Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:25

Максим Кулешов акыл-эсин дарылаткандардын арасында бир түн жатып чыкты


Максим Кулешов, кыргыз укук коргоочусу.
Максим Кулешов, кыргыз укук коргоочусу.

Кыргызстанда саясий акцияларды тажабай такай өткөрүп келген укук коргоочу Максим Кулешов психикалык ооруканада бир күн жатып чыкты. Аны милиция шаршемби күнү Ак үйдүн алдына кезектеги акциясын өткөргөнү чыккан учурда кармап кеткен. Бир катар укук коргоочулар кечээ аны бошотуу талабы менен ИИМдин жанында пикет өткөрүп жаткан учурда ооруканадан чыгарылган Максим Кулешов алардын катарына кошулду.

Укук коргоочу Максим Кулешов 4-мартта кесиптеши Михаил Голованов менен Ак үйдүн алдына “Жетишет, шүмшүк!” деп аталган кезектеги акциясын өткөргөнү чыккан учурда аларды милиция кармап, Бишкектин Биринчи май РИИБине алып барышкан.

Андан ары Максим Кулешов психикалык ооруканага жаткырылып, шериги Михаил Головановду болсо Биринчи май райондук соту 15 күн абакка кескен.


Максим Кулешов ооруканада ийне аркылуу дары (укол) сайылып, эс учун жоготуп койгонун айтат.

Анын айтымында, милиция анын кармалышы боюнча маалыматты коомчулуктан жаап-жашырган.

Эртеси күнү гана укук коргочулар анын ооруканага жатканын билишип, тынчсыздана баштаган.

Максим Кулешов бул аракетти өзүн коркутуу далаалаты катары баалайт:

- Муну бийлик тарабынан башкача ойлонгондорду, нааразалык чараларына чыккан жарандык коомдун өкүлдөрүн эми ушинтип өткөн коммунисттик доордогудай, же кошуна Өзбекстандагыдай психикалык оорукана менен коркутуу аракети жасалды деп бааласа болот.

Психикалык оорукананын дарыгерлери болсо Максим Кулешовду текшерип көрүп, анын акыл-эси жайында, аны акыл-эсин дарылаткандардын арасында кармоого эч медициналык негиз жок деп табышкан.

Укук коргоочу Кулешовду бошотуу талабы менен Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин башкеңсесинин алдына 5-мартта пикетке чыгышкан укук коргоочулар Кулешов оорукандан чыгып келген соң анын ооруканага жаткырылыш себептерин түшүндүрүү жана министр менен жолугушуу талаптарын коюшту.

Ошентип бир сааттан ашуун талашып-тартышуудан соң укук коргоочулар тобун министрдин орун басары Манас Акматбеков кабыл ала турган болду.

Укук коргоочу Төлөйкан Исмаилова бул жолугушууда "милиция эмне үчүн Максим Кулешовду психикалык ооруканага алып барган жана эмне үчүн ийне (укол) жасалган жана ал кандай дары экени тууралуу эмнеге маалымат берилген эмес?" деген суроолор коюлуп, милиция өкүлдөрүнүн аракети канчалык мыйзамдуу деген маселе кабыргасынан козголгонун айтты.

Министр орун басары Акматбеков болсо бул окуя териштирилген соң бир күндөн кийин укук коргоочуларга жооп берилерин убада кылган.

Аны “Азаттыкка” ИИМдин коомдук коопсуздукту камсыздоо башкармалыгынын башчысы Жакыпбек Азизов да ырастады:

- Бул окуя териштирилген соң укук коргоочуларга анын жыйынтыгы бериле турган болду.

"Кылым шамы" укук коргоо уюмунун башчысы Азиза Абдурасулова болсо бул окуяны Бишкектеги милициянын жоопкерсиздиги жана өлкөдө адам укуктарына байланышкан абалдын андан аркы начарлашы катары баалайт:

- Бул деген биринчиден, милиция кызматкерлеринин жоопкерсиздиги, алардын билимсиздиги. Экинчиден, Кыргызстанда адам укуктарына байланышкан жагдайдын начарлап, өлкө өнүгүү жолунан терс нукка бурулуп кеткенин көрсөтөт.

Азиза Абдурасулова ошондой эле министр орун басары менен жолугушуудан жыйынтык чыгаарына анча ишене бербестигин кошумчалады.

Укук коргоочулардын айтымында, министр орун басары Акматбеков мырзанын убадасына караганда бул окуя боюнча алардын суроо-талабына бүгүн, жума күнү (6-мартта) жооп берилиши керек.
  • 16x9 Image

    Шайырбек Эркин уулу

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, интернет редактор. Кыргыз Улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG