Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:52

Кытай кыргыздары: «Күүшөмө» – орток шыбага


Мындан бир кылым мурдагы кашкар кыргыздары. Автору: Маннир Ибим, орусиялык офицер. Ал 1906-1908-жылдары чар падышалыгынын буйругу менен Шинжаңга келген. Андан кийин Гансу, Шеншы, Хынен, Бээжинге чейин сапарда болуп, жол бойу көптөгөн кызыктуу сүрөттөрдү тартып, эстелик калтырган. (Аманат сүрөт)

Мындан бир кылым мурдагы кашкар кыргыздары. Автору: Маннир Ибим, орусиялык офицер. Ал 1906-1908-жылдары чар падышалыгынын буйругу менен Шинжаңга келген. Андан кийин Гансу, Шеншы, Хынен, Бээжинге чейин сапарда болуп, жол бойу көптөгөн кызыктуу сүрөттөрдү тартып, эстелик калтырган. (Аманат сүрөт)

Буга чейин кытайлык казактардын атынан Кытайдын маданий мурастар тизмесине кирип үлгүргөн «Кара жорго» бийи бир жарым жылдан бери Кыргызстанда кыргыз бийи катары айтыла баштады. Ошондон бери Кытайда кыргыз-казак интернет колдонуучулар ортосунда «жаакташуу» күн санап күч алууда.

Ушундан улам кытайлык кыргыз жазуучусу, окумуштуу, Кызыл-Суу кыргыз аптономиялуу обуластык маданий мурастарды коргоо борборунун мүдүрү Амантур Абдырасул уулуна суроо менен кайрылдым.

- Менимче, бир нерсе болсо эле «сеники, меники» деп бөлүшүп алууну токтотоор маал жетти. Казак менен кыргыз жакын элдер эсептелет, табият таанымы бир, керек болсо маданиятында ажыраткыс окшоштуктар бар, илгертен өз-ара кыз алып-берип келишкен, эки эл бир тууган болгондуктан, эч качан сеники-меники дешкен эмес, көп нерселер эзелтен бири-бирине тең орток болуп келген. Ошого бул бийди кыргыз менен казактын орток шыбагасы катары карасак болот.

- Тарыхта кыргызда бий болгонбу?
- Алыбетте болгон. Кадимки Энесай кыргыз каганаты доорунда бий өнөрү аябай өнүгүп, өр тартканы жөнүндө кытай тарыхый жазмаларында бир топ маанилүү маалымат бар, алсак, Таң сулаласы (Таң падишалыгы, биздин замандын 618-907) доорунда жазылган «Тынч аалам жазмалары» аттуу атактуу эмгекте «Кыргыздар арстан бийин бийлешет» деп жазылган. Улуу «Манас» эпосунда да кыргыз элинин байыркы ойун-зоок, ыр-бий өнөрү тууралуу баалуу байандар кездешип, Акундун кызы Айчүрөктүн бий бийлегени жөнүндөгү эпизоттор учурайт.

Памир кыргыздарынын бийи. Бир киши комуз чертип берет. Бийчилер кыргыздын турмуш-тиричилигиндеги үрөн себүү, жүн сабоо, жип ийрүү, өрмөк согуу жана башка жумуштарын туурап бийлешет.

Памир кыргыздарынын бийи. Бир киши комуз чертип берет. Бийчилер кыргыздын турмуш-тиричилигиндеги үрөн себүү, жүн сабоо, жип ийрүү, өрмөк согуу жана башка жумуштарын туурап бийлешет.


- Ошол байыркы бийлерден бүгүнкү күнгө жалганып жеткендери барбы?

- «Эл ичи - өнөр кенчи» деген. Бизде бийдин бир эмес, бир нече түрү жалгашып келген. Мисалы, «токмок салды» ойнунда жар көрүшүү деген болгон. Бул боюнча айтылуу жер кезээр Чокан Валихановдун атактуу эмгеги «Жуңгарыя очерктеринде» жазылган. Мына ошону кыргыз вaлсы десек болот. Андан башка «Көн-көн», «Бураң бий», «Өлөң бий», «Той бий», «Жар-жар», «Шалкылдама» ж.б. бийлер бар. Бул бийлердин ар бири өзүнчө чоң дүйнө.

Актоо кыргыздарынын өлөң бийи, 2002-жыл

Актоо кыргыздарынын өлөң бийи, 2002-жыл


- Кыргызстандык ишкер «Кара жоргонун» сөзүн казактар кытайлык кыргыздардан алып, которуп, анан ырдаган дептир. Бирок ырдын тексти бизге таандык эмес да. Аны Мерей Турдакун деген үрүмчүлүк казак жигити жазган экен.

- Анысын билбейт экем. Бирок ал ырды казакчадан которуунун эч кандай кажаты жок. Бийдин атын «Кара жорго» деп да кереги жок. Биздин кытайлык кыргыздар бул бийди 20-кылымдын 90-жылдарынан бери «Күүшөмө», "Кыргыз бийи", «Шалкылдама» же «Улуттук бий» деп эле бийлеп жүрүшпөйбү. Демек, далыны күүшөгөн бул бийди биз, кыргыздар, «Кара-Жорго» дебей эле ушундай өзүмдүк ат менен атасак боло берет, ага кошо «Чолпонум», «Мөлмөлүм», «Өзгөчөм», «Сарынжы-Бөкөй», «Сардал кыз» сыяктуу түштүк кыргыздарынын тез ыргактуу көпчүлүк обондоруна жана «Кербез», «Беш ыргай» өңдүү обондорго бул бий кыт куйгандай шай келет. Бул бийди ушул обондорго бийлесе куп жарашат. Ошого, бул бийди өзүнчө кыргызча аты менен бүт кыргызга жалпылаштырып, өздүк өзгөчөлүккө ээ орток улуттук бий маданиятыбыздын түптөлүшүнө өбөлгө түзүшүбүз керек.

Кыргыз бийи. Үрүмчүдөгү Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 21 жылдыгын майрамдоо кечеси. 2012-жылдын 31-августу

Кыргыз бийи. Үрүмчүдөгү Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 21 жылдыгын майрамдоо кечеси. 2012-жылдын 31-августу

- Кыргыз бийин кантип жандандыруу керек? Деги эле кыргыз бийин дүйнө элдерине көрсөтүүнүн жолдору барбы?

- Учурда обектиптүү жана субектиптүү жагдайлардын түзүлүшү менен кыргыз бийинин жаңы жазы башталды десек жаңылбайбыз, Демек, улутубуздун уңгулуу бий өнөрүн өрчүтүп-өстүрүп, аны чыныгы түрдө кыргыз маданийатынын орчундуу түзүүчү бөлүгүнө айлантууга убакыт жетти көрүнөт. Ошондуктан, дүйнө жүзүндө орток кыргыз бий кыймылын бирдикке келтирип, жалпы кыргызга мүнөздүү болгон өрнөктүү бий кыймылын жаратып, бир көргөн киши «Бул кыргыздын бийи» деп жалпы эле орток таанымга келген, тек кыргызга гана таандык болгон өздүк бий кыймылын түптөшүбүз керек. Бий өнөрүнүн элдик негизи менен массалык пайдубалын бекемдеп, артисттер эмес, жалпы эл бийлеген абалды калыптандырып, бий өнөрүн жалпы элдик өнөгөлүү өнөргө айлантышыбыз керек. Кыргыз бийлерин сахнага алып чыгып, кароо-сынакка катыштырып, заманга жараша ансайын өрчүтүшүбүз зарыл. Көчмөнчүлүктү негиз кылган, кыргыздын өздүк салтын түп туткан, кыргыз табиятына шай, тамыры бир бий өнөрүн түптөө зарыл. Ушул тапта эл арасындагы эски элдик бийчилер барган сайын аздап баратат. Ошого элдик бийчилерди маданий мурастарды коргоо тизмесине киргизип, аларга колдоо көрсөтүп, миң кишилик, он миң кишилик бий майрамдарын уюштуруу аркылуу, эзелки элдик бийлерибизди жалпыга жайылтышыбыз керек.

- Маегиңизге ыракмат!

Бектур Илияс
Кытай

P.S. Автордун жазуу стили сакталды.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG