Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:30

Референдум: жарандык коом катышпаган талкуу


Жогорку Кеңеште "Референдум жөнүндө" мыйзам долбоору боюнча парламенттик угуу өттү. Экинчи ирет өткөн угууда Баш мыйзамды өзгөртүүнү колдогон пикирлер көп жаңырды. Талкууга активдүү жарандык коом өкүлдөрүнүн чакырылбаганы нааразылык жаратты.

"Референдум жөнүндө" мыйзам долбоору боюнча бул жолку парламенттик угуу биринчисинен айырмаланып, кызуу талаш-тартышсыз өттү. Жыйынга референдумга кескин каршы чыккан уюмдардын өкүлдөрү катышкан жок.

Талкууда негизинен бийликтеги Социал-демократтар фракциясынын депутаттары сүйлөп, Баш мыйзамды өзгөртүү боюнча референдумду өткөрүү зарылдыгын айтып жатышты.

Маселен, Ош шаардык кеңешинде Социал-демократтар фракциясынан депутат Идирис Кубатбековдун айтымында, "Референдум жөнүндө" мыйзамды кабыл алууну 2010-жылы башталган Конституциялык реформаны улантуу катары түшүнүү керек:

- 2010-жылы референдум негизинде өзгөрүлгөн Конституциялык реформанын бир уландысы болгон жатат. Себеби, бул реформа өткөн соң бизде бир катар мыйзамдар, шайлоо мыйзамдары толугу менен жаңыланды. Мурун бир кодекстин негизинде иштеп келсек, акыркы учурда шайлоо технологиялары киргизилди. Акыркы шайлоолордой таза жана ачык шайлоону эч ким бизге шарт коюп берген эмес. Ошондуктан, биз алдыдагы референдумду да таза өткөрүү үчүн эл алдына коюшубуз керек.

Ошол эле учурда талкуу жүрүшүндө угууга жарандык коомдун активдүү катышпай калганына нааразылык айтылды.

Бул маселени көтөргөн «Замандаш» партиясынын өкүлү Жеңиш Молдокматов угууга көбүнчө студенттер гана катышып, жарандык коомдун активдүү мүчөлөрү чакырылбай калганына көңүл бурду:

- Парламенттик угуу комитеттин демилгеси менен чыгып атат. Бирок парламенттик угууда мен өзүмдү студенттер менен жолугушуудай сезип жатам. Себеби киргенден баштап эле залда эң көп студенттер отурат. Эмне себептен активдүү жарандык коомдун өкүлдөрү чакырылган жок. Же ушундай талкууда бир нерседен кооптоносузбу?

Мындай дооматты бийликтеги социал-демократтар фракциясынан четке кагышты. Конституциялык мыйзамдар боюнча комитеттин төрайымы Асел Кодуранова жооп берип, мыйзамдын демилгечилерине коомдук угуу өтөрү тууралуу маалымат берилгенин билдирди.

Ал эми Социал-демократтар фракциясынын лидери Иса Өмүркулов айрым топтор аны саясатка айландырып, келбей койгонун белгиледи:

- Биз жыйынга бардык күчтөрдү чакырганбыз. Тилекке каршы келген жок. Эмне үчүн келген жок? Бул жерде маселе саясатта болуп жатат. Мыйзамдардын маани-маңызында эмес, айрым саясатчылар көздөгөн максатында болуп жатат.

"Референдум жөнүндө" мыйзам долбоору боюнча парламенттик угуу өткөн аптада уюштурулган эле. Анда жарандык коомдун өкүлдөрү кеңири талкууга мүмкүнчүлүк болбогонуна нааразылык билдиришкен.

Баш мыйзамды өзгөртүүгө каршы болуп келген жарандык активист Рита Карасартова «де-марш» кылуу үчүн парламенттик угууга катышпаганын «Азаттыкка» айтып берди:

- Өткөн талкууга биз катышканбыз. Бирок мүмкүнчүлүк берилген эмес. Ошондуктан, биз бүгүн атайлап эле барган жокпуз. Анткени, мурунку талкуунун жыйынтыгын талдадык. Биз талкуулап жатабыз, депутаттар менен отуруп сүйлөшүп жатабыз деп элге көрсөтүүнүн кажети жок.

Талкууга катышкан «Легендарлуу парламенттин» төрагасы Медеткан Шеримкулов Баш мыйзам боюнча маселеде коомдун бардык катмарларынын пикирин угууга чакырды:

- Оппозиция менен иштебесек болбойт. Алар коомдун бир бөлүгү. Өзүбүздүн эле кишилер. Бүгүнкү оппозиция эртең бийликке келиши мүмкүн. Бийликке келеби, же келбейби ал маселе эмес. Алардын айтып жаткан ойлорунда туура сөздөр бар. Коомдун арасындагы карама-каршылыктарды мындан ары күчөтүүгө жол бербей, референдумду абдан биримдикте өткөрүүбүз зарыл.

Буга чейин Жогорку Кеңеш "Референдум жөнүндө" мыйзам долбоорду биринчи окууда кабыл алган. Ага ылайык, алгач референдумду 4-декабрда өткөрүү каралган. Бирок кийинчирээк аны 11-декабрга жылдыруу сунушталган.

Референдум жергиликтүү шайлоолор менен бир күндө өткөрүлөрү айтылып жаткан эле. Бүгүн президент Алмазбек Атамбаев жергиликтүү кеңештердин депутаттарын кезектеги шайлоосун 11-декабрда өткөрүү боюнча жарлыкка кол койду.

  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттык Медианын" директору. "Эксперттер талдайт" программасынын алып баруучусу. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. 

XS
SM
MD
LG