Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:36

Мадылбай: Тоталитаризмдин табияты - таңуулоо


Турусбек Мадылбай.
Турусбек Мадылбай.

Биз белгилүү жазуучу жана котормочу Турусбек Мадылбай менен коомдук аң-сезим, азыркы доордогу көркөм адабияттын ролу тил саясаты, котормо жана өзүнүн чыгармачылыгы тууралуу маек курдук.

- Турусбек мырза, сиз борборго дайым эле келе бербейсиз. Ошондуктан сиз менен кенен сүйлөшкүм келип турат. Учурда сиз Токтогулда жашап жаткан экенсиз. Ал жакка кетүүгө эмне себеп болду? Элетте эмне менен алексиз?

- Мен мурда Бишкекте жашачумун. Карап көрсөм, бул жерде чыгармаларымды жаза албайт экем. Токтогулда тынч, отуруп алып бүтпөй калган чыгармаларды бүтүрүп жатам. Анткени жашым келип калды. Чыгармага түшүрчү ойлорум абдан көп, баштап, чейректеп, ортолоп койгон чыгармаларым бар. Алдымда эки жол туруп калды - же бул жерде атак-даңкты тандап, интервьюларды берип, телевидениеге барып, ар кандай жолугушууларда жүрө бериш керек эле. Же бүт чыгармаларды бүтүргөнгө аракет кылышым керек болду. Мен экинчи жолду тандадым. Ошон үчүн Токтогулга кеттим, пенсиядамын, андан тышкары мугалимдик кесибимди улантып мектепте иштеп жатам.

Турусбек Мадылбай – белгилүү жазуучу, котормочу жана агартуучу. Бир катар эл аралык жана жергиликтүү адабий сынактардын жеңүүчүсү. “Дубал,” “Күкүнүс” ("Феникс"), "Toktogool-Liverpool" ж.б. чыгармалардын автору. Дүйнөлүк классикадан ондон ашуун көркөм чыгарманы которгон. Турусбек Мадылбайды замандаштары отуздан ашуун тил билген полиглот катары да таанышат. Учурда ал Токтогул районундагы мектептердин биринде сабак берет.

- Кайсы сабактардан окутасыз?

- Кесибим боюнча орус тилинен мугалиммин. Андан тышкары чет тилдерин окутам. Токтогулда англис, түрк, француз, немис тилдерин үйрөнүп жаткандар бар. Аларга жардам берем.

- Жазуучу катары балдарга сынчыл ой жүгүртүүнү да үйрөтүп жатасаңыз керек?

- Албетте, сөзсүз. Мисалы, окуучуларымды оюн эркин айтууга, өз пикирине ээ болууга үйрөтөм. Анткени азыр көпчүлүк эл өз пикирине ээ эмес. Ким эмнени айтса, артынан ээрчип, кайталай берет. Ошонун кесепеттерин көрүп жатабыз. Шайлоолор, митинг, пикет ж.б. ар бир жаран өз оюна ээ болуп, аны айта билиш керек. Бирдеме айтардын алдында "жети өлчөп, бир кес" дегендей ойлонуш керек. Окуучуларга кайсы тилде болбосун, пикирин айтканды үйрөтөм. Биринчиден, кандай пикир болбосун биз аны сыйлашыбыз керек. Ар бир маселе боюнча адамдар оӊбу же терспи - өз пикирин айтканды билбесе, бурмалоолорго жол ачылып калат.

- Азыркы муун кандай экен анан?

- Жакшынакай муун. Азыркы жаштар абдан жакшы. Алардын ой жүгүртүүсү биздикинен алдыда. Советтер Союзунда (мисалы, мен ошол мамлекет гүлдөп турган мезгилде жашагам), биздин өз пикирибиз жок болчу. Кол көтөрүп эле "партияны, өкмөттү колдойбуз" дечүбүз.

Шайлоо деген жок болчу, өйдө жактан айтылган киши өтчү, биз барып эле добуш берген болуп койчубуз. Азыр шайлайбыз, тандайбыз, талаш-тартышка түшөбүз. Эки тарап, үч, төрт, кээде беш тарап болобуз. Ошонун бардыгы биздин жаштардын ой жүгүртүүсүнө таасир эткени байкалып турат.

Ырас, жаштардын баары бирдей эмес. Тилекке каршы, артка тарткандарды да көрүп жүрөм. Мен алар менен талашам, өзүм билген нерселерге ишендирүүгө, ынандырууга аракет кылам. Кээ бирлери ынанат, түшүнөт, “мен билбептирмин, ушундай турбайбы” дейт. Айрымдары мени менен бирдей ой жүгүртөт.
Бирөөлөрү бар, эч нерсе билбейт, сабаты начар, пикири, ою деле жок.

Өткөндө дүкөнгө кирип калсам, окуучу бала бирөө менен сүйлөшүп жаткан экен. "Токтогулду орустар келип куруп берген" дейт. Жаным чыгып кетти. "Эй бала, сен эмне деп жатасың? Токтогулда бир да орус болгон эмес. СССР кезинде 0,2 пайыз орус болгон, орус дагы эмес, орус тилдүүлөр – мордвин, немис, украин, карель ж.б. эле. 0,2 пайызга уйгурларды кошуп жазып коюшчу. Токтогул шаарын биз, кыргыздар эле курганбыз. Мен мектепти бүткөндө бетончу болуп курулушта иштегем. Ал жерде куруучулары да, башчылары да кыргыз болчу", - дедим. Ушундайлар бар. Ал жаш балага атасы үйрөткөн же чөйрөсү ошондой. Ушундай ой жүгүрткөн дегенераттар адатта коомду артка тартат.

- Бирок коомубуздун көбү ошондой ой жүгүртүп жатпайбы. Украинадагы согуш башталганда баскынчылыкты колдоп чыккан мекендештерибиз да болбодубу.

- Толуп жатат. Менимче, теңме-тең болсо керек. Мен, мисалы, Украинаны басып алууга каршымын. Бирөөлөрү Орусия, бирөөлөрү Украина тарап болуп жатат. Менимче, бул маселеде Орусия түздөн-түз Кыргызстанга басым кылып, таасир этип жатса керек. "Бешинчи колонна" деген термин бар. Эрнест Хемингуэй 1937-жылы Испаниядагы согушка катышкандан кийин ушундай аталыштагы пьесасын жазган. Чыгармада франкисттердин командири салгылашуу алдында "Кантип шаарды басып алабыз?" деген суроого "Коркпо, биздин төрт колоннабыз (тизилген жебегибиз) бар. Ал эми шаар ичинде бизге тарта турган бешинчи колонна бар. Алар ичинен жарып чыгат", - деп жооп берет. Бизде ошол Кремлдин бешинчи колоннасы бар. Ар бир өлкөдө башка мамлекеттин жактоочулары болот, бизде да жок эмес. Саясатка терең карасак, буга каршы журналисттер, жазуучулар, педагогдор иш жүргүзгөнү оң. Элге туура багыт берип, акыл-эс маданиятын өстүрүү зарыл.

- Сиз кесибиңиз боюнча орус тилчи мугалим экенсиз. Адабияттан да сабак берсеңиз керек. Биздин жаш акын-жазуучуларыбыз дүйнөлүк адабиятты орус тилинде окуйт. Улуу муундагыларга доомат коё албайбыз, анткени алар ошондой доордо, шартта жашап, орус тили аркылуу дүйнөнү тааныган. Сиз котормочулук менен да алектенип жүрөсүз. Орус тилинде гана маалымат алуу биздин адабиятыбызды аксатып жатат деген ой жокпу сизде?

- Бар. Биздин жазуучулар уюмунда 800гө жакын жазуучу бар, мен да ага мүчөмүн. "Чыңгыз Айтматовду кошпогондо, кыргыз адабияты эмнеге чыкпай атат?" деген суроого "жалаң орусча окуп калгандыктан" деп жооп берет элем. Мен да орус адабиятын көп окугам. Бирок орус адабияты дүйнөлүк адабияттардын бири гана. Мурда Москва бизге "улуу орус адабияты" деп жалаң Пушкинди окута берчү. 9-класска чейин мен "адабият деген жалаң орустардыкы, башка элдерде жок" деп ойлочумун. Бир күнү Айтматовдун орус тилинде чыккан "Прощай, Гульсары" китебин көрүп калдым. Ачып карасам, "Чыңгыз Айтматов – известный киргизский писатель" деп турат. Анан "кыргыз дагы жазса болот турбайбы" деп таң калып атпаймынбы.

Тоталитаризмдин табияты ушундай, таңуулай берет. Китептеринин көп чыгышы боюнча Толстой дүйнөдөгү жазуучулардын алдында экен. Эмнеге? Орустар аны миллиондогон нуска менен чыгара берчү. Башка өлкөлөрдө Толстойду, Чеховду, Достоевскийди көбүнчө адабиятчылар окушат. Биздикилер болсо орус адабиятын окуп алып эле "орус адабияты улуу, дүйнөлүк мааниге ээ, башкалар артта" калган дешет. Мисалы, Американын адабияты орус адабиятынан кыйла алдыда. Томас Вулф, Эрнест Хемингуэй, Уильям Фолкнер, Марк Твен, Скотт Фицжеральд, Уолт Уитмен баштаган укмуш акын-жазуучулар бар. Эмнеге аларды окубайбыз?

Ушул өксүктү толтуруу үчүн англис тилинен жыйырма бештей китеп котордум. Кээ бирлери коомдук-саясий китептер болчу, он сегизи - көркөм адабий чыгармалар. Рэй Брэдберинин "Каакым ширесин", Марк Твендин "Том Сойери" менен "Хеклберри Финдин жоруктарын" котордум. Ошол чыгармалардын каармандарынын мекени Миссисипи штатынын Ганнибал шаарында болдум. Том менен Хек адашып кеткен үңкүрдү өз көзүм менен көрдүм.

Бизге илгери "Батышта китеп окубайт, СССРдин калкы көп окуйт" дешчү. Калп экен. Совет мезгилинде Москва, Ленинградда анча-мынча түзүк китеп дүкөндөрү бар болчу. Американын бир эле чакан шаарында үчтөн-төрттөн дүкөн бар, үч күндө кыдырып бүтөсүң ичин. Ар бир америкалык баштыгына эки-үч китеп салып жүрөт. Бош боло калганда жерге эле отуруп, китебин ача коюп окуй беришет. Алар бизге караганда жүз эсе көп китеп окуйт экен.

- Марк Твен жазган "Гекльберри Финндин жоруктары" союз маалында да которулган экен.

- Хеклберри Финн... Ал китепти карадым, 1957-жылы Исаков деген которгон экен. Орус тилинен “кыр-рус” тилине, б.а. аралаш тилде которгон. “Юридический наукалар” деп жүрөт, ошол кыргызчабы? Мисалы: "Мештин затворкасынын артына Том жашынып алды", - дейт. Англисчесинде жөн эле "капкак" деп турат. Ошондуктан мен Американын элчилигине каталарды көрсөтүп, китепти түп нускадан которууну сунуштагам. Экинчи жагынан, орус тилинде басылган бул чыгарманын көп баптарын идеологияга туура келбегендиги үчүн алып коюшкан. Мисалы, “Том Сойерде" эки-үч бап жок, "Хеклберри Финндин жоруктарында" беш-алты бап жетишпейт. Мен аларды кайра ордуна келтирип, түп нускасын кыргызча котордум.

- Мен өткөндө орусиялык кыздын постун окуп калдым. Ал "Бизге мектептен И.Тургеневдин "Мумусун" окуткандан көрө, Оруэллдин (Жорж Оруэлл британиялык жазуучу - ред.) "1984" романын окутса, алда канча эркин коом болот белек?" дегендей ойду жазган экен. Сиз адабиятчы катары буга кандай ойдосуз?

- Түздөн-түз кошулам. Себеби, Советтер Союзу бизди маңкурт кылган. Чыңгыз Айтматов бекеринен муну жазган эмес. Советтик системада "биздики гана туура" деп эсептелген түшүнүк таңууланчу. "Башыңдагы ширини сыйрып алат азыр" десе, байкуш маңкурт "бербейм" деп корккондой, биз да маңкурт болуп калдык. Кремлдин айтканынан чыга албай, ал таңуулаганды гана туура дейбиз. Оруэллдин "1984ү" эмес, "Агыл" же "Малкана" ("Скотный двор" кыргызча "Малкана", "Айбан чарба" деген аталыштарда жарык көргөн -ред.) деген чыгармасын окутса болмок. Ошол жерде Советтер Союзу көрсөтүлөт. Көрсө биз малканада жашаптырбыз да.

- Ал чыгарманы мен үч-төрт жолу кайталап окудум, бирок Советтер Союзун эмес, акыркы өзүбүздүн жашап аткан доорду эле элестеттим.

- Биз ошол эле СССРдин уландысыбыз да. Демократия дейбиз, бирок аны жаман көрөбүз. Бирөөнү сындаганга кыйынбыз, бизди сындаганда чычалап кетебиз. Демократияны үйрөнө албай койдук. Эл үйүлүп алып кыйкыра берсе, ошол демократия дейбиз. Билесиңерби, азыркы кырдаал совет доорунда түзүлгөн атайын план болгон. Тоталитаризмдин айынан коммунисттик партияга элдин ишеними кетип, эми кантип реформа кылабыз дегенде, ошол кездеги КПССтин башкы катчысы, ага чейин МКБ (КГБ) жетекчиси болгон Андропов "Келгиле, СССРди ыдыраталы, жапайы капитализмди көрсөтөлү. Анан эл кайра өздөрү жалдырап, Советтер Союзун куруп бергиле дешет" дегени айтылып келет.

- Мен сиз менен сүйлөшөрдүн алдында атайын китепканага барып сурасам, "Хеклберри Финндин жоруктары" эле бар экен. Калган котормолоруңузду тапкан жокмун. “Күкүнүс” (“Феникс") романыңызды орусча окудум, аны кыргызча жаздыңыз беле?

- "Күкүнүс" 1989-жылы “Кыргызстан” басмасында чыкмак, бирок ошол кезде кризиске байланыштуу, кагаз жок болгондуктан токтоп калган. Кыргызча окулбай турганын, кыргызча жакын арада чыкпай да турганын түшүнгөндөн кийин мен Москвага барып калсам, журналга берем деп орусчага которгом.

Кийин "Русская премия" деген сыйлыктын жарыясы чыгып калды. Мен романды толуктап, электрондук почтадан салып жибергем. Биринчи сыйлыкты утуп алдым. Төрт жолу жарык көрдү. Бирок Орусияда эмес, Кыргызстанда эле чыкты. Биринчи жолу Кыргызпатент чыгарып берди. Кийинки басылыштарын башкалар чыгарышты. Кыргызчасы ушул күнгө чейин жарык көрө элек. Англис ж.б. тилдерге которуп жатышат. Өткөндө карасам, Шанхай университети сайтына чыгарып коюптур, мукабасын көрдүм. Мага автордук экземпляр келиш керек да, "берип жиберебиз" дешкен. Менин оюмча, пандемияга байланыштуу жибере албай калышса керек. Түрк, француз, немис тилдерине которулуп басылды, кыргызча ушул күнгө чейин чыга элек.

(Маектин уландысы бар)

Маектин аудиосун бул жерден уга аласыз

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG