Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:49

800 кызды кандуу жолдон кантип аман алып өтүшкөн?


Былтыр июндагы каргашалуу күндөрдө ок жааганына карабай айдоочулар 800 студент кызды Оштон Ала-Букага жеткиргени тууралуу баян.

(Кыргызстандын кризистик борборлор Ассоциациясы гендердик зомбулукка каршы БУУ-Аялдар глобалдык өнөктүгүнүн алкагында сунуштаган баяндар түрмөгүнөн).

Аты-жөнүн ачык атагысы келбеген аял ушул окуяны айтып берген эле.

2010-жылдын июнь каргашасы маалында калк ичинен каармандар көп чыккан. Бирок баары эле ошондогу эрдигин айтып беришпейт. Бирок менимче, алар тууралу кеңири жазыш керек, анткени дал ошолор кандуу алааматты токтотуп, тынчтыктын орношу үчүн колунан келгендин баарын жасашкан.

Ал алааматты бирөөлөр баштап, азабын жөн-жай адамдар тартышты. Арачы түшөөр же жардам берээр эч ким жок, ар кими эптеп бирдеме кылып кыймылдашы керек болгон. Ошентип, калк каармандары тобокелдикке салып, аракет кылышкан. Ошол мисалдардын бири ылдыйда.

Жаңжал башталганда эле Жалал-Абаддын Ала-Бука районунун калкы Ошко деп үч КамАЗ азык-түлүк жыйнашат. Ошентип бир катар маршруткалардын жана жеңил машинелердин коштоосу менен Ошко бет алышат.

Жалал-Абадга бир канча чакырым калган кезде эл ичинде “Санпа” аталган белге жеткенде кербенге автоматтан ок жаадырышат. Үч айдоочу жарадар болуп, бирок жандарын оозуна тиштеген бойдон кете беришет, анткени рулга отураар башка киши жок эле.

Кийин мен алардан тынбай аккан канга карабай кантип айдадыңар деп сурадым. Көрсө арак менен жараатты утур-утур жууп, жандын ооруганын азайтыш үчүн кээде ууртап коюп отуруп өтүп кетишиптир.

Акыры кербен Ошко жетип, жүктөрдү түшүрүп, артка кайтууга камданышат. Ошондо Ошто окуган жалалабаддык кыздарды ала кетиш керек болот. Канча кыз дебейсиңерби? - 800!

Эми алардын Жалал-Абаддагы ата-энелеринин эмне күндү көрүп жатышканын элестетсе болоор! Чынында кыздары ошол күндөрү Ошто айласы алты кетип, көзүнө жамандык гана көрүнүп отурган эле. Эптеп эле ылаажы табылса, от күйгөн жерден көздөн кайым болууга даяр эле.

Ошентип, 800 студент килейген үч КамАЗга тыгылып, жолго чыгышат. Албетте, орун тар, баары кыналып тигинен турушат, терезе жок, аба жетпейт, темирдин ичи болсо ого бетер кактайт.

Айдоочулар эмне кылмак, утур бир жерге токтоп, кыздарга аба жуткуруп алышат, кээ бирлери эс-учунан танып жыгылышат дейт. Айтор, жайчылыкта эки саатта басып өтүүчү жолдо бир сутка жүрүшөт. Жолдо баратканда машинелерди кайрадан аткылашат, кудай жалгап, баары түгөл жетишкен экен. Машинеде болсо кыргыз, өзбек, башка улут кыздары бар эле...

"Азаттык" үналгысынын гендердик теңчилик жана аялдарга карата зордук-зомбулукту токтотууга арналган атайын интернет барагына баш багыңыз.
XS
SM
MD
LG