Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:35

Мышык тамыры деп аталган дарылык касиети бар чөптү өстүрүүнүн кыныгын алгандардын бири - төрт баланын атасы Дүйшөналы Тукебеков.

Ал мындай сейрек бизнеси тууралуу кебин ортого салды.

- Биринчи үрөнүн күндүн ысыгынан чогулта албай калганбыз. Огородго сээп, үрөн чогултуп, алгачкы жылы 50 сотик сээп, анын 30 сотигин гана казып алганбыз, калганына алыбыз келбей койгон.

Дүйшөналынын айтымында, бул өсүмдүктү сепкен биринчи күнүнөн тарта эле көнүлдү жакшы буруу керек экен. Айрыкча суудан өксүтпөш керек деди ал:

- Сууну көбүрөөк талап кылат. Башында, 4 жумага жакын сууга талабы жогору болот. Тамырын жаймайын жакшы кароо керек. Бул өсүмдүктүн жалбырактары канчалык көп болсо, ошончо тамыр жакшы болот. Мисалы, мына бул жерде аз дегенде 16 жалбырак болуш керек. Ар бир жалбырак канчалык барпайган болсо, тамыры ошончо жакшы болот.

Азыркы Маман айылы илгери Арашан деп аталчу. Советтер союзу учурунда эле бул айылда дары чөптөрдү өстүрүп, кургатуу менен шугулданышчу экен. Ал кезде да Мышык тамырын өстүрүп, бирок үч жылдан кийин гана аны казып алышчу деп улады кебин Дүйшөналы Тукебеков:

- Агам бир жылы эки жылга калтырган, ошондо тамырды тартып көргөндө 1 кг 800 гр болгон. Азыр биз эң аз дегенде 300 гр алсаңар жетиштүү эле деп атабыз. Бирок 500 гр жөн эле алса болот. Бир жолу Голландиядан серепчи келгенде бизге 1,500 килого чейин алса болоорун айтты. Бир гектардан 35-40 миң көчөт болсо, ошондо эле 300 гр болсо эле канча болуп жатат!

Дары чөптөрдү эккен дыйкандын айтымында, бул иштен жакшы эле киреше тапса болот. Бирок үй-бүлөлүк капчыкка канча каражат түшөрүн сыр бойдон калтырды.

- Муну менен шугулданганыбызга 15 жылга жакын болуп калды. Башка бизнес билбейбиз, ушуну менен көп нерсеге жетиштик. Кудайга шүгүр, жакшы.

"Азаттык": Жакшы киреше табасыңарбы?

- Жакшы киреше болгон үчүн сээп жатабыз да. Муну сата албай калган күндөр да болгон. Азыр аларман келип турат, баасы бышык. Картөшкөдөй болуп баасы качан көтөрүлөт деп отурбайсың.

Тукебековдор дары чөптөрүн кошуна Казакстанга да алып барып саткан учурлары болгон. Эми болсо заман өзгөрдү дейт Дүйшөналы Тукебеков:

- Мен 170 сомго чейин сатчумун, 100 сомдон кем эмес болчу. Ал кезде акча күчтүү эле. Бир койду 1000 сомго алчусуң. Азыр болсо 4 миңге аласың. Бул тамырдын килограммын 150-170тен сатса болот. Негизи аларманы болмоюн эч нерсе себүү болбойт. Аларманы барбы, келишимиң болсо айда, акчасын ал. Мына бул жерим 8 сотик, мейли ошондон 4 кой келсин, ошол коюм үстүнөн кошуп берет. Картошканы январда сатам деп күтүп отурасың.

Ысыккөлдүк дыйкандардын негизги кирешеси картошкадан түшөт эмеспи. Дүйшөналы Тукебеков болсо Мышык тамыры өсүмдүгүн өстүрүү картошка баккандан эч бир айырмачылыгы деле жок дейт.

- Жумушу картошканыкына окшош эле. Отоп, түптөп, сугарыш керек. Башында жакшы жандандырыш керек. Неизи жазында муну кеч сээп калдык, октябрда казабыз, бирок күзүндө сепсең, анда сентябрда казасың. Казып, жууп, кургатасың. Эми быйыл болсо аларман суу бойдон эле алабыз дейт, ошол суу бойдон эле сатам, кургатканда убарасы көп болуп калат. Мен кургатып көргөн пайданы эми башкалар көрсүн.

Азыр Көл кылаасынын башка айылдарында дары чөптөргө сырттан суроо-талап түшө баштаптыр. Ошондуктан ири көлөмдө өстүрүү зарылдыгы пайда болууда. Мисалы, валериан чөбүн кантип өстүрүп жана экспорттоо керектиги тууралуу маалымат берген “Агролид” коомдук бирикменин өкүлү Кайыркүл Казылаева мындай дейт.

- 300 фермерди окутуп жатабыз. Буга немис компаниясы кызыкдар болуп, 20 тоннага заказ кылган. Бирок биз ошол 20 тоннаны чогулта албай жатабыз. Анткени бул жаңы өсүмдүк маданияты болуп жатат, дыйкандар жаңыдан үйрөнүп жатышат. Советтер союзу учурунда бул валерианды сепчү экен, анан ушул дары чөптү бул айылдын тургундарынын айрымдары 5 сотиктен себишчү экен.

Ичке-Жергез айылында Мышык тамырын экспорттоого даярдап жаткан “Галенфарм” коомунун өкүлү Гүлайча Чолпонбаева мындай дейт.

- Мурдагы мезгилде биз муну өндүрүшкө гана алчубуз. Бул Маман айылыныкы эле жетиштүү болчу. Эми болсо экспортко чыгаралы деп жатабыз. Германиянын фирмаларынын бири менен келишим түздүк, бирок алардын талап кылып жаткан көлөмү чоң болууда. Алардын талабына биз азырынча жетпей жатабыз, себеби бул өсүмдүктү көп дыйкандар Советтер союзунан бери сеппей калышкан. Эми бара-бара эл билип, көп өстүрсө, немис фирмасы талап кылып жаткан көлөмдү жибере алабыз деп ойлойм. Бул өсүмдүктүн тамырын чет жакка экспорттоодон мурун анын атайын талаптарга жооп бергидей даярдоо керек.

Кыскасы көл кылаасында картошкадан дары чөптөргө көчө башташты. Анткени картошкадан кээде күйүп кетесиң. Эми дары чөптөр дыйкандарыбызга киреше кийирсин дейли.
  • 16x9 Image

    Мария Колесникова

    "Азаттыктын" Ысык-Көл облусундагы кабарчысы, журналист. К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл Мамлекеттик университетинин филология факультетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG