Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 13:05

КЫРГЫЗСТАН МЕНЕН ЧЕХИЯНЫН АКЫЙКАТЧЫЛАРЫ КЫЗМАТТАШАТ


Маектешкен Венера Сагындык кызы, Прага Ушул күндөрү Чехияда өтүп жаткан “Бир дүйнө” кинофестивалы, же адам укуктарына арналган даректүү тасмалар фестивалына Кыргызстандын акыйкатчысы Турсунбек Акун жана “Жарандар коррупцияга каршы” бейөкмөт уюмунун жетекчиси Төлөйкан Исмаилова да катышууда. Бүгүн алар Чехиянын акыйкатчысы Отакар Мотейл менен Брно шаарында жолугушту. Кабарчыбыз Венера Сагындык кызы акыйкатчы Турсунбек Акун менен телефондон байланышып, чехиялык кесиптеши менен жолугушуу кандай өткөнүн сураган.

Турсунбек Акун: Эң биринчиден, мен омбудсмен болуп шайлангандагы четке чыккан биринчи акыйкатчы менен болгон жолугушуу болгонун айттым. Анан эки Акыйкатчы институту ортосундагы кызматташтык жөнүндө сүйлөштүк. Мен айттым, “Акыйкатчы институту арыздар менен иштей турган адвокаттык контора болбой, принципиалдык маселелер, концепция, адам укугунун программасы боюнча иштөө кандай болот?” деп ошол маселени талкууладык. Отакар мырза мен менен 5 кишиден турган өзүнүн командасы менен жолугушту. Ал “туура, бирок арыз менен да иштеш керек, арыз да башкы компонент, бирок надстройка катары концепция, адам укуктарын иштеп чыгам дегениңер жакшы. Анткени биз ошондой иштейбиз”, - деп айтты. Бул биринчи маселе. Экинчиси, аппаратты кыскартуу маселесин колдоду. Алар айтат аппарат кичинекей республикага чоң дейт.

Венера Сагындык кызы: Буларда канча киши бар экен?

Турсунбек Акун: Аларда аппарат кичи жумушчулар менен 70-80 киши экен. Официалдуу администрациясы 60 кишинин айланасында.

Венера Сагындык кызы: Кыргызстандачы?

Турсунбек Акун: Кыргызстанда жооптуу кызматкерлер 86, биз эки этап менен кыскартканы жатабыз. Андан тышкары маселе, арыздар менен кандай иштеш керек? Чехиянын кызматы аябай күчтүү уюшулган экен. Анан түрмөдөгүлөр менен иштөө боюнча маселе менен тааныштык. Анан пресса менен, өкмөттүк эмес уюмдар менен кандай иштейт, структурасы менен тааныштык, институттун жумушчуларынын бардыгы менен баарлаштык. Ушунчалык кызыктуу болду.

Венера Сагындык кызы: Чехияда жүргөн кыргызстандык мигранттар бар эмеспи, азыр миңге жетип калдыбы, ошолорго жардам берүү жагынан кандай кызматташса болот экен?


Турсунбек Акун: Мен атайын өзүмдүн өкүлүмдү дагы бекитип кетейин деген оюм бар, Чехияга өзүнчө, Брного дагы эгер мүмкүнчүлүк болсо. Анан ошолор аркылуу, бул өтө чоң нерсе, механизмди иштеп чыгышыбыз керек миграция жөнүндө. Кыргызстандык орус улутундагы мигрантка толугу менен жардам берип, анын проблемасына көп көмөк көрсөткөн экен, ошону айтып берди. Структурасынын бардыгын сурап билип алдык, мигранттар менен иштөөнүн механизмдеринин толугу менен өз ара бөлүштүк. Мындан кийин иштөөнүн концепциясын иштеп чыгалы дедик ушул боюнча.

Венера Сагындык кызы: Андан тышкары Акйкатчы институту Кыргызстан менен Чехиянын акыйкатчылары аркылуу Кыргызстан-Чехия байланышын өркүндөтүү жолдору бар бекен?

Турсунбек Акун: Мен аны иш сапары менен Кыргызстанга келип кетүүсүн өтүндүм. Ал аны кабыл алды, мүмкүнчүлүгүм болсо биринчилерден болуп Кыргызстанга барайын деп. Мындан кийин Акыйкатчы институтунун Чехия менен Кыргызстандын ортосундагы өз ара байланышты күчөтүү боюнча кеңири баарлаштык.

Венера Сагындык кызы: Эмне үчүн Чехиянын акыйкатчысы Прагада отурбай, Брнодо отурат экен?

Турсунбек Акун: Аны дагы сурадык. Анткени Брно юриспруденциянын мекени экен. Жогорку соту мурда Брнодо экен, кийин Прагага көчүп кетиптир. Акыйкатчы институту Брнодо болгондон кийин эми бардык юридикалык институттардын бардыгы Брного келиш керек деп. Мен айттым, мисалы кээ бир парламентарийлер сизди шайлайт, анан менин баламды, кызымды кызматка ал деп суранабы десем, ал айтат, мага жеңил, анткени мен периферияда экинчи шаарда отурам деп. Эгер Прагада отурсам суранмак, проблема түзмөк. Ушул жагынан мага жакшы. Бийликтегилерден алысыраак дейт.

Венера Сагындык кызы: Маегиңизге ырахмат. Ишиңиздерге ийгилик каалайбыз.

XS
SM
MD
LG