Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 08:29

Күрөш: Стамбул сабактары


Стамбулдагы грек-рим жана эркин күрөш дүйнө чемпионатында кыргызстандык балбандар Лондон олимпиадасына жолдомо албай калышты.

Түркиянын Стамбул шаарында 12-сентябрдан 19-сентябрга чейин грек-рим жана эркин күрөш боюнча дүйнө чемпионаты өттү. Анда биринчи орундан алтынчы орунга чейин жеңишке ээ болгондор 2012-жылы Лондондө өтө турган олимпиадага жолдомо алышты.

Өлкөнүн жалпы күрөш федерациясынын президенти Бейшен Абилдаевдин айтымында, бул ирет да калыстардын айынан Бээжин олимпиадасынын күмүш байге ээси, Азиянын эки жолку чемпиону Канатбек Бегалиев жолдомо албай арманда калды.

Бирок Канатбек Бегалиев жана башка балбандар үчүн алдыда дагы эл аралык үч мелдеште олимпиадага жолдомо алууга мүмкүнчүлүктөр бар.

- Канатбек 66 кг. салмакта күч сынашты. Тилекке каршы Канатбек килем үстүнө 4 ирет чыгып, үчөөндө жеңип чыкты. Ал түгүл Бээжин олимпиадасында финалда беттешип, калыстардын айынан алтын медалды алдырып койгон олимпиада чемпиону француз атаандашын да артыкчылык менен утуп алды. Ошондой болсо да жарым финалга чыгуу үчүн таймашууда америкалык Жастин Лестерге 7:6 эсебинде бир упай айырма менен уттуруп коюп, Лондон олимпиадасына жолдомо албай калды. Бул ирет да калыстар Канатбекке эки упай бербей, америкалык балбанга тартып коюшту.

Канатбек Бегалиев да таймашуулар курч болгонун, эми эл аралык мелдештерде Лондон олимпиадасына жолдомо алууга аракет кыларын “Азаттыкка” билдирди.

- Дурус даярдык көргөм. Бээжин олимпиадасында финалда калыстардын айынан алтын медалды алдырып койгон француз балбанын утууга көп күч жумшап койдум. Андан күчтүү экенимди далилдедим.

Бир күндө 4-5 беттешүү өткөрүү чынында эле өтө оор. Жарым финалга чыгуу үчүн таймашууда калыстар америкалык балбанга бир аз тартып койду. 2008-жылы Бээжинде өткөн дүйнө чемпионатында жана Олимпиадалык оюндарда да финалда калыстар калыстык кылбай, анда күмүш байгелүү болгом. Айла жок, эми алдыда дагы үч турнир турат. Ошондо Лондонго жолдомо алып, баш байге үчүн күч сынашуу негизги максатым болуп турат.


Грек-рим күрөш федерациясынын вице-президенти Алмазбек Касеновдун айтымында, кыргыз балбандары башка өлкөлөрдүн спортчулары менен теңата күч сынашып, даярдыгы дурус экенин көрсөттү.

- Канатбек алгачкы атаандашы ирандык Сандип Ядаваны 3:0 эсебинде утуп, андан кийин швециялык Шарур Варданянды 9:0 эсебинде жеңип алды. Сегизден бир финалда Бээжин олимпиадасында финалда алтын медалды алдырып койгон француз Стив Гинотке туш болуп, аны 6:1 эсебинде утуп алды. Жарым финалга чыгуу үчүн күч сынашууда америкалык Жастин Лестер менен катуу кармашып, 7:6 эсебинде бир упай айырма менен жеңилип калды. Бирок Канатбек дагы үч мелдеште Лондон олимпиадасына жолдомо алууга мүмкүнчүлүгү бар.

Арсен Эралиев
55 кг салмакта Азия чемпиону Арсен Эралиев да америкалык Спенсера Мангону жана венесуэлалык Хорхе Кардозону 3:1 эсебинде жеңди. Бирок чейрек финалда кытайлык Шуджин 2:0 эсебинде алдырып коюп, Арсен да Лондон олимпиадасына жолдомо албай калды.

96 кг салмакта күч сынашкан Азия чемпионатынын жеңүүчүсү Азат Эркинбаев тунистик балбанга утулуп, мөрөй талашуудан четтеп калды.

60 кг салмакта Бээжин олимпиадасынын коло байге ээси, Азия чемпиону Руслан Түмөнбаев, 84 кг салмакта Азия оюндарынын коло медаль ээси, жаштар арасында дүйнө чемпиону Жанарбек Кенжеев жана оор салмакта Азия чемпионатынын жеңүүчүсү Мурат Рамонов коргоп, үчөө тең жарым финалга да жетпей калышты.

Дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агентиктин башкы адиси Касымкул Оболбековдун пикиринде, 16-Азия оюндарынын чемпиону, былтыр Москвадагы дүйнө чемпионатында коло байге уткан Данияр Көбөновду да калыстар жасынтып коюшту.

- 74 кг салмакта 16-Азия оюндарынын чемпиону, былтыркы дүйнө чемпионатынын коло байге ээси Данияр Көбөнов таймашка чыгып, эки атаандашын утканы менен, чейрек финалда жеңилүү ызасын тартып калды. Мында да калыстар калыстыктан тайып, азербайжан жигитке тартып койгону айкын билинип калды.

Данияр Көбөнов
Кыз-келиндер арасында эркин күрөш мелдештерине катышкан кыргызстандык төрт балбан кыз: 48 кг салмакта Азия чемпионатынын жеңүүчүсү Мехринисо Нурматова, Кубатбек кызы Гулина (55 кг), 63 кг салмакта Айсулуу Тыныбеков жана 73 кг салмакта Азия оюндарынын коло байге ээси Яна Панова ийгилик жарата албады.

Стамбулдагы дүйнө чемпионатында эркин күрөштөн алты балбан да Лондон олимпиадасынын жолдомосун албай калышты.

Дүйнөлүк таймашууларга күбө болуп келген эркин күрөш федерациясынын вице-президенти Жеңишбек Дөңбаевдин пикиринде, алты балбандан Нурлан Макеналиев менен Иннокентий Иннокентьев аз упай айырма менен жеңилип, Лондон олимпиадасына жолдомодон куру калышты. Бул дүйнө чемпионаты балбандарга чоң сабак болду.

Өнүккөн өлкөлөрдө бир балбанды олимпиадага даярдоо үчүн 2-3 млн. АКШ долларын чыгымдарын, ал эми Кыргызстанда грек-рим күрөшүнө 5-6 млн. сом гана бөлүнөрүн грек-рим күрөш федерациясынын вице-президенти Максат Дайырбек уулу айтып, дүйнөлүк жаңы ыкмаларды колдонуунун зарылдыгын билдирди.

Лондон олимпиадасына жолдомо алуу үчүн алдыда дагы үч эл аралык турнир жана 2012-жылкы Азия чемпионаты турат. Мына ушул таймашууларда мөрөй алгандардын Лондонго жолу ачылат.
XS
SM
MD
LG