Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:19

Шахматчы Марков дүйнө кубогуна катышат


9-августтун таңында кыргызстандык шахматчы Михаил Марков Норвегияга дүйнө кубогуна катышканы аттанып кетти.

Михаил Марков Тромсё шаарында 10-августта баштала турган шахмат боюнча дүйнө кубогуна катышмакчы. Михаил Марков мындай укукка Ош шаарында өткөн шахмат боюнча дүйнө чемпионатынын тандоо мелдешинде ээ болгон. Ага Борбор Азиядан жана Ооганстандан 30дан ашык шахматчы катышкан.

7-августта өлкө президенти Алмазбек Атамбаев белгилүү шахматчы Михаил Марковду кабыл алып, дүйнө кубогунун акыл таймаштарында ийгиликтерди каалаган. Бул тууралуу “Азаттыкка” Шахмат федерациясынын президенти Милан Турпанов маалымдады.

Кыргызстандык шахматчы Михаил Марков дүйнө кубогу үчүн таймашта биринчи атаандашы армениялык Левон Аранян менен беттешет.

Эл аралык шахмат федерациясынын расмий маалыматында, учурда армяниялык шахмат оюнчусу дүйнөлүк рейтингде экинчи орунда турат. Биринчи катарда норвегиялык Магнус Карлсен турат.

Михаил Макров кыргызстандык шахматчылар арасынан эркектер арасындагы дүйнөлүк кубок мелдешине биринчи жолдомону утуп алган алгачкы оюнчу.
Дүйнөлүк кубокко эң күчтүү делген 130 шахматчы катышат. Мелдеш 10-августтан 5-сентябрга чейин Норвегияда өтөт.

Азиялык таймаш Ош шаарында өтөт

Азия футбол конфедерациясынын чечими менен Ош шаарында Азия чемпионатынын 16 жаш куракка чейинки мыктыларды иргеп алуу мелдештери өтмөй болду. Бул тууралуу “Азаттыкка” федерациянын башкы катчысы Дастан Конокбаев билдирди.

F тобунда Оштогу мыктыларды иргеп алуу оюндарына Кыргызстандын, Омандын, Катардын жана Бангладештин уландар тандалма командалары катышат. Беттешүүлөр Оштогу Акматбек Сүйүнбаев атындагы стадиондо 25-сентябрдан 29-сентябрга чейин өткөрүлөт.

Азия чемпионатынын мыктыларды иргеп алуу мелдештерине 43 өлкөнүн тандалма командалары катышып, алар 10 топко бөлүнгөн. Ал эми финалдык таймашууларга 10 топтун жеңүүчүлөрү жана 5 мыкты команда катышып, 2014-жылы Тайландда өтөт.

Футболчу кыздар дүйнө чемпионатына катышат

Футболдон Кыргызстандын кыз-келиндер тандалма командасы 9-августта Польшага жөнөп кетти. Алар 10-августтан 18-августка чейин Польшанын Познани шаарында өтө турган көчө футболу боюнча дүйнө чемпионатына катышат.

Мында 15 команда мөрөй талашат. Бул тууралуу футбол федерациясынын басма сөз катчысы Канат Асенов маалымдады. Былтыр Бразилияда өткөн дүйнө чемпионатында кыргызстандык кыз-келиндер командасы 5-орунду ээлеген.

Антонина Шевченко - таамай аткан мерген

8-августта Түштүк Американын Перу өлкөсүнүн Лима шаарында өткөн жоокердик тапанчадан ок атуу мелдешинде тай бокстон дүйнөнүн көп жолку чемпиону, кыргызстандык Антонина Шевченко коло байгелүү болду. Мындай маалыматты өлкөнүн тай бокс федерациясынын жетекчиси Елена Белова кабарлады.
Мындан 2 жума мурда да Антонина Шевченко тапанча атуу мелдешинде үчүнчү орунду жеңип алган.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG