Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 11:09

Эгер 2006-жылы расмий статистика үй-бүлөлүк зомбулуктун 300 гана учурун каттаса, 2012-жылы бул сан беш эсеге өсүп кеткен. Укук коргоочулар катталбаган учурлар толтура экенин белгилөөдө.

Кыргызстанда үй-бүлө зомбулугуна кабылган аялдардын санынын азайбай жатышы укук коргоочулардын тынчын алууда. Милициянын эсеби боюнча бир жыл ичинде күйөөсүнөн, тууган-туушкандарынан бир жарым миң аял жабыр тарткан. Бул маселе өкмөттү да чочулатып, аялдардын укуктары жөнүндөгү жаңы иштелип чыккан стратегиялык планда аялдарга карата зомбулукка олуттуу маани берилгендиги айтылууда.

Талас облусунда турган бул 30 жаштагы айым күйөөсүнүн ур-токмогуна чыдабай эки баласын жетелеп кетип калган. Айтымы, күйөөсү аны баш кошкондон бери эле сабап келатат. Эми минтип беш жылдан кийин гана чыдамы түгөнүп, ажырашууга эрки жетип отурат.

- Ичип келип эле сабай берчү. Аябай жаман кылып сабачу, колумду күйгүзгөнгө чейин барды. Кош кабат кезде боюнан түшсүн дегендей кылып ичке тепкилечү. Аба ырайы суук болуп, жамгыр төгүп атканда эшикке чыгарып койгон күндөр болгон. Азыр ден соолугум жакшы эмес, кээде башым айланат, нервденем, өзүмдү өзүм зорго кармайм. Балдарымдын да нервине доо кетти: кичүү кызым коркуп сүйлөбөй калды, улуу баламдын тили кеч чыкты.

Каарманыбыз азыр ооруканада пол жууп тапкан алты миң сомун эки баласы менен жашаган батирине араң жеткирет. Минтип кыйналганы менен кызыл камчы күйөөсүнөн кутулганына ыраазы. Бирок ажырашканда сот балдарына кесип берген алиментти күйөөсү төлөбөй жүрөт.

Аялдардын укугун коргогон Бүбүсара Рыскулованын сөзүнө караганда, мындай окуялар кыргыз аялдар арасында миңдеп саналат. "Күйөөлөрү проблемаларын чече албай, акча таба албай, же башка себептер менен жинин аялынан чыгарат. Жубайы болсо каршылык көрсөтүүгө алы жок, бизге жардам үчүн кайрылат, бирок көбү чыдоого аргасыз",-дейт “Сезим” кризистик борборунун жетекчиси Рыскулова.

- Анализдеп көрсөк, 80-85 пайыз аялдарын сабаган эркектер атасы апасын уруп-сабаган үй-бүлөдө өскөн. Анан ушундай үй-бүлөлүк модель курулат. Баланын аң-сезими жети жашына чейин калыптанып, андан ары кичинеден эле өзгөрөт да. Ошол жашка чейин атасы апасын сабап атканын көрсө, “демек үй-бүлө ушундай болот турбайбы, аялды сабаш керек турбайбы” деген ой терең калыптанып калат да, анан кийин өзүнүн үй-бүлөсүнө да ушундай моделди ишке ашырат.

Кыргызстанда күйөөсүнөн таяк жеген аялдардын саны жыл сайын өсүп баратканын расмий да, бейрасмий да статистика көрсөтүп жатат. Бирок жабыркагандар милиция кызматкерлерине караганда бейөкмөт уюмдарга көбүрөөк кайрылышат.

Анткени соттор баш болуп, укук коргоо органдары төш болуп күйөөсү же анын туугандары тарабынан сабалган аялдын кызыкчылыктарын коргогондун ордуна, “үй-бүлөдө мындай боло берет, чыдаш керек, баарыбыз эле ушинтип турмуш курганбыз” деп арызды карабай мамлекет өзү аялдардын сабалышына жол берип атат",-,дейт Оштогу “Ак жүрөк” кризистик борбордун жетекчиси Дарийка Асылбекова.

- Сабалган аялдар беттери көгөрүп-шишип, мээлери чайкалып, кан басымы көтөрүлгөн бойдон бизге келип кайрылышат. Колдору сынган учурлар бар, көгала, шишиктери дененин көзгө урунбаган жерлеринде толтура болот. Эгер Кыргызстандагы үй-бүлөлөрдө ынтымак болуп, баары тынччылыкта жашаса, бул өлкөгө абдан жакшы болмок. Анткени мамлекеттин өнүгүшү үй-бүлөнүн ынтымагы менен түздөн-түз байланыш.

Аялдардын үй-бүлөдө зордук-зомбулукка кабылганы бүгүнкү коомдогу талылуу маселелердин бири экенин өкмөт да моюнуна алууда. Жаңы иштелип чыккан Аялдардын укуктары боюнча стратегиялык планда дал ушул аялдарга зомбулукту азайтуу багытында бир катар иш-чаралар бар.

Өкмөттүн гендердик саясат боюнча координатору Топчугүл Шайдуллаеванын айтымында стратегиялык планга кризистик борборлорду ачуу, үй-бүлөлүк ынтымакты бекемдөөгө үгүттөгөн иш-чараларды уюштуруу сыяктуу максаттар киргизилгенин айтты:

- Үй-бүлөлүк зомбулуктун азайбаганын себептеринин бири, бул биздин милиция кызматкерлеринин гендердик саясат боюнча билиминин жоктугу. Бул маселеге салттык түрдө, стереотиптик түрдө карагандар тартип коргоо кызматкерлеринин арасында кеңири жайылган. Биз ушул милиция кызматкерлерине аялдардын укуктары жөнүндө кеңири айтып берип, алар иш учурунда аялдардын маселелерин эске алып иш жүргүзүп, атүгүл аттестация убагында гендердик саясат боюнча суроолорду да киргизип коюу деген иштер биздин планда каралган.

Саламаттыкты сактоо министри Динара Сагынбаеванын маалыматына караганда, сабалган аялдардын саны 2006-жылы 300гө жетпесе, 2012-жылы бул сан төрт-беш эсеге өсүп кеткен. Ошол эле мезгилде милиция үй-бүлөдөгү зордук-зомбулукка байланыштуу 2,5 миң эскертүү берсе, быйылкы жети айда бул сан 1,5 миң болуптур. Ушул эле жаатта былтыр бир жылда 183 кылмыш иши козголсо, быйылкы жарым жылдын эсеби боюнча 100 кылмыш иши козголгон.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG