Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 03:33

Спорт: Жеңген да, жеңилген да бар


8-ноябрда Түштүк Африка республикасында дзю-до күрөшүнөн жаштардын дүйнө чемпионаты улантылды.

8-ноябрда Нидерланддар өлкөсүндө өтүп жаткан тайбокс боюнча дүйнө Кубогунда дүйнөнүн алты жолку чемпиону, кыргызстандык Валентина Шевченко эки ирет жеңишке жетти.

Шевченко биринчи беттешүүдө Европа чемпиону, франциялык Анжелика Питиотту утту.

Экинчи таймашууда жергиликтүү голландиялык Илона Вижмансты да жеңип алды. Шевченконун кезектеги атаандашы дүйнөнүн эки жолку чемпиону, италиялык Шантал Угхи болмокчу.

Бул тайбокстун премьер-лига таймашууларында дүйнөгө таанымал 40 спортчу күч сынашып жатат. Валентина Шевченкону өлкөгө эмгек сиңирген устат Павел Федотов машыктырып, жанында жүрөт.

Парижде дүйнөлүк таймаш

8-ноябрда Парижде оор атлетика боюнча дүйнө чемпионаты улантылды. Мында кыргызстандык балбандар да күч сынашып жатат. Бирок 56 кг. салмакта үмүт жандырып турган Бекзат Осмоналиев ишенимди актай албады.

Ал 28 балбандан жетинчи орунга илинди. Бекзат Осмоналиев 120 кг. оордукту жулкуп, 145 килону түртүп көтөрдү.

Өлкөгө эмгек сиңирген машыктыруучу Өмүржан Молдодосовдун айтымында, 85 кг. салмактагы Болот Шамшиев 9-ноябрда сыноодон өтөт.

Париждеги оор атлетика дүйнө чемпионатында жеңүүчүлөргө жана арбын упай топтогон балбандарга 2012-жылы Лондондо өтө турган олимпиадаг жолдомо берилет.

Дүйнө чемпионаты 5-ноябрдан бери өтүүдө. Ал 13-ноябрда жыйынтыкталат.

Дзюдочулар ишенимди актабады

8-ноябрда Түштүк Африканын Кейптаун шаарында дзю-до күрөшүнөн жаштар арасында дүйнө чемпионатынын таймашуулары улантылды. Бул дүйнөлүк таймашууга Кыргызстандан 4 спортчу катышып, бирок ийгилик жарата алышпады.

Кыргызстандык күйөрмандар үмүт кылган Азия чемпиону, дүйнөлүк жаштар олимпиадасынын коло байге ээси Болот Токтогонов эки беттешүү өткөрдү. Токтогонов биринчи атаандашы өзбекстандык Мавлонжон Мухаммадшариповду утканы менен, экинчи таймашта бельгиялык Тома Никифоровдон жеңилүү ызасын тартып калды.

Оор салмакта Азия чемпионатынын жеңүүчүсү Юрий Краковецкий мөрөй талашты. Краковецкий алгач америкалык Акбар Иминовду артыкчылык менен жеңип алганы менен экинчи атаандашы орусиялык Антон Кривобоковдон утулуп калды.

Азия чемпионатынын жеңүүчүлөрү Канат Токталиев менен Салтанат Ахметжанова атаандаштарынан жеңилүү ызасын тартып, мелдештен четтеп калышты.

"Алтын күздүн" баш байгеси "Күн-Айда"

7-ноябрда Бишкекте кыздар арасында “Алтын күз” волейбол мелдеши жыйынтыкталды.

Мында Нарын, Ысык-Көл, Чүй облустарынын жана Бишкек шаарынын 8 командасы мөрөй талашты.

Мелдешке 16-17 жаштагы кыздар катышты. Жыйынтыгында Кара-Балта шаарынын “Күн-Ай” командасы баш байгенин ээси болду. Бишкектин «Гиннес» жана «Салам-Алик» командалары экинчи, үчүнчү орундарды камсыз кылышты.

Чыгаан устаттардын байгесине турнир

8-ноябрда Бишкектеги Кожомкул атында спорт ордосунда Кыргызстанга эмгек сиңирген машыктыруучулар Жусуп Калилов менен Мейрамбек Ахмедовдун байгесине грек-рим күрөшүнөн эл аралык турнир жыйынтыкталды.

Эл аралык калыс, өлкөгө эмгек сиңирген устат Төлөн Райымкуловдун айтымында, мелдешке Кыргызстандан сырткары Орусия, Казакстан, Өзбекстан, Түркмөнстан жана Тажикстандын жүз элүүдөй балбаны катышты.

Таанымал устаттар Жусуп Калилов 60, ал эми Мейрамбек Ахмедов 50 жашка чыкты. Кыргыз маданиятына эмгек сиңирген ишмер Жусуп Калилов жаштар арасындагы дүйнө чемпиону Уран Калилов, олимпиада, дүйнө чемпиону Юрий Мельниченко жана башка Азия чемпиондорун тарбиялаган.

Эл аралык калыс Мейрамбек Ахмедовдун шакирттери - Бээжин олимпиадасынын күмүш медаль ээси Канатбек Бегалиев, Азия чемпиондору Каныбек Жолчубеков, Атай Койчукулов өңдүү бир катар белгилүү спортчулар.

Ушундай белгилүү устаттардын байгесине арналган эл аралык турнирге бир дагы спорт жетекчиси келбегенине өлкөнүн спортуна эмгек сиңирген ишмер Эшим Кутманалиев капа болгонун “Азаттыкка” айтты.

Саида Кудусова - абсолюттук чемпион

8-ноябрда үстөл тенниси боюнча өлкө чемпиондору аныкталды. Бишкектик Саида Кудусова Кыргызстандын абсолюттук чемпиону аталды.

Экинчи орунду Жылдыз Аязбекова ээледи.

Жигиттерден бишкектик Алишер Якупбаев жеңүүчү деп таанылды. Ал финалда Азамат Эргешовду утуп алды. Жуп болуп ойноодо да Саида Кудусова эки алтын медалдын ээси болду.

"Манас" командасы көч башында

Учурда Бишкекте Дене тарбия академиясынын спорт залында баскетболдон биринчи лиганын мелдештери өтүүдө.

Мында Ысык-Көл, Чүй облустарынын жана Бишкек шаарынын 6 командасы мөрөй талашууда. Кара-Балта шаарынын “Манас” командасы менен Бишкектин студенттер атаандаштарынан алдыга озуп баратат.

Актөбөдө Азия чемпионаты башталат

9-ноябрда Казакстандын Актөбө шаарында эрежесиз кармаш боюнча Азия чемпионаты башталат. "Мында Кыргызстандын намысын 12 спортчу коргойт", -дейт федерация жетекчиси Кубан Сапаков.

Алардын катарында жакында эле АКШда өткөн дүйнө чемпионатынын күмүш байге ээлери Адилет Айтманбетов, Жайыл Жакшылык уулу баштаган тандалган жигиттер бар.
XS
SM
MD
LG