Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 20:27

Көрүстөндөгү сүрөтчүнүн кайгылуу дүйнөсү


"Бир адамдын мүрзөсүнө ташты толугу менен бүткөрүү бир аптага созулушу мүмкүн", - дейт Рашид.
"Бир адамдын мүрзөсүнө ташты толугу менен бүткөрүү бир аптага созулушу мүмкүн", - дейт Рашид.

Өлүм - каерде болбосун өлүм, турмуштун бир бөлүгү. Ош мында башка жерлерден айырмаланбайт. “Азаттык” Ошто мүрзөлөр үчүн ташка сүрөт чегип, аны менен элдин күйүтүн басканга аракет кылган адам менен тааныштырат.

Оштун борборунан алыс эмес жердеги базарда Түркияда тигилген кийим-кечектен тарта Кытайдын пластиктен жасалган идиш-аяктары, майда-чүйдө эмеректери жайнайт.

Бул базарда күнүмдүк турмушун көрүстөндөр үчүн ташка ат чегип, сүрөт тартып жан баккан 54 жаштагы Рашидди да жолуктура аласыз. Жубайы Турсуной экөө базардагы эки бөлмөлүү дүкөндөрдүн биринде иштешет. Аялы дүкөндө сатуучу, Рашид болсо кечке така-тук, така-тук сүрөт тартмай менен убара.

Уста тоголок таштын бетиндеги кичинекей темирди ургулап, орто жаштагы кишинин сүрөтүн чегип отурат. Ал кишинин портрети кийинчерээк атайы оюлган калыбына отургузулат.

Рашид паспортко түшкөн сүрөттүн көлөмүндө адамдын элесин калтырыш үчүн бир күн кечке иштейт. Ал ишине 950 сом алат. Андан чоңураактары да бар.

"Мына бул чоңураактарын 4 миң сомго жасайм. А мына мындай эң чоңдору 5 миңдин тегерегинде болот, - дейт сүрөтчү. - Мармар таштан жасалгандары бар. Кара мрамор да бар".

Ошондо бир мүрзө үчүн сүрөт чегилген ташты орноштуруш 100 доллардай болот. Экономикалык кризис, анан былтыркыдай улуттар аралык кагылышты баштан кечирген Ошто ар ким эле мындай сумманы төлөй албайт.

Сүрөтчү Оштогу сүрөтканасынын жанында үй-бүлө мүчөлөрү менен иштейт

Былтыр 470 адам өлгөн уруштан кийин Рашиддин бизнеси жакшы жүрбөй калды. “Азыр баардык эле адамдар жакындарына кадимки мүрзө ташын кое алышпайт”, - дейт ал. Ошондуктан көптөр убактылуу эле сүрөт коюп, кийин акча болгондо аны ташка чектириш үчүн келебиз деп кетишет экен.

Рашид өзү өзбек. Бирок ага таш жасатып жаткандардын арасында кыргызы да, татары да, орусу да, башка улуттардан да бар. “Таш менен иштеген сүрөтчү догдур сыяктуу эле, - дейт Рашид. – Ал эч кимге далысын сала албайт”.

"Мен муну баарына эле жасай берем, - дейт ал. - Түрктөр да, өзбектер да, татарлар да бар. Ар түрдүү таштарды жасайм. Өзүңүз деле карап көрүңүз, христиандардыкы да, европалыктардыкы, биздин региондогу башка улуттардыкы да толтура. Мен баарын жасайм".

Рашид ташка сүрөт чеккенди өзүнүн энесинен үйрөнгөн экен. Адолат апанын сүрөтү азыр эми Рашиддин иштей турган бөлмөсүндө төрдө илинип турат. “Апам учурунда дурус билим ала алган эмес, бирок дээринде болсо керек, канында болсо керек. Биздин баарыбыздын эле ушундай сапатыбыз бар”, - дейт.

Азыр эми Рашиддин алты баласынын баары атасынын жолун жолдоп, ушул иш менен алектенип жатышат. Үч уулу азыр Орусияда мүрзө таш жасап, өзүнчө бизнес ачып алышкан. Калган балдары азыр атасына жардам берип, өздөрүнүн чеберчилигин арттыруу менен убара. “Кенже уулум өзүнүн мектебинде эң мыкты сүрөтчү атыккан, - деп мактанып коет Рашид 8 жаштагы уялчаак баласын көрсөтүп. – Мен көрбөй калганда, темир-тезектеримди уурдай качат”.

Рашиддин сүрөтчүлүк жана скульпторлук жөндөмүн бул иш менен алектенгендердин көпчүлүгү эле жогору баалашат. Ага Самарканд, Бухарадан бери күмбөз жасатып сураткандар болгон.

Рашиддин эмгектеринин бири

Өткөн аптада Ошто былтыркы кагылыштардын курмандыктарын эскерүүдө ачылган монумент тууралуу пикирин сураганда, анын аялы сөзгө кошула калды. “Мен аны көрө элекмин, бирок анча деле жакшы эмес дешет го, - дейт Турсуной. - Адамдар муну Рашид жасаш керек эле дешет”.

“Мен бир нерсеге капа болгондо, жиним келгенде ушул жакка келип алып, колум менен бирдеме жасай берем”, - дейт сүрөтчү. Анын бул бөлмөсүндө түрдүү материалдардан жасалган жаныбарлардын майда бедиздери катарма-катар тизилип турат. “Кээде аялым “Түн болду, үйгө кел!” деп капаланат. Бирок мен баары бир түн ортосуна чейин ушундай майда иштерди жасап отура берем”, - дейт.

Рашиддин иши аны куткарып эле калбастан, бир чети, өтө чоң күч талап кылат окшойт. 54 жаштагы бул кишинин бетин тырыш басып, көздөрү чарчаңкы көрүнөт. Ал өтө эле арык – соңку кездердеги катарма-катар оорулардын натыйжасы болсо керек. Адамдардын күйүтү менен иштөө да оңой эмес.

“Мен ар бир ташта камтылган окуяны, тарыхты билем”, - дейт ал чылымын жандыра. Жанында кайра оңдоого жиберилген беш жашар баланын мүрзө ташы турат. Бул бала сууга чөгүп өлгөн экен.

"Эки жолу инфаркт болдум, үч жолу мээм чайпалган. Бирок колумдан келишинче иштеп жатам, - деди сүрөтчү. - Анткени согуш болобу, тынчтыкпы, айтор, жакындарын түрдүү окуяларда жоготкондор ыйлап келишет, өздөрүнүн окуяларын айтып беришет. Ар бирине дилим ооруйт. Бирок аларды кайрат кылгыла дейм: “Баарында эле кайгысы бар, жашоо өзү ушундай, сабыр кылгыла” дейм. Ошондон да жүзүм картайып, ойчул болуп калдым окшойт".
Кээде Рашидге айрым иштерин жаңылаганга кайтарып келишет. 5 жашында сууга чөгүп кеткен бул баланын сүрөтүн да оңдош үчүн кайтарып келишкен. "Ар бир таштагы сүрөттүн тарыхы эсимде", - дейт ал.
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG