Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:23

Олимпиаданын ооз ачырган окуялары


Литвалык суучул Рута Мейлутите, 30-июль, 2012.
Литвалык суучул Рута Мейлутите, 30-июль, 2012.

Оюндар допинг, реклама, твиттер жана рекорддор менен байланышкан бир топ кызыктуу окуялар менен коштолууда.

Лондондо Олимпиаданы уюштуруу комитети колдонулбай турган билеттерди топтоп, кайрадан сата баштаганын жарыялады. Уюштуруу комитетинин расмий өкүлү Жэки Брок-Дойл дүйшөмбүдө билдиргендей, интернетте ар кайсыл оюндарга сатыкка коюлган билеттердин баары ошол күнү эрте менен эле сатылып кетти.

Анын айтымында, уюштуруучулар аккредитация үчүн бөлүнгөн орундарды 15% кыскартып, анын билеттерин жалаң британиялыктарга сата баштады.

Олимпиада башталганга чейин эле бир да оюнга билет калган эмес болчу. Бирок мелдештин алгачкы эки күнүндө залда бош эле калган орундар көп байкалып, уюштуруучуларды бир топ эле уятка калтырган. Уюштуруучулар бул үчүн аккредитациядан өткөн спорт жетекчилерин жана келебиз деп аягында мелдешке келбей калган журналисттерди күнөөлөп жатат.

Допинг доомат

Азыркы Олимпиада менен байланышкан жаңжалдар билет менен эле бүтүп калбайт. Спортчуларга адаттан сырт күч берчү түрдүү дарыларды, допингди колдонуу менен байланышкан чуулгандуу талаштар да болууда.

Бул ирет өзгөчө кытайлык 16 жаштагы суучул Е Шивендин рекорду допинг жөнүндө суроолорду жаратты. Шивень 400 метрге комплекстүү сууда сүзүүдө өзүнүн атаандаштарын эле артта калтырбай, акыркы 50 метринде дүйнөдө эркектер арасындагы эң тез суучулдар Майкл Фелпс менен Раян Лохтенин көрсөткүчтөрүн да ашып өттү.

Енин мындай көрсөткүчү көптөрдү таң калтырбай эле калбастан, “бул допинг колдонгон окшойт” деген түкшүмөлдөрдү да күчөттү. Британиянын айрым маалымат каражаттарында Кытайда 1980-90-жылдары допингди мамлекет өзү каржылап турганын да жазып жиберишти.

Бирок айтылган айып ырасталбады. Проблема жөнүндө дүйшөмбүдө Эл аралык Олимпиада комитетинин медициналык башкы адиси Арне Юнквист сүйлөп жатып:
"Албетте, тигил же бул атлетти текшергенге тийиштүү себептер болот. Бирок кокусунан мыкты жасалган ар бир көрсөткүч сөзсүз эле “допинг колдонулган болсо керек” деген суроолорду жарата берсе, анда спорт коркунучта деп айтмакмын. Анткени мындай кырдаал атаандаштыкка негизделген олимпиадалык таймаштын көркүн кетирип, күтүүсүз жетишилген ийгиликтер дайыма толгон-токой суроолорду жарата берет", - деди.

Кийин 16 жаштагы суучул Шивень өзү да күчүнө күч кошо турган эч нерсе колдонбогонун билдирди.

Допинг менен байланышкан дагы бир жаңжал өзбекстандык гимнастка Луиза Галиулинанын атын эске салды. Ал медициналык текшерүү учурунда айрым уруксат берилбеген дарыны ичкен деп табылып, Олимпиадага катышуудан убактылуу четтетилди.

"Демөөрчүнүн деми"

Быйылкы олимп оюндары учурунда өзгөчө кызыгууну жараткан жаңжалдардын дагы бири демөөрчүлөр менен байланыштуу болуп жатат. Америкалык атлеттер Twitter сайтында Эл аралык Олимпиада комитетинин чечимин сынга алышты.

Комитет олимп оюндары учурунда спортсмендер анын расмий демөөрчүлөрүнүн гана аты жазылган кийимдерди кийгенге укуктуу деп билдирген. Андай расмий демөөрчүлөрдүн катарында Visa, McDonald's жана Coca-Cola компаниялары бар.

Буга тигил же бул компанияны өз алдынча жарнамалаган спортчулар нааразы болуп, ал талапты өзгөртүүгө чакырышты. Бирок эрежеге ылайык, талапты бузган спортчулар жарым-жартылай же толугу менен мелдештен четтетилиши мүмкүн.

Твиттер, расизм

Твиттер демекчи, бул олимп оюндарында катары менен эки спортчу интернеттеги социалдык бул түйүн аркылуу жасаган расиссттик билдирүүлөрү үчүн мелдештен четтетилишти. Швейцариялык футболчу Мишель Морганелла түштүк кореялыктарга командасы жеңилип калганда кореялыктар жөнүндө жаман сөз айткан.

Анын алдынан Грециянын Олимп комитети жеңил атлетчи Воула Папахристоуну твиттерде африкалык иммигранттарды мазактаганы үчүн катардан чыгарып салган эле.

Дагы кызыктардан...

Оюндардын үчүнчү күнү 15 жаштагы литвалык Рута Мейлутите 100 метрге брасс ыкмасындагы суучулдар арасында жанындагы атактуу суучул чемпионкаларды артта калтырып, алтын медалга ээ болду.

Ал эми 10 метрге мылтык атуу боюнча аялдар арасындагы мелдешке бул ирет Малайзиядан 34 жумалык боюнда бар аял Нур Суриани Мохамад катышты. Жыйынтыгында ал мелдеште байгелүү орунга жеткен жок. Бирок өзү мелдеш учурунда ичиндеги баласы төрт ирет кыймылдаганын, ошого карабай ал баары бир оюнду уланта бергенин айтты.
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG