Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:07

"Артыкбаш" аялдар


Ак-Суудагы аялдардын республикалык психоневрологиялык жатак үйүнөн бир көрүнүш.

Ак-Суудагы аялдардын республикалык психоневрологиялык жатак үйүнөн бир көрүнүш.

Кабарчыбыз Ак-Суудагы аялдардын республикалык психоневрологиялык жатак үйүн байырлаган аялдардын тагдырына кызыгып, тиричилиги менен таанышып келди.

29 жаштагы Гүлзат ырчы Ынак Осмоналиевдин аткаруусундагы “Мумия дарың жок беле?” деген ырды кубулжутуп ырдап жатат. Чым-Коргондогу айтылуу ооруканадан психикалык сыркоо аялдардын Ак-Суудагы жатак үйүнө жакында эле которулуптур. Башына жемпирин чалмадай кылып ороп, чакыйган төбөдөгү күндөн калкаланып, төрт кабаттуу имараттын кенен короосундагы гүлзарды коруган цемент тосмого кушчасынан конуп отурат.




Бак-шактуу, цемент төшөлгөн короодо жардап басып жүргөн бейтаптар бир топ. Кыз-келиндердин арасында көзүн жүлжүйтө күндү шыкаалап, зеригип отургандары, ары-бери тынымсыз басып аткандары, чоочун көздөргө кадала карап же аркасынан ээрчип алгандары да бар. Алардын кыймыл-аракетине Венера деген тарбиячысы көз салып жүрөт.

Эң эле сүйлөөгү Гүлзат болуп чыкты. Ал Чым-Коргон ооруканасынын таасири менен жашап жаткандай:

- Биякта, мисалы балдар жок да. Аякта балдар келет. Бирөө тамеки берет. Бирөө чай берет, кургак чай ичесиңерби деп. Бирөө болсо "акчаңды бер, азыр магазинге чуркап барып, “дюшес” же сигарет алып келип бере коёюн",- дейт. Акча берсек алып келип берет, байкуш...

Гүлзат төрөгүсү келерин, бирок төрөттөн коркоорун, өлгүсү келбесин божурап атты:

- Мен ошояктан бир гезит окугам да. Он сегиз аял каза болуптур төрөттөнчү. Бирөөнүн баласы боюнан түшүп, аман калып, апасы өлүп калыптыр.

Ырдаганды апасынан үйрөнгөнүн кобурады, сөзүнөн апасы алыста экен деп түшүндүм. Мурдатан эле анын апасы менен таэжеси ушул жерде экенин, бирок бири-бирин тааныбастыгын, бул үй-бүлө тукум кууган илдеттин азабын тартып жүрүшкөнүн жатак үйдүн жетекчиси Нарынгүл Үсөнбаевадан кийинчерээк уктум.

Албетте ооруга айла жок, бирок акыл-эси тунук, алты саны аман энелердин арасында деле кыздарын бул жакка киргизген бойдон келбей койгондор бар деди Нарынгүл Үсөнбаева:

- Караколдо эле жашаган бир аял, машина айдайт, дүкөндөрү бар. (аты белгилүү себептер менен көрсөтүлгөн жок.) Кызы ушу жерде “мамалап” атып өлдү. Өлөөрдө башкы медайым Кенжени жибердим, барып келчи апасына деп. Ал аял “экинчи келбе, ал кызды эсептен чыгарып койгонбуз. Бак деп бердик беле, баккыла” дептир. Кенже ыйлап келди. Өлгөндө кабар берсек келген жок. Кыз оорулуу болсо да апасын, бир туугандарын айтып атып өлдү. Мына адамдардын таш боордугу.

“Жиндикана дегендер менен урушам”

Ак-Суудагы жатак үйдө мамлекет эки жүз чамалуу сыркоо аялды багат. Алардын алды бу жерди ондогон жылдардан бери байырлап турушат. Токсон жашка чамалап калгандар да, он сегиз жаштан эми өткөндөр да бар. Бирок аларга жакындары сейрек катташат же караманча эле келишпейт.

Ушуларды айткан 66 жаштагы санитарка Бейшекан Абдрахманова тескерисинче булардан кол үзө албай жатам деп жашылданды:

- Кете албай жүрөм. Кантип кыйып таштап кетем. Жаштардан орун талашып атамбы, кетиш керек эле деп коюп эле кайра айланып келе берем. Жиндикана деп айткан кишилер менен уруша кетем. “Оорукчан, кеселдер деп айткыла. Оорукчан аялдар жашайт деп айткыла. Буларды да тагдыр ушундай ахыбалга алып келип койгон. Кудай таалам жазган маңдайына” деп айтам. Мага, мына кызым сага тагдыр эмнеге жазып койгонун билбейбиз да, чынбы?
Менде 80-90го чыгып, турбай, кашыкты алып иче албай калгандар бар. Үй-бүлөсү бакпай таштап коюшкан. Үйдө багыш буларды кыйын да. Анын үстүнө ургаачыныкы кыйын. Жолу ичке булардын. Ата-энеден кийин жолу ичке, тентип кетет көчөгө. Анан аргасыз өткөрүшөт, бирок кээ бири келип-кетип турушат.

- Кыргыздар көппү?

- Көп. Азыр заманга жараша оорукчандар көбөйдүбү, билбейм, кыргыздар көп.

- О дүйнө сапар алгандарды өзүңөр узатасыңарбы?

- Ооба, фондусу бар, кепини бар. Кадимкидей жууп-тазалап, орусту орусча кийим-кечеси менен, кыргызды кыргызча кепини менен урматтап, узатабыз. Балдар көөмп келишет. Жыт чыгарып, куран окуп турабыз. Алар - ээси жок ачарбактар да.

- Убакытты кантип өткөрүшөт?

- Ар ким өзүнө теңтуш таап алат. Телевизор көрүшөт. Карылар укташат, азыр күндүзгү уктоо маалы да. Калганы минтип эшикке чыгышат. Ананыраак бийлешет, ырдашат. Кружокторго барып, сайма сайып, түймө түйүшөт. Кийим-кечектерин жамап-жаскап берчи деп келишет. Аларды өзүң көргөн машинеге тигип, кыскартып-узартып, үйдөгүдөй эле энелик камкордук менен алек болобуз.

Негизи жакшы эле, балам. Ушундай оорулууларды багып аткан өкмөткө да рахмат. Азыр айрыкча эл мусулманчылыкка келгени кайрымдуулукту көп жасап, малсоюп, тамак жасап, өздөрү таратып, кийим-кечек берип калышты.

Мумия дарың жок беле?

Бейшекан Абдрахманова ушинтип шүгүрчүлүк кылганы менен өкмөттөн бир кишинин тамагы үчүн бир күнгө болгону 55 сом бөлүнөт экен. Бул акча кантип бөлүштүрүлөөрүн башкы ашпозчу Айнура Садыбакасова түшүндүрдү:

- Пирожки, куурма чай жасайбыз. Ич өткөккө байланыштуу азыр малина жасап жатабыз. Түшкүсүн эки маал тамак жасайбыз, эт болгон күндөрү. Бирок бир күндө 55 сом менен тойгузуу бизге оор эле болуп атат.

Лилия аттуу орус тилдүү бейтап эмне тамак жеп атканын тарбиячылардын шыкагы менен араң эстеп, момпосуй, печенье, котлет жеп атканын кобурады. Гүлгө суу куюп, короо шыпырып күн өткөрүп жатканын айтып мактанды.
Эртеден бери мени карар бекен дегендей шынаарлап жүргөн Асел болсо жакшы ырдайт экен. 39 жаштагы Асел “Ичтеги сырды айта албай, жүрөсүң айтчы кимде айып?” деп созолонтуп, сүйүүнү даңазалап атканда тарбиячы бир кызды имаратты көздөй шашылыш жетелеп жөнөдү. Көрсө ал бизди көздөй таш ыргыткысы келип жаткан экен.

Илдет күчөгөн ушундай шартта бейтапка кандай жардам берилерин башкы медайым Садыбакасова Кенжеден сурадык:

- Ар биринин бейтап баракчасында оорусу кармаган убакта кайсы дарыны бериш керек, кайсы уколду куюш керек - жазылуу. Ошол боюнча жардам көрсөтөбүз. Андан тышкары алаксытуучу терапия жасайбыз. Жоошутабыз, алдайбыз, алаксытабыз.

Жатак үйдөн тийешелүү дарыгер адистерди жолуктура алган жокпуз. Медайымдын айтымында психиатр, невропотолог, гинеколог, стамотолог сыяктуу тиешелүү дарыгерлердин бардыгы жарым штаттык келишим менен райондук ооруканадан келип-кетип бейтаптарды карап турушат.

Терезелери темир торлор менен тосулган бөлмөлөрдүн эки кабатын кыдырып, чынын айтсам шартынан, тазалыгынан анча өөн таба албадым. Намазканасы, жупуну китепканасы да бар экен, анда китептерди окугандары да, тытып эрмектегендери да болот дешти. Дарты ашынган байлатмалар, айласы жок карыптар, дайынын таппай калган карылар бар деп, бирок көрсөтүшкөн жок.

Телевизордун маңдайында тизилген аялдардын бирин эки диплому бар, кызы Америкада жашайт деп тааныштырышты. Сүрөт бөлмөсүндө аялзатынын сөлөкөтүн кагазга түшүрүп бир кара чач, сулууча келген аял отурат. Аты Мирлана экен. Сүрөт окуу жайын Москвадан бүтүрүптүр.

Жатак үйдү байырлагандар экиге бөлүнүшөт. Бири - илдетке төрөлгөндөн кийин тушуккандар, экинчилери – тубаса илдети барлар.

Нарынгүл Үсөнбаеванын ишениминде, жин ооруга аялдар көбүнчө үй-бүлөлүк запкыдан улам кабылышат:

- Көбүнчө мындай оорулар үй-бүлөлүк запкыдан болот. Себеби кыргыздар “эрди-катын урушат, эси кеткен болушат” деп коёт. Милицияны аялын сабап атат деп чакырсаң “элдешип алышат” деп келбей коюшат. Андай эмес. Убагында реакция болсо оорулулар мобул жерге келип түшпөйт эле. Төркүнү десе кээ бириники такыр жок, кээ бириники алыс. Сулп эт болуп калганда ыргытып салышат. Бир тобу эле бул жерде колунда бар бүлөлөрдөн. Элмира деген келин бар, тиштеринин баары, колдорунун баары алтын дегендей. Универмагда иштечү экен, бүт үй-бүлөсүн, кайындарын көтөргөн экен. Жалаң күйөөсү сабап, антип-минтип жүрүп, акыры биякка өткөрүп салды. Баягүнү кайындары келиптир кол койдурабыз деп. Буга таандык мүлктү сатыш керек да аларга...

Чейрек кылымдан ашык бул жатак үйдөгүлөр менен камыр-жумур келаткан Бейшекан Абдырахманова айткандай, ансыз да жолу ичке бул сыркоо аялдардын тагдырына кейип, адамдардан кайрымдуулук тилеп, Ак-Суудагы аялдардын психоневрологиялык жатак үйүнөн узап кеттим...
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG