Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:11

Жаштар парламенти түзүлдү


Борбор Азияда парламенттик демократияга бел байлаган Кыргызстандын жаштары демократиялык башкаруу өрнөгүн көрсөтө алабы?

АКШнын колдоосу менен жаралган Жаштар параламентинин тунгуч жыйынына бүгүн (20-июнда) АКШнын Кыргызстандагы элчиси Памела Спратлен, Жогорку Кеңештин төрагасы Акматбек Келдибеков катышты.

Сунушу арбын жаштар

Жаштар парламентине шайланган “Айкөл-Эл” партиясынын мүчөсү Бакыт Асанов бийик трибунадан көтөрө турган көйгөйлөр толтура экенин айтууда.

- Жаштар парламенти Кыргызстандагы жаштардын үнү катары түзүлгөндүктөн, эң биринчи жаштардын маселелери көтөрүлөт деген ойдомун. Ал эми мен болсо өз кесибиме ылайык, Жалпыга маалымдоо каражаттарындагы, жалпы эле медиа айдыңындагы жаштар менен байланышкан көйгөйлөрдү алып чыгууну ойлонуштуруп жатам.

Талас облусунан жаштар парламентине мүчө болуп келген Аманбол Бабакулов Ысык-Көлгө саякатчыларды тартуу боюнча долбоорун ортого салам деп белсенүүдө.

- Ысык-Көлдү айлантып веложол куруу боюнча долбоорлор бар. Бул Көлгө келген туристтерге үчүн жакшы инфраструктура түзүү багытындагы ойлор. Кудай буйруса ушуларды парламентте көтөрүп чыгып, ишке ашырам деген ойдомун.

Жаштар парламентинин дагы бир мүчөсү Бегимай Сасманова Эмгек, ишке орноштуруу жана миграция министрлигинде иштейт.

- Бул долбоор жаштар үчүн чоң мүмкүнчүлүк болууда. Бул жаштардын мамлекет алдындагы милдеттерин аткарууга жасаган биринчи кадамы болуп калат. Эгер буга чейин жаштарга мүмкүнчүлүк берилбей келсе, бул сапар жаштарга чоң ачылыш жана мүмкүнчүлүктөр жаралып отурат.

Идея Кыргызстандан, колдоо АКШдан

Жаштар парламентин түзүү демилгеси “Ата Мекен” партиясына таандык, идеяны болсо АКШ элчилиги жана ЮСАИД каржылык жактан колдоого алууда. Азырынча алты айга эсептелген долбоордун чыйралып кетиши жаштардын демократтык пейилине көз каранды экендигин айтышууда. АКШ бийлиги, атап айтканда, Мамлекетик катчы Хиллари Клинтон былтыр Кыргызстанга келгенинде борборазиялык бул өлкөнүн парламенттик демократияга умтулуусун саясый, каржы жагынан колдой тургандыгын ачыктаган эле. Жаштар парламентинин жаралышына АКШнын көмөк көрсөтүшү ошол сөздөрдүн иш жүзүнө аша башташы болушу да ажеп эмес.

Ал эми АКШнын Кыргызстандагы элчиси Памела Спратлен Жаштар парламенти жөнүндө оюн мындайча билдирди.

- Демокартиялык өлкөлөрдө парламент элдин эркин жана үнүн чагылдырган институт катары эсептелет. Ошондуктан Жаштар парламенти өтө чоң мааниге ээ. Бул чоң иште АКШ менен Кыргызстан биргеликте иштеп жаткандыгы кубандырат. Бул долбоор таланттуу жаштарга мыйзам чыгаруу иши менен жакындан таанышууга мүмкүнчүлүк берет.

Жаштар мамлекеттин эртеңки ээлери

Жаштар парламентине Кыргызстан боюнча 60 жаш активист тандалып алынган. Алардын арасында Жогорку Кеңешке кирген да, кирбей калган партиялардын да мүчөлөрү бар. Ошондой эле жаштар парламентинен эч бир партияга мүчө эмес, бирок коомдук-саясий турмушка аралашууну каалаган дилгир жаштарды да кезиктирүүгө болот.

“Демократияны колдоо фондунун” негиздөөчүсү, депутат Равшан Жээнбеков Жаштар парламентин түзүүдөгү негизги максаттарга токтолду:

- Бул программанын эки максаты бар. Биринчиси, жаш, жаңы саясатчыларга шарттарды түзүү жана келечекте биздин мамлекетти башкара турган жаштарды коомго алып чыгуу. Экинчи максат Кыргызстанда демократияны жайылтуу. Анткени парламенттик башкаруу формасына өткөндөн кийин биз көбүрөөк демократиялык багытка ыктап, ушул жол менен кете баштадык.

Жаштар парламенти ай сайын бир жумага жыйынга чогулуп турмакчы. Бу сапар мамлекеттик түзүлүш, башкаруу системаларын талкуулап, комитеттерин түзүп жана парламенттин спикерин шайлашат.

XS
SM
MD
LG