Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:52

Эмгектин алдыңкысы болгон минскилик


Президент Александр Лукашенка тууралуу кезектеги беларус азили.

Беларуста Эл депутаттарынын курултайынын отуруму өтүп жатат. Президент отургандарга кайрылды:

- Жолдоштор, 2012-жылы бизде эт азыгы тартыш болот, эмне кылабыз?

Баары унчукпай калса, бир киши арттан кыйкырат:

- Анда күнүнө 10 сааттан иштесем болот.

- Жакшы. Бирок 2013-жылы сүт азыгы да таңкыс болчудай.

- Анда күнүнө 14 сааттан иштейм да.

- Ал эми 2015-жылы ун да жетишпей калчудай.

- Эмнеси бар экен, күнүнө 20 саат иштеп беребиз анда

- Жолдош, сиз эле жооп берип жатасыз, башкалары эч унчукпайт. Кайсы жерде иштейсиз?

- Мен көр казам, урматтуу Президент!

XS
SM
MD
LG