Куба ыңкылабынан жол башчысы Фидел Кастронун сөөгү анын керези боюнча кремацияланат. Бул тууралуу анын иниси, өлкөнүн Мамлекеттик кеңешинин башчысы Раул Кастро жарыяланды.
90 жаштагы Фидел Кастро25-ноябрда жергиликтүү убакыт боюнча 22:29 дүйнө салган. Анын өлүмү боюнча кабарды Раул Кастро угузду. Ыңкылапчыл лидердин өлүмүнө байланыштуу Кубада бир нече күнгө созулган аза күтүү жарыяланмакчы.
Фидел Кастро 2006-жылы ден соолугуна байланыштуу бийликти иниси Раулга өткөрүп берген. 2008-жылы президенттиктен, 2011-жылы компартия жетекчилигинен баш тарткан. Акыркы жылдары Кастро мамлекеттик басма сөзгө макалаларын жарыялаганы менен эл алдына көп чыкпай калган.