Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 05:25

ЕАЭБ экономиканы артка тартууда


ЕАЭБге мүчө өлкөлөр менен товар жүргүртүү 16 пайызга төмөндөгөн.
ЕАЭБге мүчө өлкөлөр менен товар жүргүртүү 16 пайызга төмөндөгөн.

Кыргыз өкмөтүнүн Кыргызстан Евразия экономикалык биримдигине киргенден кийин уюмдагы Казакстан, Орусия сыяктуу өлкөлөр менен товар жүгүртүү көлөмү жогорулайт деген үмүтү акталбай турат.

Расмий маалыматтарга ылайык, аталган биримдиктеги өлкөлөр менен товар жүргүртүү 16 пайызга төмөндөгөн. Кыргызстан башкы өнөктөш деп эсептеген Орусия менен товар жүгүртүү 2015-жылга салыштырмалуу жети пайыз ылдыйлаган. Тактап айтканда 2015-жылы товар жүгүртүүнүн суммасы 1 млрд 312 миллион доллар болсо, өткөн жылы 958,0 миллион долларды түзгөн. Ал эми коңшу Казакстан менен 2015-жылы товар жүгүртүү 739,4 миллион доллар, 2016-жылы 748,6 миллион доллар болуп анча деле өзгөргөн эмес.

Кыргызстан Евразия экономикалык биримдигине киргенден кийин биримдикке мүчө өлкөлөр менен экономикалык карым-катнаштын абалы жакшырбай, артка кеткенин жогорудагы сандар көсөтүүдө. Экономика министринин орун басары Элдар Абакиров бул абалды мындайча түшүндүрөт:

- Бул жерде экономикалык тренддерди караш керек. Айрыкча биз менен өнөктөш Орусия менен Казакстанда эмне болуп жатат? Аларда экономиканын өсүшүн эмес, токтоп калганын, керек болсо артка кеткенин көрүп атабыз. Теңге менен орус рубли девалвация болуп, жалпы элдин сатып алуу мүмкүнчүлүгү азайды. Биз ушуну негизги фактор деп эсептейбиз. Ал эми Кытай, Европа өлкөлөрү менен товар жүгүртүү өсүп атат. Анткени алардын экономикасы өнүгүүдө.

Кыргызстан Евразия экономикалык биримдигинин босогосунда турганда өкмөт өндүрүштү жана сооданы өнүктүрүүгө жаңы мүмкүнчүлүктөр, ири рыноктар ачыларын убада кылган. Бирок, биримдиктин пайдасынан зыяны көп болоорун эскерткен эксперттер да болгон.

ЕАЭБ: өргө тартпаган өнөктөштүк

ЕАЭБ: өргө тартпаган өнөктөштүк

Санкт-Петербург шаарында уюмга мүчө мамлекеттердин башчылары Евразия экономикалык биримдигинин алгачкы эки жылдыгынын жыйынтыгын чыгарышты.

Ошол эле маалда Евразия экономикалык биримдигине мүчө эмес өлкөлөр менен товар жүгүртүү көбөйдү. Маселен, Кытай менен Кыргызстан ортосунда товар жүгүртүү 2016-жылы 1 миллиард 425,3 миллион долларды түзүп, Кыргызстандын башкы өнөктөшү саналаган Орусияны артка таштады. 2015-жылга салыштырмалуу 2016-жылы Кытай менен товар алмашуу 10 пайызга өскөн. Айрым экономисттер Евразия экономикалык биримдиги Кыргызстан менен башка өлкөлөрдүн ортосундагы экономикалык карым катнашка да терс таасирин тийгизди дешет.

- Эркин базардын эрежеси - эмнеге тыюу салынбаса ага уруксат деп эсептелинет. Ал эми Евразия экономикалык биримдигинде документте жазылган товарларды гана сата аласың. Бул чоң таасир этти. Кытай менен экономикалык мамилебиз бүгүнкү күндөгүдөн жакшы болчу жана дагы өнүкмөк. Бирок, биримдик аларга тоскоол болууда, - деди экономист Искендер Шаршеев.

Экономисттер алдыңкы жылдарда деле абалдын өзгөрүшүнө ишенбей турушат. Абалдын жолго салынышы үчүн кыргыз өкмөтү реалдуу кадамдарды жасашы керек. Экономист Аскар Сыдыков:

- Биринчиден, биздин өкмөт Евразия экономикалык биримдигинине шарттарына реалдуу түрдө ыңгайлашыш керек. Экинчиден, ишкерлерди колдоого арзан насыялар керек. Үчүнчүдөн, өнөктөш өлкөлөрдүн экономикасы өсүшү керек. Орусиядан санкциялар алынса, бизге да жакшы болмок. Булар балким эки жылда же беш жылда ордуна келет. Азыр божомолдош кыйын.

"Дордой" базарында ЕАЭБге киргенден кийин соода солгундаганы айтылып келет.
"Дордой" базарында ЕАЭБге киргенден кийин соода солгундаганы айтылып келет.

Акыркы эки жылдын ичинде Кыргызстандын сыртка товар чыгарууга мүмкүнчүлүгү азайды. Ошондой эле жергиликтүү ишкерлер Орусия менен Казакстандын фирмалары менен атаандаштыкка туруштук бере албай жатышканын белгилешүүдө. Айыл чарба азыктарынын айрым түрлөрүн өнөктөш өлкөлөрдүн базарына чыгаруу маселеси да чечиле элек.

ЕАЭБге Кыргызстан, Орусия, Казакстан, Беларус жана Армения мүчө. Бишкек уюмга 2015-жылы августта кирген.

Ошол эле кезде өлкө уюмга киргенден кийин Орусиядагы кыргызстандык эмгек мигранттары патентсиз иштөө сыяктуу жеңилдиктерге ээ болушкан. Бийликтер мигранттарга берилген ушул өңдүү жеңилдиктерди жана шарттары унутпоо керектигин, уюмдун оң жактары арбын экенин белгилеп келишет.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

XS
SM
MD
LG