Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:58
1963-жыл, 28-август… Тээ алыскы океандын ары жагындагы Америкада дал ушул жылы, ушул күнү дүйнөнүн чар тарабына жетер окуя болгонун убакыт жана бүгүнкү тарых көрсөттү. Мартин Лютер Кингдин «Менин бир кыялым» аттуу сөзүнүн ишке ашканына Америкадагы актар менен каралардын камыр-жумур жашап атканы далил.

Өз мекенинде сүргүндөгүдөй күн көрүп, жакырчылык чеңгелинде жаткан кара терилүүлөр же «негрлер» деп аталган калк үчүн ошондой кыйын учурда Мартин Лютер Кингдей болгон ар биринин жүрөктөгү түпкү каалоосун, кыялын ачыкка чыгарган адам керек эле.

Вашингтондогу Линкольн мемориалынын тепкичтеринен, 300 миңдей адамдын алдында сүйлөгөн Мартин Лютер Кингдин «Менин кыялым» аттуу сөзү чечендик өнөрдүн шедеври, мамлекет башчыларына жол көргөзгөн үлгүгө айланды.

20-кылымдын 1963-жылы Кингди Time журналы «Жылдын адамы» деп тапса, 1964-жылы Нобел сыйлыгына татып эң жаш лауреат катары тарыхта калды.

Байыркы китептерде, дүйнөнүн жаралышы тууралуу уламышта адамдар бир ата-энеден жаралгандыгы жөнүндө жазылган. Мартин Лютер Кингдин жүрүш учурунда ошону эске салып, “Биздин улут канатын жайып жана "Бардык адамдар бирдей жаралганын шексиз эсептейбиз” деген биздин ураандын нукура маанисине чейин жашай турган күн да келет деген менин бир кыялым бар», - деп кулдук чеңгелинде жүргөн ындыкаралардын укугун талашып, үмүтүнө шам жакты.

Адамдар арасындагы теңсиздиктин тамыры терең. Өткөн кылымдарда АКШда да адамдардын терисине карап бөлүү, караларды “негр” деп кемсинтүү орун алганы тарых беттеринде жазылуу. Мына ушундай адилетсиздикти 19-кылымда Авраам Линкольн бузууга аракет кылып, кулчулукту жоюу боюнча манифестке кол койгон. Бирок иш өтөсүнө чыкпай, кара терилүүлөр жүз жыл бою эзүү астында жашады. Бул көрүнүш качандыр бир кезде токтошу керек болчу. Мартин Лютер Кинг муну биринчи болуп түшүнгөн. 1963-жылы 300 миңдей кишинин алдына чыкканда ал бийликтен азаттыкты, адилеттикти талап кылган.

Бирок ал талапты күч, зомбулук менен койбостон, өзүнүн чечендик өнөрүнүн жардамы менен жүрөктөгү кыялын айтып билдирген. Кингдин бул кыялы – мекенин чын жүрөгү менен берилип сүйгөн адамдын кыялы болчу. Ошонусу менен ал өзүнө түбөлүктүү эстелик тургуза алды.

Кингдин жарым кылым мурдагы “Мен Жоржиянын кызыл дөңдөрүндө мурдагы кулдардын балдары, мурдагы кул ээлөөчүлөрдүн балдары менен бир үстөлдө чогуу отура турган күн келет деп кыялданам. Мен төрт баламдын өңү-түсүнө эмес, кандай адам экенине карата баа берчү күн келет деген кыял-тилегим бар” деген кыялы бүгүн ишке аштыбы?

АКШнын жарандык укуктар кыймылынын мурдагы активисти, азыр Конгресстин Эл өкүлдөр палатасынын добуш берүү укугуна ээ эмес делегаты Элеанор Холмс Нортон «Америка добушу» радиосуна берген маегинде: “Кыймыл азыр да актуалдуу бойдон калып жатат. Анткени ал ошол күндүн муктаждыгын канааттандыруу, афро-америкалыктардын калган америкалыктар менен теңдикке жетишүүсү үчүн өрчүгөн да. Биз азыр буга жакындап калдык» - десе, ушул жылдын 27-августунда АКШ президенти Барак Обама Syndicated radio деген радиостанциясына: “Эгерде Кинг ушунча жылдар бою эмнеге жетишкенибизди азыр көрсө таң калмак» деген маеги менен кошо, Америка бардык жарандарга адилеттүү болуп өзгөргөнүн, доктор Кингден бүт дүйнө үлгү алганын билдирди.

Мына ушундай мисалдардан улам, жеке оюмда, азыр раса боюнча бөлүнүү теңсиздиги жок жана Мартин Лютер Кингдин кыял-тилеги толук орундалды деп эсептейм. Анткени, биринчиден, 1964-жылы жарандардын укугун коргоо жана расалык дискриминацияга чекит коюу боюнча Мыйзам кабыл алынып, буга Линдон Жонсон кол койгон. Экинчиден, андан бери элүү жыл өттү, ак-каралар болсо бирге жетелешип, бир жерде иштеп, ал тургай баш кошуп да жатышат. Эң далилдүү факт - кара терилүү Барак Обама учурда АКШ президенти.

Мартин Лютер Кингдин мындай атактуу сөзүнөн өзгөчө биз үлгү алуубуз зарыл. Себеби, Кингдей, кыргызды бириктирип, бөлүнгүс кылган адам бизге да керек. Тарыхты карасак, кыргыз алгач оң-сол урууларына бөлүнсө кийин бугу-сарыбагыш ж.б. болуп касташчу экен. Азыр эми түндүк-түштүк болуп жатабыз. Кээде отуруп ойлоп кетем: балким, бизде да келечекти ойлоп, жакшы кыялданган адам болсо жашообуз башкача болот беле… Жакшы тилек, жарым ырыс эмеспи. Кытай ойчулу Конфуций “Кытай тили дүйнөгө тарайт жана Кытай дүйнөдө биринчи орунга чыгат» - деген экен. Канча бир кылым өткөндөн кийин ал орундала баштаганын көрүүгө болот.

Кийинки мисал, доктор Мартин Лютер Кингдин кыял-тилеги. Анын кыялы аркасында АКШ биримдикте өнүктү.

Ал эми биздечи? “Кыргыздын кыркы бириксе да,ыркы бирикпейт” деген абал өкүм сүрүп жаткансыйт. Мындан алты жыл мурун Медер Бишкек аттуу агайдын “Кыргызча тактык: 5 мүнөт эрте” деген маегин окуган элем. Анда ал “алакандай кыргыз”, “бир ууч кыргыз” деген сыяктуу сөздөрдү колдонбоого чакырганын, анткени дүйнөдө Кыргызстандан да кичинекей мамлекеттер барын айткан эле. Андыктан Кыргызстандын ар бир жараны жаман-жакшыны ылгап, жакшыга жанашып, жамандан адашып, бири-бирибиз үчүн күйүп, патриот болуп калыптанышыбыз керек. Океандай болгон «Манас» эпосубуздагы:
Бөлүнбө, кыргыз, бөлүнбө,
Бөлүнсөң бөрү жеп кетет.
Бөлүнүп калды кыргыз деп,
Бөлөк элге кеп кетет - деген төрт сап сөздү мээге сиңирип, «Манасты» туу тутуп, Кингдей улуу тилектерди тилеп, Кингдей өлкөбүздүн бүтүндүгү үчүн күйүшүбүз керек.

Мартин Лютер Кингдин бүгүнкү күндөгү орду – анын улуу сөзү, кылган иши жана ошол эмгектеринин үзүрү – ар жыл сайын Американын 50 штатында январь айынын үчүнчү дүйшөмбү күнүнүн майрам болуп белгилениши.

Бул жөнүндө журналист, Пулитцер сыйлыгынын лауреаты Жон Мичем мындай деп кошумчалайт: “Бир фразанын жардамы менен Мартин Лютер Кинг Жефферсон жана Линкольн сыяктуу Американын жүзү болгон адамдардын катарында турат”. Жон Мичем ушул сөзү менен эч бир тарыхый адамга өзүнчө улуттук майрам күнү арналбай, бир гана Кингге арналып белгиленерин айтат. Кингдин тарыхый орду, анын улуулугу бир гана Америкада, Нью-Йоркто гана белгиленбестен дүйнөнүн ар бурчунда белгилүү. Мына Кингдин улуулугу! Мына Кингдин тарыхтагы орду! Азаттыкка Кингдин төрт уулу, неберелери жана бүтүндөй Америка эли акыры жетти! Ал азаттыкты бүгүн бардыгыбыз чогуу минтип айтабыз:

Азаттык бардык тоонун чокусунан жаңырып,
Келди мына бүт дүйнөнү жаңыртып.
Азаттык болот экен акыры,
Кингдин үнү турат дале жаңырып.

Болотбек кызы Жылдыз
XS
SM
MD
LG