Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:07

Непал: зилзаладан 4 миңдей киши набыт болду


Непал армиясы уранды басып калгандарды издөө иштерин улантууда, 27-апрель, 2015.
Непал армиясы уранды басып калгандарды издөө иштерин улантууда, 27-апрель, 2015.

Ишембидеги каргашалуу зилзаладан кийин жер дагы бир нече жолу кайра силкинди. Жарадарлардын саны алты жарым миңден ашты. Куткаруу иштери уланууда.

Соңку кабарларга караганда, Непалда 25-апрелдеги зилзаланын курмандыктарынын саны 3700дөн ашты. Бийликтер бул көрсөткүч беш миңге жетиши мүмкүн экендигин эскертүүдө.

Жекшемби күнү кайталанган зилзалада Гималай тоолорунда көчкү көчүп, куткаруу иштери дагы кыйындады.

АКШнын Геологиялык көзөмөл борборунун билдиришинче, жекшембидеги силкинүүнүн күчү 6.7 баллга жетти. Силкинүүнүн борбору алдыңкы күнү катуу талкаланган баш калаа Катмандудан түндүк-чыгышта, Кытай менен чек ара аймагында катталды.

Аталган борбордун маалыматы боюнча бул силкинүүнүн борбору жер катмарынан болгону 10 чакырым тереңдикте болду жана анын 50 чакырым радиусуна чукул жер жапа тарткан болушу ыктымал.

Жер силкингенде жолдорго жараңка кетти, 26.04.2015
Жер силкингенде жолдорго жараңка кетти, 26.04.2015

Катмандуда жер титирегенде элдер кайра чочуп, аянттарга чуркап чыгышты. Өлкө боюнча 10 миңдеген адамдар, анын ичинде чет элдик саякатчылар зак кеткен үйлөргө кирүүдөн коркуп, эки күндөн бери ачык асман алдында түнөштү.

Жарадарлардын саны 6500дөн ашты.

Көп жерлерде тургундар кыйрандылардын алдында аман калгандарды издеп, урандыларды колдору менен казып жатышат.

Улуттар Уюмунун маалыматына ылайык, ооруканалар толуп, өлүктөрдү сактоого ылайыктуу жайлар тартыш. Суу, тамак-аш, чатырлар да жетпей, Непалдын өкмөтү эл аралык коомчулукка чукул жардам сурап кайрылды.

Догдурлар шашылыш тигилген чатырларда иштеп жатышат, Катмандунун бир ооруканасына дагы деле жаракат алгандар келип түшүүдө. Полиция ал жерге өткөн түнү 166 сөөк жеткирилгенин билдирди.

Непалдын Улуттук медицина академиясынын вице-канцлери Ганеш Гуруң жекшембиде алдыңкы күнкү зилзалада жараат алгандар тууралуу "Көптөгөн кишилер катуу жараат алышты, башы жарылган, колу-буту кесилгендер, көкүрөгүнөн жарадар болгондор" - деген маалымат берди.

Жекшемби күнкү жер титирөөнүн толкуну Индиянын баш калаасы Нью-Делиде да сезилип, шаардык метро токтоп калды.

Бийликтер Еверест тоосунда 18 альпинисттик өмүрү кыйылганын билдирди.

Коңшулаш Индияда дагы 61 адам каза тапты, Кытай менен Бангладеште да курмандыктар бар экендиги кабарланууда.

Куала Лампурда өтүп жаткан Түштүк-Чыгыш Азия өлкөлөрүнүн самитинде Малайзиянын Тышкы иштер министри Анифах Аман Непал, Индия, Бангладештин элдерине көңүл айтып, АСЕАН өлкөлөрүнүн тышкы иштер министрлери бир эле мезгилде эл аралык куткаруу жана жардам иштерине кошулууга даяр экендигин бышыктады.

Кыргызстандын тышкы иштер министрлиги Непалда кыргызстандыктар бар экенин, алардын абалын билүү үчүн Индиядагы элчиликке тапшырма берилдигин билдирүүдө.

Зилзала аймагына жүк ташуучу машиналар, тик учмалар менен чатырлар жана өтө зарыл оокат кече, азык-түлүк, дары-дармек жөнөтүлүүдө.

Жардам топтору Непалга таза суу жана башка чукул жардам жеткирүүгө кызматкерлерин даярдап жаткандыгын кабарлашууда. АКШ, Британия, Германия, Франция, Пакистан сыяктуу мамлекеттер тез жардам жана издөө иштерине көмөктөшүп жатышат.

Кырсыктан Катманду шаарынын байыркы бөлүгүндө бир нече тарыхый имараттар, анын ичинде 60 метр бийик 1832-жылы Непалдын ханышасы курдурган Дхарахара ибадатканасы жер менен жексен болду.

Кытай менен Индиянын ортосунда жайгашкан Непалдын тарыхындагы эң каргашалуу зилзала 1934-жылы болуп, анда сегиз жарымдан ашык кишинин өмүрүн алып кеткен эле.

Непал: зилзала курмандыктары 4000ге чукулдады
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:38 0:00

XS
SM
MD
LG