Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:15

Өңүт: Мусулмандардын дилеммасы


Сүрөттө: балдар Бишкек мечитинде намаз окуп жатышат.

Сүрөттө: балдар Бишкек мечитинде намаз окуп жатышат.

Пайгамбарды мазактаган "Бейкүнөө мусулмандар" тасмасына байланыштуу чыккан тополоңдон бүгүнкүгө чейин ар кайсы өлкөлөрдө 20дан ашык киши, анын ичинде бир кыргызстандык набыт болду. Ал эми көпчүлүк мусулмандар бул тасмага назар салышкан жок. Кимдики туура?

Тасманын кыргыз курмандыгы


Ооганстанда 18-сентябрда "Талибан" кыймылынын кол салуусунан Кабулдун жанында 12 жүргүнчүнүн катарында кыргыз жараны набыт болду. Таластык Эсенбек Ниязалиевдин артында аялы, үч баласы калды.

50 жаштагы кесипкөй техник Ниязалиевдин сөөгү Ооганстандан мекенине жөнөтүлүп жатканда Кабулдун көчөлөрүндө набыт болгон чет элдиктерди эскерген киши болбоду. Себеби миңдеген эркектер базарларга өрт коюп, машинелерди талкалап, АКШнын президенти Барак Обаманын сүрөтүн өрттөө менен алек эле.

"ӨҢҮТ" программасын толугу менен бул жерден угуңуз:


Мусулмандардын пайгамбары Мухаммедди жеңил ойлуу, аягы суюк, эси жок адам катары сүрөттөгөн тасманы алдамчылык үчүн соттолгон, мусулмандарга ич күптүсү бар бир шылуун будамайлап тарттыра салган экен.

Анын айынан чыккан дүрбөлөңдөн бүгүнкүгө чейин 20 чакты адамдын өмүрү кыйылып, диндер аралык араздашуунун эпкини күч алды.

Эмне кылыш керек? Бул маселеде динзарлар эки жаатка бөлүнүп калышты.

Эки лагер: катаал чара талап кылгандар

Жума күнү Бишкекте 20 чакты нааразылардын акциясы таркатылды. Эми дагы бир топ жаңы акцияга даярданууда - Ооганстанда кыргыз жараны набыт болгону белгилүү болгон 18-сентябрда "ар-намысчы" депутат Турсунбай Бакир уулу Фейсбуктагы баракчасында келерки шейшембиде АКШнын элчилигин пикеттөөгө чакырган.

Ушул эле күндөрү ал парламентте бул тасмага тыюу салдыруу талабы менен чыккан. Башкы прокуратура дароо эле ушундай талап камтылган катын Байланыш агенттигине жолдогон.

Бакир уулу Фейсбукта “кечээ эле айтсак, бүгүн чечим кабыл алынып отурат, машалла, тез болду. Мактоого татырлык!” деп (орусча) жазды. (“Только вчера мы с такими требованиями обратились в Генпрокуратуру, а сегодня уже принято решение. Машаллах, быстро. Похвально!»)

Буга чейин кыргызстандыктар окуй албай калган Fergana.ru сайты менен катар эми дүйнөлүк желедеги кайсы сайттар кара тизмеге түшөөрү азырынча белгисиз.

Эсенбек Ниязалиев

Эсенбек Ниязалиев

Турсунбай Бакир "Aзаттыкка" пикеттин максаты биринчи кезекте Мухаммад Пайгамбардын абийирин когоо экендигин токтолуп, бирок Ооганстандагыдай тополоң-тозго жол берилбейт деп ырастады.

Ал ошондой эле бул акция саясий максатты көздөбөт деп ырастап, Ооганстанда набыт болгон кыргыз жаранынын жакындарына көңүл айтты.Ошол эле мезгилде депутат Кабулдагы АКШ элчилигинин учактарын тейлөөчү жеке компаниянын унаасында баратканда өлгөн Эсенбек Ниязалиев Ооганстанга Алланын буйругу менен баргандыгын айтып, бул Аллахтын амири менен болду дегендей сүйлөдү.

"Азаттыктын" суроолоруна бир аз кыжаалат болгондой жооп берген депутат сөзүн анти-исламдык тасманы көргөндүгүн бышыктоодон баштады.

Маекти толугу менен бул жерден окуңуз.

Эки лагер: сабырдуулукка чакыргандар

Тасманын айланасындагы ызы-чуу бул окуянын экинчи тарабында сабырдуулукка чакырган мусулмандардын добушун басып кетти. Анда ушул добуштарга кулак салсак.

Кыргызстандын муфтияты интернет сайтында бул тасмага байланыштуу «Чылкый провокация үчүн гана чыгарылган тасма-сөөрөйгө эң жакшы реакция – ал тууралуу маалымат таратпай коюу болот» деп жазды.

Чуулгандуу тасма тартылган АКШда да мусулман диниятчылар динзарларды сабырдуулукка чакырышууда. Ушул жайда Кыргызстанда болуп кеткен америкалык Имам Яхия Хенди Фейсбуктагы өз баракчасында динзарларга сабырдуулук боюнча беш пункттан турган кеңеш берди:

1. Берилип жаткан жооптон эч кимге пайда болгон жок.
2. Ажаанданган эмоция жетишсиз жана эч кимге пайда алып келбейт.
3. Эң жакшысы – бул диалог.
4. Мухаммед пайгамбар «Солля Ллаху алейхи ва саллям» анын атынан зордук жасалышын кааламак эмес.
5. Терс иштерге эң туура жоопту акылдашып, түшүндүрүү менен бериш керек. Зордукчулук, кан төгүү менен алыс кете албайбыз.

Пакистандагы нааразылык акциясы, 21-сентябрь, 2012-жыл

Пакистандагы нааразылык акциясы, 21-сентябрь, 2012-жыл

Имам Яхия Хендинин кесиптеши, АКШда исламдык «ыйык» адабиятты дүйнөгө жеткирүү үчүн агартуучулук иш алып барган Ноуман Али Хан чуулгандуу тасма боюнча өз пикирин интернетке жайгаштырды. Баййинах институтунун жетекчиси ал видеодо бүгүн козголуп жаткан бир катар маселелер боюнча өз пикирин билдирген:

- Биздин пайгамбарды даңазалаган Куранда да анын дарегине оор сөздөр айтылгандыгы белгиленген. Аны көз бойомочу, сүйүүгө тойбогон Мажнун, акылынан адашкан калпычы деп аташканын пайгамбар да эстеп жүргөн. Булардын баары Куранда камтылган. Пайгамбардын кылын эч ким кыйшайта албайт. Анын (абийири) ага өйдөдөн, Алладан берилген.

Эмне үчүн тасмага толук тыюу салынбайт?


Видеону чыгарган Google.com компаниясы аны интернеттен такыр алып салуудан баш тартып, себебин сөз эркиндиги менен түшүндүрүүдө. Ал эми сөз эркиндиги деген түшүнүк ислам дүйнөсүндө өтө талылуу маселе.

Ислам дүйнөсү Батыш цивилизациясынан көп нерсени алды. Анын ичинде америкалык автомобилдерди, чөнтөк телефондору же ошол эле интернетти мусулмандар кеңири колдонот. Бирок гендерлик теңдик, адам укуктары, сөз эркиндиктери сыяктуу батыштык идеалдар мусулман коомчулугунда көп карама-каршылыкты жаратып келет.

Батышта христиандарды да шылдыңдашат

Батышта бөтөндөргө эле эмес, өздөрүнө да сын көз менен карап, керек болсо бир-бирин чычалатып, «быкыйын чукуган» учурлар катардагы көрүнүш. Мындан христиандар нааразы болбойт деген жыйынтык чыгарган туура эмес, бирок акыр-аягында өз оюн билдирүү укугуна болгон сый-урмат үстөмдүк кылып кетет.

"Биринчи Браян"

Батышта бүгүн христиандардын өздөрүн шакаба чеккен көркөм өнөр үлгүлөрү четтен табылат. 1979-жылы чоң экранга чыккан "Биринчи Браян" (The First Brian) комедиясы христиан динин мазактаган сатира болгон.

Комедия Монти Пайтон аткарган Браян Коэн деген башкы каарманды «Кудай сүйгөн олуя машаяк Иисус Христос» деп алмаштырып алышкан окуянын айланасында жүрөт. Тасмада башкасын айтпаганда да Христостун энеси Мариянын прототиби тиши чирип кеткен, кара кийинип, каргадай какылдаган мастан кемпир катары көрсөтүлөт.

"Биринчи Браян" өз мезгилиндеги актуалдуу проблемаларды козгогон, жогорку сапаттагы сатира болгон. Ал бир нече журналдар жана кино сынчылар тарабынан «бардык замандардагы эң мыкты комедия» деп табылган.

«Мормон китеби»

Бүгүн театрдын мекеси саналган Нью-Йорктогу Бродвейде «Мормон китеби» деген мюзиклди көрө аласыз. Анын авторлору христианчылыктын бир бутагы болгон мормон динин аёосуз шылдыңдашат.

Мюзиклда айтканга ооз барбаган сөздөр, христиан эмес, башка адамдарды да селт эттире турган сценалар бар. Бирок режиссерлор кооптонгондой, бул мюзиклге байланыштуу да тоз-тополоң чыккан жок. «Мен бул оюнду көрдүм, бирок кызымды ал жакка алып барбайт элем», же «биз тууралуу тетири пикир жаратып жатышат, алардыкы туура эмес» деген нааразы мормондор болду.
Эгер бул тасманы көрбөсөк, ага каршы кантип акция өткөрөбүз? Жада калса биз билген тилге которулбаптыр.

Башкалар «бизди тамашага чалып жатышса, биздин бир орунда турбагандыгыбыз ошол» деген мааниде пикирлерин билдиришти.

Ал эми Мормон чиркөөсүнүн өзүнүн «Мормон китебинин» интернет адреси бар рекламаны Бродвей театрынын алдында таркатышын көргөндө көпчүлүк «Мормон чиркөөсү бул мюзиклди колдойт турбайбы» деген ойдо калышты.

Өткөн жаздагы премьерасынан бери «Мормон китеби» спектакли атактуу Тони сыйлыгын тогуз жолу алды. Кадырлуу критиктердин бири аны «ырахат тартуулаган салттуу мюзикл» деп атады. Августтун аягына карата 100 миллион доллар киреше алган спектаклге президенттикке талапкер, мормон Митт Ромни али бара элек, бирок «убактым болсо, барат элем» деп айткан.

Азап күрөштө жетишилген сөз эркиндиги

Батышта дайым эле мындай сабырдуулук болгон эмес. Орто кылымдарда динге акарат келтирди деген айыптоо менен чиркөө негиздеген инквизиция системасында сансыз христиандар жана «каапырлар» өрттөлүп, кыйноо менен өлтүрүлгөн.

Батыш өлкөлөрү сөз эркиндигине жүздөгөн жылдарга созулган татаал күрөш жана агартуучулук аркылуу келишти, ошондуктан алар бул эркиндикти көздүн карегиндей сакташат.

Дилемма


Бир адамдын эркиндиги башканын эркиндигин чектеген жерде бүтөт эмеспи. Мусулман дүйнөсүнө бир чети сестенүү, бир чети өтө кызыгуу менен карашкан Батыш коомдорунда бүгүн ушул жагдай ар тараптан талкууланып келет.

Бирок динзарлардын укуктары менен сөз эркиндигинин ортосундагы карама-каршылык мусулман дүйнөсүндө айрыкча чиелешкен проблема бойдон кала берүүдө.

Христиан дүйнөсү Ватикандан же башка чиркөөдөн башкарылат. Ал эми мусулманчылыкта мындай борбордук орган жок, ошондуктан жеке мусулмандардын жана алардын жамаат башчылары - имам, молдолордун жоопкерчилиги да ошончолук жогору.

Ал арада Пакистанда Исламабаддагы америкалык элчиликти таш бараңга алган окуяда жума күнү бери дегенде 16 адамдын өмүрү кыйылды.

Ал эми Кыргызстанда жаңы акция даярдап жаткан Турсунбай Бакир уулунун Фейсбуктагы баракчасында бир катышуучу "эгер бул тасманы көрбөсөк, ага каршы кантип акция өткөрөбүз? Жада калса биз билген тилге которулбаптыр дагы. Бул дилемма эмеспи?" деген суроо салыптыр.

Бул суроого акыретчил депутат азырынча жооп бере элек...

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG