Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:21

"Араб жазы" Кыргызстандан башталган


8-апрель, 2010-жыл, Бишкек
8-апрель, 2010-жыл, Бишкек

Кыргызстандагы апрель окуясынын үч жылдыгын утурлап, эл аралык жана регионалдык эксперттер 7-апрелдин себептерин, Борбор Азияга тийгизген таасирин жана "Араб жазына" айрым окшоштугун талдайт.

Үч жыл аралыгында Кыргызстан эмнеге жетишти жана көңүлдү иренжиткен эң башкы окуялар кайсылар болду?

Парламенттик система Кыргызстанда түптөлүп, бутуна турдубу же кайрадан президенттик системага кайтабы?

Борбор Азиядагы талдоочулардын 2010-жылдын 7-апрелинде Кыргызстанда элдин күчү менен режимдин алмашуусу жана анын таасири тууралуу пикирлерин бул жерден уга аласыз:

please wait

No media source currently available

0:00 0:10:13 0:00
Түз линк

Кыргызстандагы окуяларды постсоветтик аймакта, анын ичинде Орусия ачык эле жактырган эмес жана чочулоо менен кабыл алган.

2011-жылдын 7-ноябрында ошол кездеги премьер-министр Владимир Путин Шанхай кызматташтык уюмунун Санкт-Петербургдагы жыйынында “Араб жазы Кыргызстандан башталганын биз жакшы билебиз” деп белгилеп, бирок Кыргызстанда абал турукташып, башка өлкөлөрдө да ошондой болооруна үмүттөнөөрүн айткан. Азыр болсо кыргыз-орус кызматташтыгы бекемделип жаткан учур.

“Араб жазы” - 2010-жылы араб дүйнөсүндө башталган башкаруучу режимдерге каршы демонстрациялардын толкунун түшүндүрөт.

Анын ичинде Тунисте, Египетте, Йеменде ыңкылаптар жүрсө, Ливияда жарандык согушка чейин жетип, анан режимдер алмашкан. Сирияда жарандык согуш уланып, Бахрейнде жарандык көтөрүлүш чыгып, Алжирде, Иракта, Иорданияда, Мароккодо, Оманда толкундоолор болду. Кувейт, Ливан, Мавритания, Сауд Арабиясы, Джибути, Батыш Сахарада толкундоолор өтө күчтүү болгон жок. "Араб жазына" 2011-жылдын май айында Израилдин чек арасындагы кагылышуулар да кирет.

Кыргызстан-Тунис: параллелдер жана айырмачылыктар

Тунисте толкундоолор 2010-2011-жылдары өткөн. Анын дагы бир аталышы - “Экинчи жасмин революциясы”. Жалпы өлкө боюнча толкундоолордо эл Тунистин ошол кездеги президенти Зин-эл-Абидин Бен Алинин жүргүзгөн саясатына каршы чыккан. Бен Али бийликтен 2011-жылдын 14-январында кеткен. Мурдагы француз колониясы Тунистин калкынын 98% арабдар. Өнүгүү курсу европалык болгондуктан, өлкөдө диний жана батышчыл маанайдагы күчтөрдүн кагылышуусу байкалат. Тунистеги толкундоолордо Твиттер жана Фейсбук сыяктуу социалдык тармактар активдүү колдонулуп, ыңкылаптын жүрүшүнө таасир эткен.

2010-жылы 17-декабрда соодагер Мохаммед Буазизинин өзүн өзү өрттөшү массалык толкундоого түрткү болгон. Кыргызстандай эле Тунис агрардык өлкө. 2011-жылга чейин 23 жыл бою Зин Эл-Абидин Бен Али башкаруусунда турган. Тунистин экономикалык көрсөткүчтөрү аймакта жогору болгону менен, 2010-жылы жумушсуздуктун деңгээли 13-14 пайыз болгон.

Зин Эл-Абидин Бен Али аялы Лейла менен соңку президенттик шайлоо алдында, 11.11.2009
Зин Эл-Абидин Бен Али аялы Лейла менен соңку президенттик шайлоо алдында, 11.11.2009

Расмий статистика боюнча Тунистеги толкундоолордо 78 адам каза таап, 94 адам жарадар болгон. Бириккен Улуттар Уюму болсо 219 адам өлгөнүн кабарлаган. Тунисте да ыңкылаптан кийин убактылуу өкмөт бийликке келген.

Түндүк-түштүк жана диний-светтик кыймылдардын тиреши

Франциялык изилдөөчү, Кыргызстанда бир нече жыл иштеп, 7-апрель окуяларын өз көзү менен көргөн Давид Гаузер Тунистеги жана Кыргызстандагы ыңкылаптардын себептери менен жүрүшү окшош, бирок кесепеттери башкача экендигин белгилейт.

- Бен Али менен Бакиев экөө тең авторитардык режимди түптөшкөн, бүт бийликти өз колдоруна чогултушкан. Коррупция - экинчи себеп жана өлкө ресурстарын бир үй-бүлөнүн кызыкчылыктары үчүн колдонуу болгон.

Франциялык изилдөөчү Гаузер дагы бир окшоштукту байкаган. Тунисте да, Кыргызстанда да ыңкылапка чейин өтө бирдиктүү болбосо да, жакшы эле уюшкан жана күчтүү оппозиция болгон. Режим менен күрөшүү үчүн түрдүү күчтөр бириге алышкан. Эки өлкөдө тең жаштар башкаруучу режимге өтө активдүү каршылык көрсөтүшкөн.

- Тунисте да референдумду өткөрүү демилгеси социалисттик партияга тийиштүү болчу. Кыргызстанда да жаңы Конституцияны жазуу демилгесин “Ата Мекен” социалисттик партиясы жана анын лидери Өмүрбек Текебаев көтөрдү.

Ал эми ыңкылаптан кийинки жараянга назар салсак, Тунисте бийликке келгендерге диний таасир күчтүрөөк байкалат.

- Кыргызстанда Убактылуу өкмөт түзүлүп, дин саясаттан так жана айкын бөлүнгөн. Тунисте бийликке исламисттер келип, азыр диний күчтөр менен башка күчтөр күрөшүп, өлкө жарандык согуштун алдында турат.

Учурда Тунис да Кыргызстандагыдай партиялык системанын кемчиликтерин башынан өткөрүүдө.

- Тунисте да Кыргызстандагыдай эле премьер-министр технократ десек жарашат, себеби эч бир саясий кыймылга, саясий суроолорго премьер жакындабайт. Премьер – бардык саясий күчтөргө жаккан фигура, кандайдыр бир консенсунстун жыйынтыгы.

please wait

No media source currently available

0:00 0:05:39 0:00
Түз линк

Франциялык политолог, Кыргызстан боюнча талдоочу Давид Гаузер эки өлкөдө болгон окуялардан кийин салыштырып отуруп, Кыргызстанда саясий күрөш регионалдык түндүк-түштүк деген суроолорго такалса, ал эми Тунисте светтик-диний күчтөр каршылашып жатканын баса белгиледи.

Кагарлицкий: Тунисте жарандык коом күчтүү

Москвадагы глобализация жана социалдык кыймылдар институтунун директору Борис Кагарлицкий Тунис менен Кыргызстандагы толкундоолорду салыштырып, Кыргызстанда үч жылдан кийин ыңкылаптын жыйынтыктары көңүлгө толбогонун белгилейт.

- Кыргызстан менен Тунистеги окуялардын окшоштук жактарын тапса болот, бирок Тунис жеңип чыгат. Биринчиден, Тунистеги мурдагы бийлик кетип жатканда, албетте, өлгөндөр болду, бирок кан азыраак төгүлдү. Бен Али Курманбек Бакиевге караганда бийлигин тезирээк берди. Экинчиден, Кыргызстанда 2010-жылдын 7-апрелиндеги окуялардан кийин элдин массалык түрдө өз алдынча уюшуусу байкалган жок. Кыргызстанда жарандык коом төмөндөн жогору карай курулган жок.

Ал эми Тунис Франциянын колониясы болгондугу үчүн бир жагынан алардын жолу ушул жагынан ачык болду десек болот, себеби азыр тунистиктердин ар бир үчүнчү-төртүнчүсүнүн тууганы Францияда жашайт. Бул адамдардын психологиясына аябай чоң таасирин тийгизди. Эки-үч күн мурун эле Тунисте өткөн эл аралык социалдык форумга катышып келдим, форумдун башкы лозунгу ар-намыстын революциясы болду.

Өлкөдөгү жарандык коомдун уюшкандыгы жана тилектештиги сыймыктандырды, бул катмар бир нече жыл мурун эле жок болчу. Тунистеги дагы бир өзгөчөлүк - бул жерде жарандык коомду башка өлкөлөр тарабынан каржыланган бейөкмөт уюмдар түзбөйт. Тунисте жарандык коом элдин ылдыйкы катмарынан түзүлүп, абдан жакшы уюшкан. Мисалы, форум өтүп жатканда демонстрация болду, аны толугу менен ыктыярчылар уюштурушту. Бир да полиция кызматкерин көргөн жокмун. Демонстранттардын арасында кыз-келиндер көп жүрүштү. Мен Орусия жана постсоветтик өлкөлөр үчүн чынын айтканда уялдым.


Борис Кагарлицкийдин пикиринде Кыргызстандагы дагы бир кемчилик - өлкөдө калктын калың катмарында уюшуу жөндөмү жок.

- Адамдар көчөгө бир жолу чыгып, өз нааразылыгын билдириши мүмкүн, бирок ар дайым өз укуктары жана ар-намысы үчүн күрөшпөйт. Таң калычтуусу, биздин коом – өзүмчүлдөрдүн коому. Советтер Союзу учурунда баарыбыз коллективист болсок, азыр баары ар-намыс жок индивидуалисттер.

Тунисте мен адамдарда ар-намыс бар экенин көрдүм. Алар ыңкылапты адамдардын намысы тепселгени үчүн жасашты жана алар муну түшүнөт. Ал ыңкылаптын эң башкы себеби дал ушул болгон.

please wait

No media source currently available

0:00 0:05:20 0:00
Түз линк

Тунисте тобокелдиктер өтө көп. Анын негизги фактору исламчылдардын таасири.

- Тунис боюнча тобокелдиктер өтө көп. Азыр бийликке келген исламисттер бийликти өз колунан чыгаргылары жок. Бирок сурамжылоолор көрсөткөндөй, шайлоо болгондо алар үчүн адамдар добуш бергилери келишпейт. Алар жаңы парламентте деле көп орун ээлей алышпайт. Бирок исламисттер шайлоону создуктуруп, башка саясий күчтөргө басым жасап, аларды коалиция курууга үндөшүүдө.

Москвадагы глобализация жана социалдык кыймылдар институтунун директору Борис Кагарлицкий Кыргызстандагы парламенттик система өз жемишин качан гана жарандык коом күчтүү болгондо берээрин кошумчалады.

- Азыркы система президенттик системага караганда демократиялуу. Бирок парламенттик система өнүккөн коомдо жана коом бийликке түздөн-түз таасир эте алганда гана иштейт. Парламентаризм баарын чечет дегенден да алыс болуу керек. Силерде партиялык система өнүкпөсө, анда фарска айланып, ар кандай ыплас саясий оюндарга мейкиндик болушу мүмкүн. Ошондуктан кандай мыйзамдар жазылат эмес, алар кантип иштейт – кеп ошондо.
  • 16x9 Image

    Аида Касымалиева

    Азаттык+ телепрограммасынын алып баруучусу, продюсери (2005-2009), Москвадагы кабарчысы (2011). 2012-жылы "Москвада калган ый" даректүү тасмасы "Бир дүйнө" кинофестивалында "Ачылыш" наамына татыган. Бишкек гуманитардык университетинин журналистика бөлүмүн 2005-жылы аяктаган.

  • 16x9 Image

    Заирбек Бактыбаев

    "Азаттык" үналгысынын редактору, журналист.

XS
SM
MD
LG