Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:56
Форумдун катышуучулары Москвада кыргыз боз үйүн тигүүдө. 10-май, 2014-жыл.
Форумдун катышуучулары Москвада кыргыз боз үйүн тигүүдө. 10-май, 2014-жыл.

Москвада кыргыздардын курултайы өттү

10-11-майда Москвада чет жердеги кыргыздардын бүткүл дүйнөлүк III форуму өттү.

Форумга дүйнө жүзүндөгү алыскы жана жакынкы 32 чет өлкөдөн жана Орусиядагы кыргыз диаспораларынын өкүлдөрү катышмакчы. Форумдун негизги максаты чет өлкөлөрдөгү мекендештердин башын бириктирип, түпкү мекени үчүн кызмат кылууга чакыруу.
21:03 10.5.2014
Татарстандагы кыргыз диаспорасынын өкүлү миграция маселесин диаспораларга жүктөп койгону үчүн кыргыз өкмөтүн сынга алды.

“Эмгек мигранттарынын укугун коргоо, аларга шарт түзүү - бул мамлекеттин милдети”,- деди ал.
21:00 10.5.2014
Бурятиядагы кыргыз диаспорасынын өкүлү Орусияда каза болгон мигранттын сөөгүн мекенине акысыз жеткирүү жана четтеги кыргызстандыктарга шайлоого катышуу үчүн мүмкүнчүлүк түзүү сунушун киргизди.

Ал Жогорку Кеңеш депутаттары: Абдыманап Кутушев менен Улугбек Кочкоров Орусияда өлгөн мигранттарды Кыргызстанга акысыз жеткирүү боюнча мыйзам долбоорун иштеп чыгууга сөз берип, бирок аны аткарбаганын сынга алды.

Диаспора өкүлү орус бийлигине ыраазычылык билдирди. Анын айтымында, Орусия федералдык миграция өкүлчүлүгү Бурятияда кыргыз мигранттарынын балдарын окутууга кечки мектеп ачып, мугалимдерге 25 миң рубль айлык төлөп, майрам сайын мектепке 100 миң рублдан берип турат.
20:50 10.5.2014
Сибир федералдык округундагы диаспора өкүлү Нуралы Акбаралы диаспора лидерлеринин жаңы мууну келиши керектигине токтолду:

- Азыркы сөздөрдү угуп отуруп, диаспоралар башына жаңы муундагы адамдар керек экенине ынандым, жаштардын ой жүгүртүүсү да, өнүгүүсү да жаңы деңгээлге чыгып турганы анык.

Курултайдын экинчи жарымына бир дагы расмий өкүл катышпай жатканын сынга алган Нуралы Акбаралы уулу:

- Ушул жерде айтылган жакшы сунуштарды расмий өкүлдөр укса жакшы болмок. Ушунча чогулгандан кийин кыргыз мигранттарынын пайдасы үчүн конкреттүү кыймылдар болсо, азыр жок дегенде 2-3 кыргызстандык депортация болуп, азап чегип атат. Ошолорго жардам бергидей жыйынтыкка келсек, - деди.
20:41 10.5.2014
Түркиядан келген кыргыз диаспорасынын өкүлү эне тилди сактоо жана аны турмушта колдонуу зарыл экенин белгиледи. Көп жыл чет өлкөдө жашаган кыргызстандыктар тилин жоготпогону менен чет өлкөдө төрөлгөн муун кыргыз тилин колдонбой калуу коркунучу бар экенин эске салды.
Түркиялык диаспора өкүлү мамлекетке “миграция маселесин диаспораларга жүктөп койгону туура эмес” деп сын узатты.

Быйыл Роза Отунбаеванын фонду тарабынан уюштурула турган экинчи "Мекендештер" форумунун алдын ала повесткасы түптөлө бериши керектигин да кошумчалай кетти.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG