акырындан түйүнчөгүңөрдү түйүп, кете бергиле. Азыр бизге тил эмизгенди токтоткула.

Алмазбек Атамбаев бөлүштүргүч компаниялар электр энергиясын 18.5 тыйындан сатып алып жатканын, ал эми кардарга жеткен баасы 37 тыйын болоорун эсептеп чыккан.

Президенттин бул сөзүнө Коргоо кеңешинин мүчөлөрү, энергетика министри каяша айта алган жок. Бирок адистер Кыргызстанда электр энергиясына баа көтөрүлбөсө жыл сайын кышында болуп келаткан кыйынчылыктар катастрофга айланарын кечээ күндөрү эле айтып келишкен.

Алар ГЭСтерден иштелип чыккан электр энергиясы арзан экенин танбайт. Бирок ГЭСтердин бутуна кишен сымал Бишкек жана Ош жылуулук борборлору байланганын айтып келишет. Мына ошол борборлорго көмүр, карамай, газ электр энергиясынын эсебинен алып келинет. Мына ошол чыгашалар менен тармактагы жалпы баа түзүлөт.

Токтогул ГЭСи
Токтогул ГЭСи
Кыргызстандагы электр энергиясынын өздүк баасын аныктоо максатында эл аралык компания иликтөө ишин жүргүзгөн. Ал эсеп боюнча, тарифтер 1 сомдун тегерегинде болсо, тармактын абалы начарлай берет. 1.5 сомдон ашыгыраак болгондо, абалды азыркыдай кармап эле калбастан, бир аз жакшыртууга өбөлгө түзүлөт. Баа кеминде 2 сомго жеткирилсе, кошумча 10 млрд. 400 млн. сом түшүп, энергетика тармагынын өнүгүүсүнө шарт түзүлөт деп эсептелген.

Энергетика министрлигинин жетекчилиги мына ушул эсептин негизинде апрель айынан тарта тарифтерди көтөрүү стратегиясын иштеп чыккан. Бирок президенттин Коргоо кенешиндеги сөзү ал стратегияны сандыкка салууга мажбур кылат.

Энергетика боюнча эксперт Расул Үмбеталиев энергетика тармагы азыркы баалар менен рентабелдүү боло алат дегенге кошулат. Бирок коррупциялык схемалар жоюлбагандыктан тармак чыгашалуу болуп жатат дейт.

Президент энергетика тармагы рефомраларга муктаж экенин белгиледи. Бирок тармакка кандай реформа керектигин эч ким айткан жок. Айрым саясатчылар, адистер мурунку бирдиктүү “Кыргызэнергону” калыбына келтирүү демилгесин көтөрүп келатышат. Бирок ал боюнча да бир жактуу пикир жок.

Расул Үмбеталиев бирдиктүү “Кыргызэнерго” түзүлүш керек дегендердин бири:

-“Кыргызэнерго” кайрадан түзүлүш керек. Энергетика министрлиги жоюлуш керек. Бул министрликтин алдында отун-энергетика тармагын көзөмөлдөгөн атайын департамент бар. Ошону өкмөткө өткөрүп бериш керек. Анткени бир жагынан өзү көзөмөлгө алып, экинчи жагынан текшерип жатпайбы. Бул туура эмес саясат.

Президент жыйында энергетика тармагындагы жоготууларга токтолду. Ал Жапония жана Түштүк Кореяда жоготуулар 5% экенин мисал келтирди. Бирок бул салыштыруу канчалык орундуу экенин айтуу кыйын. Анткени жапон жана корей технологиясы, жетишкендиктери баарына маалым.

Кыргызстандын энергетика тармагында жоготуулар 22% тегерегинде. Биздей эле шарттагы Тажикстанда 12% тегереги экени маалым. Бул көрсөткүчкө кошуна мамлекет коррупционерлерди жазалоо менен жетишип олтурат дейт Расул Үмбеталиев.

Мамлекет башчысы энергетика тармагындагы жоготууларды Коргоо кеңешинин атайын жыйынында карап чыгууну сунуштады. Ал каралар. Бирок Кыргызстанда система иштебей, мамлекет башчысы “өрт өчүргүч” болуп жатканы байкалат.

Кыргызстандагы парламенттик-президенттик системага ылайык экономикалык маселелер өкмөттүн ыйгарым-укугуна берилген. Президент коргоо жана коопсуздук жагын көзөмөлдөш керек. Мына ошол бийликти бөлүштүрүү философиясынын негизинде Коопсуздук кеңеши жоюлуп, ордуна Коргоо кеңеши түзүлгөн. Бирок Коргоо кеңеши байкалып тургандай өлкөнү өнүктүрүү стратегиясынан тартып, энергетикага чейин кийлигишип, мурунку Коопсуздук кеңештин ролун аткарып калды.

Кытай акылманы Конфуцийдин “эгерде аталышы туура эмес болсо, анда сөз макстына жетпейт. Эгерде сөз максатына жетпесе эч нерсени туура жасаганга болбойт”,- дегени бар. Ал сабак болоор бекен?

Март ыңкылабын сегиз жылдыгын утурлаган курултай

Жекшемби күнү март ыңкылабына сегиз жыл болот. Президент Алмазбек Атамбаев март ыңкылабын элдик көтөрүлүш катары баалап, элдин жеңишин уурдап алуу апрель ыңкылабына алып келди деп билдирди.

Оппозициялык “Эл үнү” кыймылы 24-март ыңкылабын Жалал-Абадда элдик курултай өткөрүү менен белгилөөнү чечти. Кыймылдын лидери Азимбек Бекназаров курултайды жергиликтүү демилге тобу уюштуруп, аны да чакырганын маалымдады:

- Эки ыңкылап болду. Ошону карапайым элдин катышуусу менен карап чыгалы. Сүйлөшөлү деген демилгени уюштуруу тобу көтөрүптүр. Маселе ошол, эмне үчүн кайрадан дүрбөлөң болгону турат? Эмне үчүн кайрадан эл бийликке ишенбей калды? Эмне үчүн ажырым көбөйүп барат? Күнөө кимде? Элдеби же бийликтеби? Ошону бир талкуулайлы деген экен, мен макул дедим.

Жалал-Абаддагы курултайга “Ата-Журт” партиясынын абактагы лидери Камчыбек Ташиевдин тарапкерлери да активдүү катышары кабарланды. Бир катар депутаттар да болору күтүлүүдө. Ошондой эле Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү да чакырылган.

Жалал-Абад курултайын уюштуруу тобунун жетекчилеринин бири Медер Үсөновдун сөзүнө караганда, курултайда үч маселе каралат:

-Биринчиси, 2005-жылдын 24-мартындагы, 2010-жылдын 7-апрелиндеги ыңкылаптардан алган сабактар. Эмне болду, элге кандай таасирин тийгизди. Экинчиси, азыркы бийлик ошол талаптарды аткарып жатабы же жокпу? Ыңкылаптар өзүнүн максатына жетеби-жетпейби? Үчүнчүсү, Кумтөр маселеси. Ушул үч маселе.

Үсөновдун айтымында, курултайда каралган маселелер боюнча чечимдер кабыл алынып, аны аткарууга бийликке 6-апрелге чейин мөөнөт берилет.

Президент Алмазбек Атамбаев болсо Кыргызстан калкын Нооруз майрамы менен куттуктап жатып, реваншисттерге жол берилбейт деп билдирди. Мамлекет башчысынын бул сөзү Жалал-Абаддагы курултайды уюштуруучуларга багытталганын талдоочулар белгилешүүдө.


Оппозициянын курултайына Жалал-Абад бийлиги да даярдык көрүүдө. Облустук милициянын башчысы Нурдин Маликовдун “Азаттыкка” маалымдоосуна караганда, 24-мартта тартип жана мыйзамдуулукту камсыз кылуу үчүн 300 милиция кызматкери, 400 кишиден турган элдик кошуун тартылат. Курултайдын уюштуруучулары менен сүйлөшүүлөр жүрүп, мыйзамдуулукту камсыздоо маселеси коюлду.

Инвестициялык климаттын начарлашынын сыры эмнеде?

Кыргызстан инвестиция жагынан аксап калды. Аны Улуттук статистикалык комитеттин маалыматы да тастыктап турат. Маселен, 2012-жылы Кыргызстанга 520 млн. доллар инвестиция келген. Бул 2011-жылга салыштырмалуу 39% аз. Инвестициянын аздыгы жалпы экономикага терс таасирин тийгизүүдө. Маселен, экономикалык активдүүлүктүн төмөндүгүнөн салык жыйымдары азайып, бюджеттин киреше бөлүгүнө сокку урулууда. Киреше бөлүгүн көбөйтүүгө умтулган өкмөт ар кандай жаңы салыктарды киргизүүдө. Маселен, өкмөт 1% алдын-ала салык жыйноо, дары-дармектен кошумча нарк салыгын алууга киришти. Өкмөттүн мындай карама-каршы аракеттери ишкерлердин, экономисттердин сынына кабылды.


Премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев өлкөдө инвестициялык климат начарлаганын 19-мартта Бизнес жана инвестиция боюнча өкмөт алдындагы кеңеште моюндады. Ал салыктар боюнча чечимдерди өзгөртүү жагы каралып жатканын да билдирди.

Бирок инвестициянын келбей жатышына эн негизги себеп өлкөдө саясий туруктуулуктун, бийликтин чечимдери тынымсыз өзгөрүүсү себеп болуп жатканын Кыргызстан ишкерлер бирикмесинин жетекчиси Чыңгыз Макешов белгилейт:

- Мамлекетте ырааттуулук болуш керек. Мурунку бийлик кандай чечимдерди кабыл алган, азыркы бийлик кандай саясат жүргүзөт, бийлик канча мөөнөткө отурат деген нерселер ырааттуу болсо, анда көп жылдык божолдоого мүмкүнчүлүк түзүлөт. Мисалы, чет өлкөлүк болобу, ички инвестор болобу, бир ишти баштаардын алдында беш жылдан кийин эмне болот, он жылдан кийин эмне болоорун божомолдоп туруп, инвестиция кылат. Биз болсо беш жыл эмес, эртең эмне болоорун так биле албай жатабыз.

Чыңгыз Макешов Кумтөр маселесине токтолуп, бул жерде чет өлкөлүк инвесторду эмес, өзүбүздүн чиновниктерди күнөөлөшүбүз туура болорун белгиледи. Анын айтымында, кайсы инвестор болбосун пайда табууну көздөйт.

Кыргызстандагы жаш ишкерлер кеңешинин аткаруучу директору Руслан Акматбек инвестициялык климаттын начарлоо жолунда экенин белгилеп, ага мындай мисалдарды келтирди:

- Акыркы учурда белгилүү болгондой Салык кодексинин 217-беренесине өзгөртүүлөр киргизилди. Андан кийин текшерүүлөрдү кайра калыбына келтирүү аракети жасалууда. Андан сырткары тоо-кен тармагында ачыктык жок. Булардын баары инвестициялык абалды жакшыртпай жатат.

Мамлекет башчысы Алмазбек Атамбаев болсо инвесторлордун келбей жатышын Кыргызстанда митингдердин токтобой жатышы менен байланыштырууда. Ал 18-мартта Коргоо кеңешинин жыйынында сүйлөгөн сөзүндө оппозициянн тынымсыз митингдери инвесторлорду чочутуп жатканын белгилеген.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG