Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:28

Акыркы күндөрү «Мегакомдун» айланасындагы абал менин ичимди аябай ачыштырды. Атамбаевге, Текебаевге жан тартпасам да жаралган кырдаал мени катуу түйшөлтүүдө.

Акыркы күндөрү «Мегакомдун» айланасындагы абал менин ичимди аябай ачыштырды. Атамбаевге, Текебаевге жан тартпасам да жаралган кырдаал мени катуу түйшөлтүүдө. Мындай кырдаал Бакиевдер баш болгон бир катар күчтөр үчүн оңтой берди болуп, алардын жылмайып байкап турганын элестетип жатам.

Жаныш менен Максим баш болуп өлкөдөн куулгандар "жаңы бир нерсе кура алышпай, кайра биздин мүлкүбүздү талашып, урушуп, абийири кетти" деп каткырып, сүйүнүчтөрү коюнуна батпай жаткан чагы болсо керек.

Азыркы бийлик Кумтөр маселеси менен канча алышты, бирок аны өлкө үчүн пайдалуу чечкенге кудурети жеткен жок. Улутташтырабыз деген бакиевдердин мүлктөрүнөн деле жакшы пайда чыгара алышпады. "БНК" деген май коюучу станцияларды алып көрөлү, андан да мамлекет пайда көрбөй, сатылып кетти.

Болбосо ошол эле "Мегакомду" алсак, анын кардары катары кызматтын сапаты төмөндөп кеткенин айтар элем. Компания "Билайнга" атаандаштыкта туруштук бере албай, ал аз келгенсип акчалары уурдалып жатат. Бул компанияны 2012-жылы сатканда 500 миллион доллар турмак болсо азыр 100 миллионго да эч ким албайт. Мунун бардыгы бизге зыян, туурабы? Бирок аны санаган киши жок!

Биздикилер үчүн чыр-чатак, элдин көңүлүн коомдогу орчундуу маселелерден башкага бурчу бир нерсе болсо эле жетишет.

Белиз деген Гондурас менен чектеш "банан өлкөсү». Ошол мамлекетке УКМКнын кызматкерлери барып, документтерин алып келсе дагы бир жөн. Менин пикиримде бул документтер фальсификацияланбаган учурда дагы биздеги саясий стабилдүүлүккө доо кетирүү үчүн даярдалган атайын чагым - провокация.

Биздеги соттор эчак эле SouthField деген оффшордогу компаниядан кожоюндукту алышкан, «Альфа Телекомдун» 100% акциясы мамлекетке өткөн. Эгер мен ошол Текебаевди жек көргөн Максим же Елисеев болсом, ушундай трасттык (ишеним) келишимди каттатып, аны жанагы Сегизбаевдерге салып жибермекмин. Ал эми УКМКны башкарган журналист болсо анын чын-төгүнүн иликтебей туруп, сүйүнгөнүнөн президентке жетип барып, чоң операция ишке ашкан сыяктуу көрсөтүүдө.

Президент улуттук биримдиктин кепили экенин унутуп, бул маселени саясатка айландырып, жалпыга жарыялап атат. Муну көргөн Лондон, Минск жана Ригада жашаган мурунку бийликтин өкүлдөрүнүн чырагына май таамп, табасы канып аткандыр.

Сегизбаев парламентте оффшорлордун баары текшерилет деп билдирди. Андай болсо, маселен, 24.kg агенттиги жазышынча, КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркулов шаарга мэр болуп турганда аялына "Бишкек-парк" соода комплексинин 25% акциясын Белиз өлкөсүндө каттатыптыр. Эгер Атамбаев мыйзамдуулукту камсыз кылгысы келсе буга эмне үчүн баа берүүнү талап кылбайт?

Эмне себептен ири соода комплекстин 25% акциясы Өмүркуловдордун үй-бүлөсүнө катталып калганы бийликти кызыктырбайт? "Мегаком" сатылган күндө да Текебаевге сатылган суммадан 3% үлүшү тиймек экен. Бирок компания сатылган жок жана Текебаев улутташтырылсын деп кайра коргоп турду го.

Айтор, мындай жол менен кетсек, алдыдагы 10 жыл ичинде «Белизгейттердин» далайын көрөбүз.

Дагы бир эске түйчү нерсе - Атамбаевдин демилгеси менен коррупциялык кылмыштардын эскирүү мөөнөтү алынып салынган. Тилекке каршы ал мурунку президенттердин кол алдындагыларга тиешелүү эмес, кийин жасалган иштерге гана каралат. Демек, 1 жылбы, 5 жылбы, 10, 20, 40 жылдан кийин дагы азыркылардын коррупция кылмыштары тергелип, ачыкка чыга берет.

Ансыз деле акыркы эки аптада өлкөдө саясий кырдаал кескин өзгөргөнү байкалууда. Буга бир канча фактор себеп болду десек болот. Баарынан да мамлекет башчынын Жанар Акаевди "балашка" деп атаган осол сөзү көпчүлүктү жийиркентти. Муну менен Атамбаевдин кадыр-баркы кетип, моралдык банкротко кептелген деп саясат таануучулар кийин баа бериши мүмкүн.

Атамбаевдин Акаев-Бакиевдин эң сүймөнчүк кадрларына таянып, ыңкылапчы демократтардан кол үзүп, 31-августтагы билдирүүсү сыяктуу «бурулуш» окуялар болду. Отунбаева баш болгон кечээки өнөктөштөрүнө аң казам деп, президент ага өзү түшкөндөй болду.

Балээнин баары Баш мыйзамдабы?

Менин пикиримде, кеп конституциялык референдумда эмес. Бирок эмне себептен Баш мыйзамга терең өзгөртүү кирбей турганын билип турса дагы президент жаманатты болгонуна кайыл болуп, ага жандалбастан аракет кылганы баарыбызды таң калтырат. Эгер өзү айткандай президенттик мөөнөтүн узартып, экинчи мөөнөткө барам деп жан талашса, бийлик үчүн күрөшүп кадыр-баркын төксө бир жөн эле. Азыр сунушталган терең өзгөртүүлөр эмес.

Албетте, бул жерде эл аралык коомчулуктун сынына кабылчу эки жагдай бар. Биринчиси, бул жарандыктан ажыратуу. Бул бир катар эл аралык нормаларга каршы келет жана зомбулуктун эң чоң белгиси болуп саналат. Маселен, Францияда жарандыкты жаңы алган киши террорчулукка аралашса, берилген жарандыктан ажыратуу демилгеси өтпөй калган эле. Эми Кыргызстанда кыргыз болуп туулган пендеден кантип жарандыгын алганы турабыз?

Экинчи маселе - Баш мыйзамдын 41-беренесине өзгөртүү киргизүү. Мына кечээ күнү Москвада оппозициянын көрүнүктүү өкүлү Алексей Навальныйды Орусиянын Жогорку соту Европа Кеңешинин адам укуктары боюнча сотунун сунушу менен актады. Муну "улуу урматтуу" Путин килейген эл аралык сот Орусиянын саясатына кийлигишүүдө деп кабылдаган жок. Ал канчалык чычаласа да Конституцияны өзгөртөм, себеби улуттук коопсуздукка шек келүүдө деген жок. Эмнеге? Анткени ал адискөй юрист, мамлекеттүүлүктү, эл аралык укукту түшүнгөн жетекчи!

Референдум өтөт, бирок Баш мыйзамды кайрадан оңдоо зарылдыгы эртең эле чыгат.

Элибизде Конституцияга, жалпы эле мыйзамдуулукка, саясий консенсуска болгон ишеним азайды. Бул демилге мамлекеттүүлүккө чоң жарака кетирди! Мына ушул мени капа кылат.

Эдил Байсалов, коомдук ишмер

PS: Автордун пикири "Азаттыктын" көз карашын чагылдырбайт.​ ​
"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG