Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:44

Адистер Сох проблемасы алда качан эле илимий баасын алып, эми саясий гана чечимден көз каранды болуп турганын айтышууда. Фергана өрөөнүндөгү “анклавдарда тынчтыкка жетишүүнүн кандай жолдору бар?

Сох анклавындагы соңку жаңжалдын айынан азыр Өзбекстан менен чек ара жабык турат. Кыргыз өкмөтү шаршембиде Коопсуздук жана укук тартиби кеңешинде соңку кырдаалды талкуулап, тез арада абалды турукташтыруу боюнча аракеттерди көрө турганын, Өзбекстан менен чек араны тактоо ишин жандантаарын билдирди. Анткен менен, расмий Ташкен Сох эксклавындагы абал боюнча азырга чейин расмий позициясын билдире элек.

Сохтогу кырдаалды узак убакыттан бери изилдеп келаткан адистердин айтымында, бүтүндөй Фергана өрөөнүндөгү "жаңжал тутанышы мүмкүн" делген анклавдар маселеси чукул аракеттерди талап кылат.

Январдын бешинен тарта үч күн бою Баткендеги Сох анклавы, анын айланасындагы кыргыз айылдары эмне болуп кетет деген коркунуч менен жашашты.

Азыр эми ошондогу чыр, эки тараптан тең жаракат алгандар, чек арачылардын жаңжалга аралашып кеткени тууралуу эки жактан тең айыптоолор айтылууда. Бирок жаңжалдын себеби дагы көпкө талкууланаары бышык.

Бул Фергана өрөөнүндөгү конфликттүү анклавдардын статусу так аныкталбай келатканынын бир кесепети болушу мүмкүн.


(Программаны толугу менен жогорудагы шилтемеден угуңуз)


Ушул тапта Борбор Азияда сегиз анклав бар. Алар постсоветтик үч республикага – Кыргызстан, Өзбекстан жана Тажикстанга – тиешелүү аймактар.

Кыргызстанда Өзбекстандын Сох, Чоң Кара Калча, Шахимардон, Таш-Дөбө анклавдары бар. Тажикстандын Кыргызстанда Ворух жана Кайрагач анклавдары жайгашкан. Ал эми Өзбекстанда Сарваксай тажик анклавы, Кыргызстандын Барак айылы анклав абалында жашайт.

Булардын ортосунда алгач делимитация иши 1924-27-жылдары болгон да, ал тушта маселе Москва тарабынан “кайсыл улут каерде көбүрөөк отурукташканына жараша эле” чечилип калган. Ошон үчүн бүгүн эми бул республикаларды эгемен өлкө катары караганда, бири-биринин ичинде коңшулардын анклавдары жаралып калды.

Алардын ичинде окумуштуулар жаңжал эң оңой тутанышы мүмкүн деп Өзбекстандын Сох эксклавын атап жүрүшөт. Буга эмне себеп?

Сохдогу жана анын айланасындагы кыргыз айылдарынын тургундары ортосунда суу, жерди пайдалануу боюнча буга чейин да көп ирет талаш чыкканы белгилүү. Бирок чырдын масштабын алганда жана анын айынан эки жактан тең жабыркагандардын саны боюнча маселе эч качан ушул айдагыдай деңгээлге чыккан эмес эле.



Сохтогу акыркы жаңжалдан кийин эки өлкө тең чек араларын жапкан. Эми ал качан ачылары белгисиз. Кыргызстандын расмий бийлиги жаңжал толук жөнгө салынганга чейин чекти ачпай турганын билдирди.

Бирок чыр учурунда башка жакта болуп, үйүнө кайта албай калган сохтуктардын саны жүздөп саналаары айтылууда. Чек ара жабылганынан бир эле Сохтун эмес, анклавга байланышкан Кыргызстандын 700дөй тургуну бар Бөжөй айылы да изоляцияда калды.

Атын атагысы келбеген сохтук ишкер Ташкенден Сохко азык-түлүк ташый турганын, акыркы ирет алып келген азыгы бир аптага гана жетээрин “Азаттыкка” айтты. Ал чек арадан ары-бери дайыма каттап жүргөндө көргөн азабы тууралуу буларды кошумчалады.

"Бир оор машинеде унду мен жолдо 400 доллар чыгаша менен Сохко жеткирдим. Ундан сырткары, ак май, шекер алып келем. Азык-түлүгүм эми бир апта сатканга жетет, андан ары чек ара ачылбаса, эч жакка чыга албайм. Сохтуктар азыр анклавда тамак-аш бүтсө эмне болот деп, кыжаалат болуп турушат, - деди бул ишкер биздин радиого. - Негизи, Ташкенден тамак-аш алып келүү азап. Жол катар кыргызстандык чек арачыларга акча берип келебиз. Бажы, чек ара кызматтары, милициясы, МАИси, иши кылып, жолдо кимиси токтотсо, баары акча алышат. Сохтон азыр 10 миңдей киши Орусияга иш издеп кеткен. Алар чыгып жатканда да, кирип жатканда да кыргызстандык чек арачылар ар биринен 10 миң өзбек сумунан (5 АКШ доллары - ред.) акча алышат. Эч кандай квитанция беришпейт. Өзбекстандык чек арачылар алышпайт. Азыр мен Фергана облусуна барышым керек, бирок эч жакка чыга албайм. Анткени жол жабык, жолдо машинемди ташбаранга алышы мүмкүн. Коопсуздугукка эч ким кепил болуп бербейт. Сохто бизде баары бар, жашообуз жакшы, бирок башкы проблемабыз – жол. Бизге Өзбекстанга чейин коридор керек".



Соңку жаңжалдын артынан чек араларын эки өлкө тең бирдей жапкан. Кыргыз өкмөтүнүн Баткендеги өкүлү Жеңиш Разаков шаршембиде Кыргыз өкмөтүнүн Коопсуздук жана укук тартиби кеңешинин жыйынына катышкандан соң “Азаттыкка” сүйлөп, “чек ара эң оболу сохтуктардын коопсуздугун камсыздаш үчүн жабылганын” айтты. Анткени, Раззаковдун айтымында, Баткендин сегиз жеринде жергиликтүү эл топтолуп, “сохтуктар чыгымды төлөп беришсин” деген талап коюшкан.

"Ошол окуяга тиешеси жок эле адамдар жабыркап калбасын деп жаптык. Кечээ Фергана облусунун акими менен жолукканда да "Сох анклавынын тургундарынын коопсуздугу үчүн эле жабылып турат, бизде башка маселе жок" деп айттым. Эгер азыр Сохтон Өзбекстандын жараны чыгып, Бүргөндүдө, Айдаркенде кыргыз жарандарынын колуна түшүп калса, жаңжал дагы кайталанышы мүмкүн. Ошон үчүн биз азырынча чек араны жабык кармап турабыз", - деди өкмөттүн өкүлү Разаков.

Ал арада Сохтун айланасындагы кыргыз айылдарынын 300дөй тургуну бейшембиде Баткендеги облустук бийликтин маңдайына нааразылыкка чогулуп, “Бийлик канча убакыттан бери алардын маселесин чече албай жатканын” айтып, эки өлкөнүн тең жетекчилерин, жергиликтүү бийликти да “алсыздык” үчүн айыпташты. Жергиликтүү аксакалдардын бири Пайзилла Халилов: "Бул жерде биз кылымдар бою өзбектер, тажиктер менен тууган болуп жашап келгенбиз. Карапайым элде эч чатак жок. Бул болгону бийликтин, Өзбекстандын да, Кыргызстандын да, бийликтеринин маселени чече албай жатканынын жыйынтыгы".

Ушул Халилов аксакалдын сөздөрүн бүгүн Сохту узак убакыттан бери изилдеп келаткан адистер бышыктап жатышат.

Саламат Аламанов - бүтүндөй өрөөндөгү анклавдардын проблемасын беш колундай билген Борбор Азияда өтө аз адистердин бири. Ал Кыргызстандын чек арасын аныктоо иштерине эгемендик алынгандан бери эле тартылып, Кыргызстандын өкмөтүнүн алдындагы мамлекеттер аралык чек араны тактоо маселелери бөлүмү түзүлгөндөн тарта жетектеп, коңшулаш мамлекеттердин өкүлдөрү менен жүздөгөн расмий сүйлөшүүлөргө катышкан.

Анын айтымында, Сохтун тегерегиндеги проблеманын баары 1920-жылдары анын чеги алгачкы ирет Москвадагы жетекчилик тарабынан чийилгенде натуура бөлүштүрүлүп калганы менен байланыштуу.

“Азыр эки тарап тең проблеманы чечиш керектигин түшүнөт, бирок ар кимиси өзүнүн кызыкчылыгын максималдуу сактап калганга аракет кылып, эпке келгиси жок. Жерди алмашуу деген вариант такыр болбойт. Ал жаңжалды андан бетер күчөтөт”, - дейт Аламанов.

- Сохтун тегерегинде көпчүлүк бөлүгү чечиле элек. Анткени ал боюнча эки тараптын позициясы бири-бирине туура келбей жатат. Бирок биз эмнеге таянышыбыз керек? Советтер союзунун тушунда өкмөттөрдүн деңгээлиндеги бир нече паритеттик комиссиялар иштеген жана алар эки тарапка тең ыңгайлуу болгон сызыкты таап, ошону жобого келтирген эле. Бирок Өзбекстандын Жогорку совети аны кабыл албай коюп, ал мыйзамдашпай калган. Менин оюмча, ошондогу адистер эң эле жакшы чечим табышкан. Эми биздин коңшуларга аны “эки тарапка тең ыңгайлуу” деп ынандырыш керек. Бул үчүн жогорку бийликтердин ортосундагы ак пейил сүйлөшүү, дипломатиялык чеберчилик талап кылынат. Бул маселе эми делегациялардын деңгээлинде чечилбей турган иш болуп калды. Аны эң жогорку саясий жетекчилик гана чече алат. Ошолор бир мунасага келсе гана, ошолор берген буйрук менен маселени чечсе болот.

“Азаттык”: Сиз СССРдин тушунда адистер тарабынан сунуш этилген чечим жакшы болчу деп жатасыз. Анын негизги мааниси эмнеде болчу? Эки тарапка
эмне берет эле?

- Ал кезде анклавдын чек арасы так чийилип жазылган эле, анын чек арасынын туруктуулугуна алып келмек. Ошонун негизинде “Анклав жөнүндөгү” биргелешкен келишимге жетишүүгө негиз болуп бермек. Бүгүнкү күнү андай негиз жок болуп жатат. Эң эле чоң жумуш 1955-жылы аткарылган. Андан кийинки паритеттик комиссиялардын иши деле кайра-кайра ошол чечимге келип, ошону макул көрүштү. Бирок аны ошол учурдагы Өзбек республиканын саясий жетекчилиги кабыл албай, азырга чейин 1924-жылкы сызыкты калыбына келтирүүнү талап кылып жатышат. Ага ылайык, анклав деген маселе жок. Сох Өзбекстандын эле бир бөлүгү катары узун болуп калат (Бүргөндү аймагы Өзбекстанга карайт – ред.).

“Азаттык”: Саламат мырза, эгемендик жылдарында да бул боюнча көп сүйлөшүүлөр өттү. 2002-жылы Кыргызстан Өзбекстанга “анклавдарда жашагандарга транспорттук байланышты камсыз кылып бериши жөнүндө” келишимди сунуш кылганын айткан элеңиз. Ал келишимдин тагдыры кандай болду?

- Ал келишимди Өзбекстан тарап кабыл алган эмес. Алар Сохту анклав деп таанууга каршы болуп, аны 1924-жылкы абалына алып келиш керек деген гана позицияны карманышты. Бул дегени ал жерде анклав болбой калат. Алар бизге: “Сохтун түндүк тарабын толугу менен Өзбекстанга бергиле, биз силердин жарандар Лейлек тарапка өтүшү үчүн Сохтун үстүнөн асман-көпүрө куруп берели, машинеңер да, элиңер да ошол көпүрөдөн өтө берет” деген сыяктуу фантастикалык сунуштарды да айтышкан. Биз ага макул болбодук, жөн гана ишенген жокпуз.

“Азаттык”: Кыргыз тарап анда өзбектерге конкреттүү кандай сунуш айткан?

- Биз аларга: “Силердин анклавдагы эл Өзбекстанга ээн-эркин өтүшү керек. Ал эми силердин аймакта камалып турган биздин жарым-жартылай анклав калыбындагы айылдарыбыздын эли бизге ээн каттаганга укук алышы керек”, - деп, ошондой келишимдин долбоорун сунуш кылганбыз. Өзбекстандык адистер муну туура сунуш экен деп макул көрүшкөн, бирок саясий жетекчилик ага каршы болду.

“Азаттык”: Эмне үчүн?

- Себеби Өзбекстандын чек ара маселелерин чечүүдө эң эле мээлеп турган марасы – Сохтун проблемасын Ташкен койгон талаптын негизинде гана чечиш. Биз ага макул боло албайбыз. Анткени аларга макул болсок, анда Сохтун төмөн жагындагы биздин кыргыз айылдар Өзбекстанга өтүп кетет. Анын үстүнө, 90 жылдан бери биз пайдаланып, биздин жер деп келген аймак аларга өтүп кетиши керек болот. Биз буга эч качан макул боло албайбыз, - деди Саламат Аламанов.

Милитаризацияга "жок"!

Кыргызстандык адистин пикирин Сохту бир топ жыл изилдеген британиялык окумуштуу да колдоду.

Маделин Ривз – социалдык-антрополог, Англияда Манчестер университетинин окутуучусу. Ал 2004-2005-жылдары бир нече ай Сохто жана Баткендин чек арасындагы айылдарда жашап, илимий изилдөөлөрүн өткөргөн. “Азаттыкка” сүйлөп жатып, ал “бул проблемада артка кылчая берген болбойт” дейт.

"Мен анчалык деле пессимист эмесмин. Мен эки өлкөнүн тең жетекчилигинде анклавдар маселесин чечүүгө саясий эрки жетиштүү деп ишенем, эки мамлекет тең өзүнүн аймактык бүтүндүгүн коргоого аракет кылат. Бирок “аймактык бүтүндүк” деп бул өлкөлөр Советтер союзу кулагандан кийинки эгемендик алган учурдагы абалын таанышы керек деген ойдомун, - дейт Ривз. - Анткени, эгерде жерди бөлүштүрүүдө алар эски карталарга, СССР алгач бул аймактын картасын чийген 1920-жылдарга кайта берсе, келечекте азыркыдан да чоң, азыркыдан да оор маселелерди жаратат. Анткени андан берки 90 жылдын ичинде жагдай өзгөрдү, талаштуу аймактагы калктын жайгашуусу, саны өстү. Фергана өрөөнүнүн айрым бөлүктөрүндө элдин саны ошондон бери 10 эсеге көбөйгөн. Сохтун түндүгүндө жаңы кыргыз айыл-кыштактары пайда болуп, эл отурукташышы үчүн жаңы каналдар курулууда. Ошондуктан 20-жылдардагы картага кайтып, Сохтун төмөнкү бөлүгүн (Бүргөндү массивин) Өзбекстандын негизги аймагына кошуп койсо, ал жерде ондогон жылдар бою мыйзамдуу түрдө өз мекенинде жашап келаткан кыргыз айылдары толугу менен Өзбекстанга өтүп кетет да, азыркыдан бетер оор проблемаларды, жаңжалдарды жаратышы ажеп эмес".

СССРдин Атласы, 1928-ж. Бул картада Сох анклав эмес, Өзбекстандын бир бөлүгү катары көрсөтүлгөн жана талаш ушунун айынан чыгууда. Сүрөттү Маделин Ривз тарткан.

СССРдин Атласы, 1928-ж. Бул картада Сох анклав эмес, Өзбекстандын бир бөлүгү катары көрсөтүлгөн жана талаш ушунун айынан чыгууда. Сүрөттү Маделин Ривз тарткан.

Маделин Ривз азыр деле Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосунда Сохтун айланасындагы аймакты делимитациялоо жана демаркациялоо иштери токтоп калбаганын, ал улантылып жатканын айтат. “Бирок машакаттын баары ушу менен эле токтойт деген туура эмес”, - дейт ал.

"Менин жеке оюмда, чек араны так чийип бүтүү, албетте, өзгөчө маанилүү иш. Бирок аны менен эле элдердин күнүмдүк турмушундагы проблемалар чечилип калбайт. Ал жерде суу, жер өңдүү ресурстарды бирге пайдалануунун шарттарын, чек арачылар менен жергиликтүү тургундардын мамилесин жөнгө салыш керек, - дейт окумуштуу. - Соңку чыр дал ошол чек арачылар менен жөнөкөй тургундардын ортосундагы конфликттен тутанганы да көп нерседен кабар берет. Ушундай эле окуя 2005-жылдын май айында да болгон. Бул аймакта аскер күчтөрүн көбөйтүп, милитаризациялоо аракети таптакыр натуура кадам болмок деп эсептейм. Анын ордуна бүтүн Фергана өрөөнүндө түрдүү улуттагы, коңшулаш мамлекеттердин жарандарынын ортосунда биргеликте тынчтыкта жашоонун жол-жобосун, эрежесин ойлонгон жакшы. Демек бул саясий эле эмес, экономикалык да көйгөй болуп турат".

Анын ишениминде, жергиликтүү эл кылымдар бою кантип бирге жашап, аймакта сууну, жерди, жайыттарды бөлүштүрүүнү урушпай-талашпай эле чечип келишкен. “Азыр эми мамлекеттердин ортосунда чек араны аныктоо ишинде жергиликтүү элдин кызыкчылыгын сактап калыш үчүн көп нерсени алардын өздөрүнөн сураш керек, аларды бул ишке аралаштырыш абзел”, - дейт Ривз айым.

Анын милитаризация боюнча пикирин колдогон тажикстандык саясат таануучу Негматулло Мирсаидов өрөөндөгү элдин көп кылымдык тарыхы бар экенине басым жасайт. “Кыргыздардан тажиктер, өзбектер мал алып, кыргыздар, тетирисинче, отурукташкан элдердин буюмдарынан колдонуп, бул аймакта бири-бирине тоскоолдук кылуу болгон эмес”, - дейт ал.

"Маселен, Баткенде жашаган эл өзүнө керектүү буюм-тайымдарды коңшулаш Тажикстандагы Исфара шаарынын базарларынан алып, буюмдарын ошол жерге алып барып өткөрүшкөн. Ал жердеги тажиктер болсо кыргыздар менен жүргүзүлгөн соодадан түшкөн кирешеге жашаган. Ал азырга чейин уланып келатат. Демек ортодогу мындай мамилени эч бузбаш керек. Тилекке каршы милиция жана башка күч органдары кээде жарандарга катуураак мамиле кылып, элди таарынтып алышат. Алар катардагы элдин күнүмдүк турмушуна көп кийлигишпей эле коюшса болмок", - дейт Мирсаидов.

"Саясий чечим"

“Азаттык” менен сүйлөшкөн эксперт-адистердин баары азыр Сохтун, дегеле, Фергана өрөөнүндө конфликттүү деп эсептелген анклавдардын проблемасы бул аймактагы мамлекеттердин саясий жетекчилигинин гана каалоосу, эрки менен чечиле турган маселе деген ойду айтышты.

Кыргызстандын чек арасын аныктоо үчүн коңшулаш мамлекеттер менен далай сүйлөшүүлөрдү өткөргөн Саламат Аламанов “азыр ушундан башка айла жок”, - дейт.

"Мамлекеттик жетекчилик бул боюнча олуттуу сүйлөшүүлөрдү башташы керек. Өкмөттүк делегациянын деңгээлинде бул маселе жылбай калды, себеби алардын милдет-укугуна кире турган иш эмес, бул – саясий маселе, - дейт С.Аламанов. - Демек саясий чечимди кабыл алганга конституциялык укугу бар бийлик гана чече алат. Мен мындан бөлөк жолду көрбөй турам".

“Саясий чечим” демекчи, биз менен маектешкен эксперт-аналитиктердин, окумуштуулардын ичинен бул ойду колдогондордун дагы бири азыр Вашингтондо жашаган өзбекстандык политолог Ташпулат Юлдашев:

"Эгерде Бишкек менен Ташкендин бул маселени чечүүдө саясий каалоосу болсо, Сохтун проблемасын ошол жердеги облус же райондун жетекчилиги да чечип алмак. Ал эмес, андагы элдин өзүнө койсо да, жолун таап алат. Миңдеген жылдар бою бул аймакта ынтымакта эле ийиндеш жашап келген эл акыркы 15-20 жылдын ичинде чырлашып жатып калышты, - дейт ал. - Өзбекстандын ичиндеги кыргыз анклавында да ушундай эле маселе: сууну өз алдынча ала албайт, жайыттарга малын айдай албайт. Ошон үчүн саясий эрк, саясий чечим гана керек. Калганы, маселен, чек ара каерден сызылыш керек деген өңдүү суроолор – техникалык гана нерсе".

Ташпулат Юлдашев азыркы абалдан тезирээк чыгууга, аймактын статусун эртерээк аныктаганга, эмнегедир, Ташкен анча кызыкдар эмес окшойт деген ой жаралып жатканын айтты. “Балким, Ташкен өзүнүн талабын гана аткартууга аракет кылып жатабы? Каалоо болсо эле жолун тапса болмок да”, - дейт өзбекстандык саясат таануучу Юлдашев.

Британиялык дагы бир окумуштуу Ник Мегоран - Англиядагы Нью-Касл университетинин окутуучусу, саясий география боюнча үлкөн адис. Ал учурунда Фергана өрөөнүндө жашаган жана Сохко бир канча ирет илимий иштер менен барган.

Мегоран Сохтогу проблеманы дүйнөнүн башка бурчтарындагы ушуга окшогон ири анклавдардын мисалында түшүндүрүп берди.

"Дүйнөдө анклавдардын жыш жайгашуусу боюнча үч жерди атаса болот. Биринчиси - Бангладеш менен Индиянын ортосундагы анклавдар, экинчиси - Бельгия менен Нидерландынын ортосундагы Барле поселогунда майда чачыранды анклавдар бар, үчүнчүсү болсо – Фергана өрөөнү, - дейт окумуштуу. - Эми аларды салыштыра келсек, Индия менен Бангладештин ортосундагы анклавдарда абал өтө оор. Бул согушка окшогон абал, эч кандай келишим жок. Барледе болсо жалпысынан 29дай анклав бар. Бул жерде эч кандай кыйынчылык жок. Белгияда жашагандар да, Нидерландыда жашагандар да эч кандай кыйынчылыксыз эле мектепке, жумушка, соодага ары-бери каттап жүрө беришет. Бул эки контрасттын маани-маңызы эмнеден кабар берет? Бул дегени – анклавдын маселеси эки тараптуу келишим, сүйлөшүүнү талап кылат дегенди түшүндүрөт".

Ошондуктан Мегоран Фергана өрөөнүндөгү анклавдардагы кырдаалды да эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү күчөтүү менен чечсе болот дейт. Ал эки жолду атады.

- Менимче, Сох проблемасы акыр аягында тынч эле жол менен чечилет. Бирок аны тез арада чечиш кыйын болот. Бул деле түшүнүктүү. Маселен, Канада менен АКШнын ортосундагы чек араны тактоо иши азырга чейин чечиле элек. Алар чек араны аныктоо ишин 200 жыл мурун эле баштаганына карабай, бүгүнкү күнгө чейин сүйлөшүүлөр улантылууда. Негизи эле дүйнөнүн кайсыл жери болбосун, картография, тарыхый жана башка көптөгөн факторлор боюнча өлкөлөр ортосунда мунаса табыш оңой иш эмес.

“Азаттык”: Сохтогудай жаңжалдардын алыш үчүн, кыргыздар менен өзбектер же тажиктер ортосунда Ворухтабы, Шахимардондобу, айтор, ушул анклавдарда жаңжалдарды болтурбоонун кандай жолдорун айта аласыз?

- Менимче, чек ара маселесин Фергана өрөөнүндө жаңжалсыз чечүүнүн эки жолу бар. Бул: өкмөттөр ортосунда чек араны бөлүштүрүү комиссияларынын ишин жакшыртуу жана өкмөттөр аралык сүйлөшүүлөр, экинчиси – ушул аймакты, анын элин жакшы түшүнгөн милиция, күч структураларынын мыкты, гумандуу иши. Чек арачыларбы, милициябы, айтор, күч органдары эки жактагы элди коркутуп, аларды жаңжалга козута турган эмес, аларга сылык мамиле менен тартипти, коопсуздук сактай турган милдетти аркалашы керек. Ушул эки жол менен эч кандай чырсыз эле өрөөндө анклавдар маселесин чечип, аймакта отурукташкан элдин тынч жашоосуна жетишсе болот", - деди Англиядагы Нью-Касл университетинин окутуучусу, саясий география боюнча адис Ник Мегоран.
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG