Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:41

Президент Алмазбек Атамбаев жыл жыйынтыгына арналган басма сөз жыйынында бир катар орчундуу делген маселелер боюнча пикирин билдирип, суроолорго жооп берди. Мамлекет башчынын жоопторуна жана билдирүүлөрүнө саясатчылар, талдоочулар кандай баа берүүдө?

Саясат талдоочу Эмил Жураев:

"Быйыл жыйынтыктоочу эмес, жаңылык айтылган жыйын болуп калды. Мисалы, Жогорку Нарын каскадындагы ГЭСтер, Камбар-Ата ГЭСинин курулушу боюнча буга чейин бир катары эксперттер, экономисттер айтып келген, бирок ачыкка чыкпаган нерсени "балп" этип айтып салды. Бирок бул кадыресе нерседей эле айтылып калгансыды.

Бул долбоорлордун айланасында кандай саясат болгону, кандай келишимдерге кол коюлганы маалым. Эми анын кесепетин эсептеп-талдап чыгуу керек.

Түркия менен Орусиянын тиреши боюнча буга чейин үн катпай келди эле, эми Орусияны ачык колдогон позициясын билдирди. Бул тышкы саясатта “тарс” эткен сөз болду. Ал сөздүн артында эмне жатканын талдоо зарыл. Маалымат жыйында ачык айтылган, ачуу менен коштолгон сөздөр жарыяланды".

Борбор Азиядагы Америка университетинин департамент жетекчиси Медет Тюлегенов:

"Менимче, бул маселени бүгүн талкуулоонун кереги деле жок болчу. Орусиялык учак боюнча окуядан бери көп убакыт өтүп кетти. Биринчи күндөрү же ошол апталарда эч нерсе айтпай, анан азыр коомчулук алдында реакция жасоонун мааниси канчалык? Түшүнүксүз болуп калды. Орусияга, балким, азыр мунун кереги деле жок. Ал эми Түркия менен жакшы мамилелерге, жетекчилери менен болгон жеке байланыштарга жардам бербейт. Проблемадан башка эмнени алып келиши мүмкүн? Бул тууралуу унчукпай деле койсо болмок".

Кыргызстандын мурдагы энергетика министри Картайбек Муканбетов:

“Кумтөр” өтө оор көйгөй. Бул багыттагы маалыматтардын баары ачык болуп кетти. Ким болбосун божомолдорун айтып, алдыдагы ой-максаттарга чейин жарыяланып жатат. Мындай көрүнүш өз кезегинде маселенин чечилишине кедергисин тийгизүүдө. Ошондуктан президенттин ачык көз карашын билдирбегени туура деп ойлойм.

Орусиянын өзү экономикалык кыйын кезеңди баштан кечирүүдө. Украинанын үч облусун багып жатат. Сириядагы кырдаалга да аралашып алды. Андан тышкары Батыш менен Американын санкциялары бир эле Орусияга эмес, биздин экономикабызга да таасир этип жатат. Натыйжада, Кыргызстанга берген убадаларын аткара албай калып, Атамбаев бул жагдайды ачык айтууга аргасыз болду. ГЭСтердин курулушу үчүн башка инвесторлор деле чыгат. Бирок биздеги электр жарыгынын арзан экени аларды тартууга жолтоо болушу ыктымал".

Экономист Жумакадыр Акенеев:

"Президент ГЭСтер маселесине чекит койгон жок. Ал дагы бир нече ай күтө туруу керектигин айтты. "Русгидро" эки-үч айда бир чечимге келбесе, биз башка инвестор издей баштайбыз дегендей мааниде айтты. Бул маселе боюнча ал Орусия президенти менен сүйлөшкөн.

Менимче, бул долбоорго инвестор сөзсүз табылат. Себеби ал абдан кирешелүү. Техникалык-экономикалык негиздемеси даяр, курулушу башталган. Бүгүнкү күндө гидроэнергетика абдан кирешелүү тармак болууда, ал эми электр энергиясынын иштелип чыккан баасы төмөн. Президент CASA долбоору боюнча бизде өндүрүлгөн энергияны Пакистанга жана Ооганстанга экспорттой аларыбызды айтты".

Саясат талдоочу Марс Сариев:

"Президент Алмазбек Атамбаев адаттагыдай эле ачык сүйлөдү. Албетте, Орусия Камбар-Ата 1 ГЭСин жана Жогорку Нарын ГЭСтер каскадын курбайт деп айтканы чоң кызыгууну жаратты.

Мен "Орусия башка себептерден улам ГЭС курбайт" деп айтып келгем. Негизги себеп – Өзбекстан Борбор Азия аймагындагы негизги фигура. Божомолдор мен айткандай эле чыкты, болгону, финансылык себептер. Бирок саясат маселеси негизги орунда турат. Айрыкча орус-озбек мамилеси боюнча...

Экономикалык жактан өтө чоң өзгөрүүлөр болууда. Иш жүзүндө Орусия Евразия экономикалык биримдигинин алкагында ишке ашуучу пландарга ресурсу жок деген сөз айтылды. Ошондуктан Алмазбек Атамбаевдин араб өлкөлөрүнө, Темир Сариевдин Кытайга барганы Кыргызстан жаңы инвесторлорду издеп жатат дегенди айгинелейт.

Менимче, экономикалык жактан көп маселелер Кытай тарапка оой баштайт. Кытай Борбор Азия тарапка активдүү жылып келатат жана бул тенденция, менимче, дагы күчөйт. Темир жолдун курулушу, логистика, Кытайга чыгуу, мунун баары аймактын өнүгүүсүнө алып келет.

Орусия, албетте, Батыштын Борбор Азияда активдешүүсүн каалабайт. Батыштын ресурсу жок. Жакынкы Чыгышта ИМ тобунун коркунучу өсүүдө. Мына ушул өңүттөн алып караганда аймакта Кытайдын экономикалык экспансиясына уникалдуу мүмкүнчүлүк ачылууда. Орусиянын буга каршы коё алчу эч нерсеси жок. Эгер Кыргызстан бул кырдаалдан туура пайдаланып кетсе, аймактагы өнүгүүдөн өз пайдасын көрө алат".

"Прогресс" коомдук фондунун башчысы Адил Турдукулов:

"Алмазбек Атамбаев президент катары маалымат жыйынды жылына бир жолу эмес, көбүрөөк өткөрсө туура болот эле.

Экинчиден, анын көп сөздөрү мени ынандырган жок. Өзгөчө сөз эркиндигине болгон чабуулду өзү баштап, аны көзөмөлдөп, ага айткан сынды көтөрө албай, "керек болсо ошол журналистти сабайм" дегени президентке жарашкан сөз эмес.

Үчүнчүдөн, тышкы саясат, Орусия менен Түркиянын учакка байланыштуу мамилеси тууралуу айткандары, Түркия кечирим сураш керек дегени, албетте, туура эмес болду. Анткени бул биздин Орусиянын гана саясатын колдоп ээрчиме мамлекет болуп калганыбыздын белгиси болуп калды".

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG